Абийрбек Абыкаев: Үйдөн чыкпай эрдик жасайлы, эшекче жокпузбу, эл-журт!

  • 05.04.2020
  • 3833

Жашоо деген татаал нерсе эмеспи, ал адамды ар кандай шарттарда кандай аракет кылат дегенсип, улам биринен бири оор кыйынчылыктарды алдыга тартып, дем алганга мүмкүнчүлүк бербей сыноосун улантат.

Бул сыноолордон ар түрдүү адамдар ар кандай өтүшөт. Азыркы учурдагы дүйнө жүзүн каптап, чабуул коюп жаткан таажы вирус да ошондой чоң чыноонун бири эмеспи. Бул сыноодон жеке адам тургай, элдер да ар кандай өтүүдө. Бир эл тартиптүүлүгүн көргөзүп, ооруну ооздуктаганга жетишсе, бир эл кызуу кандуулугун ооздуктай албай боо түшүп кырылып жатканына күбө болуудабыз.

“Жатып өлгүчө, атып өл” – дешип, душмандарына тике качырып, эрдик кылып көнгөн, чүйгүн тамагын өзү жебей коногуна каткан меймандос биздин эл кантип жатат? Бул таажылуу вирусуң эрдик кылуунун формасын да, бири-бирибизди сыйлоону да өзгөрт деп жатпайбы. Азыркы шартта үйдөн чыкпай, конок тосмок тургай киши менен сүйлөшпөй, өзүңдү башкалар эле эмес туугандарыңдан да оолак кармоо чыныгы эрдик, чыныгы сый болуп калды.

Ар ким эле эрдик көргөзүп, баатыр боло албайт эмеспи. Ошондонбу, же келип жаткан апаат өтө жакындап, ач азуусун сала электенби, айтор көпчүлүгүбүз мезгилдин койгон талабын так аткара албай, тоң моюндугубузду таштай албай жаткан кезибиз. Бөтөнчө айыл жеринде топтошуп алып, тигил жакта минтип жатыптыр, ал жакта антип жатыптыр деп, таажы вирустун кайдан, эмне үчүн чыкканын изилдеп, жети атасынан бери тактап, өзүбүздүн ажобуздан бери жиликтеп көнгөндөй эле жиликтеп жатабыз, кош колдоп учурашабыз, балдарыбызды дүкөнгө тамекиге жумшайбыз, бет кап кийгендерди көрсөк, хиджаб кийген кыздарды көргөнсүп карап мыйыгыбыздан күлөбүз.

Даабатчыларыбыз дале болсо кудайым өзү сактайт дешип, кой айды укпай далактап көчөдө жүрсө, башка товарды өткөзбөгөн тосмодогулар, аракты эч тоскоолсуз киргизип, ичип көнгөн эргулдар кучакташып өбүшүп, бала-бакырасынын унга деген акыркы тыйынын ичип, баары бир өлөбүз деп жыргап жүрүшөт. Бизге учурда коркунуч туудуруп жаткан таяктын эки башы ушулар.

Бардык нерсе пейилден эмеспи, эмнеси болсо да пейили кенен элибизге бул апаат ылайым эле алы жетпей алсырап, күчү келбей кансырап, жөнөкөй эле көк жөтөлгө айланып калсын деп тилейли. Ошондо да, кудай сактанганды сактайт дейт, сак бололу, элим! Канча жаман болсо да, жакшысын бизге ким бермек, алардын кылгандарын сындап олтурбай өкмөттүн айткандарын так аткарганга аракет кылалы! Көп баскан аяк бок басат дейт. Үйдөн чыкпай эрдик жасайлы! Сулайман пайгамбарыбыздын шакегинде жазылгандай: “Бул күндөр да өтөт”. Ар бир кыйынчылыктан чыга турган жолу боло турганын төмөндөгү уламыш тастыктайт. Анда эмесе, эрмектеп окуп, эшекче жокпузбу, намысыбызга келип, энчибизге тийген кыйынчылыктарды жеңип чыгалы, замандаштарым. Анда эмесе кеттик.

Илгери бир дыйкан адам жашаптыр. Анын чарбасында өмүр бою ак кызматын өтөгөн эшеги болуптур. Күндөрдүн бир күнүндө, карылыгы жеткен эшек көзү көрбөй барып, суусу чыкпай эчак соолуган терең кудукка түшүп кетет. Эшек байкуш жүрөгү түшүп, үнү ай-асманды жаңыртат. Аны уккан дыйкан чуркап келип, бирок ага кантип жардам беришти билбейт. Аны ал жерден алып чыгайын десе, алы жетчүдөй эмес. Жардамга чакырайын десе, кошуналары алыс. Ошондо ал: “Эшек карып, күч бербей калды, чыгарып алган менен андан пайда деле жок, кудук болсо эчак кургаган. Аны азыр көөмп салбасам, өлүгү сасыйт, кайра жаш эшек сатып алармын” деп ойлойт.

Ошентип эшектин үстүнө күрөктөп топурак ыргыта баштайт. Эшек кожоюндун оюн түшүнөт, бирок жан деген таттуу да. Ал тез эле акыл таап, ыргытылган топуракты улам жонунан силкип түшүрүп, буту менен таптап, таптаган сайын кудуктун түбү жапыздап, акыры, кудуктан секирип чыккан экен.

Бул уламыш эмне жөнүндө айтып жатат? Элдин башына да кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болбой койбойт. Келгенде да жалгыз келбей, толкун сыяктуу биринин артынан бири ээрчишип келер. Ошондуктан анын ар бир толкунун – кудуктун ичине көмүү үчүн ыргытылган топурагы деп түшүнбөйлү. Кыйынчылыктарды – булар бийиктикке алып баруучу тепкичтер деп эсептейли. Кыйынчылыктар баа жеткиси тажырыйба берет деп билиңиз! Андай тажырыйбаларды алган сайын жогору көтөрүлүп, адамдык сапатыбыз өсөрүн унутпаңыз! Бул күндөр да өтөт!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз