Азамат Омош: Мандикер

  • 24.04.2021
  • 3445

АҢГЕМЕ

Айтылуу Чынар Терек. Алты адамдын кулачы араң жетчү бул Чынардын көлөкөсү итабар жерге тийбейт. Астында эскиден калган чайкана бар. Мында шам-шум эткени келгендер "прашки" менен ачуу лаздан күчүн чыгарышат. Мен да курсак кампайтып алмакка он пирожки, бир чайнек көк чай, бир пиала толо лаз алып, бош орун издеп жөнөдүм. Пирожки демекчи, бул жердин пирожкиси ичине биртке картөшкө тыгылган чоң боорсокту элестетчү. Бурчта төрт чалдын жанындагы сөөрү бош экен. Барып көчүк бастым. Эми тигилер чал деп деле айтчулар эмес. Алтымыш бештен эми өткөндөр. Бирок көндүм тил менен чалдар деп коёбуз биз теңдүүлөр андайларды.

Бир пирожкини ачуу лазга матырып, бурдай сугундум. Артынан көк чайдан шорулдата ичтим. Маңдайдагы сөөрүдө отурган төртөө мени шектүү карап коюшат. А менин алар менен деле чатагым жок. Эптеп карынды чөмпөйтсөм деген ой. Аңгыча бирөө батылданып, сөөрүнүн үстүнө коюлган чарчы, жапыз үстөлдүн астынан чайнекти алып чыкты. Бошогон пиалаларга кыпкызыл чайдан жарымдан аздан куя баштады. Эмнегедир коньяктын буруксуган жыты "бур-р" дей түштү. А, жетимдер, – дедим ичимден. Баса, жетим деген биздин төл сөз. Кубансак да, кайгырсак да, сөгүнсөк да, ал тургай эбедейибиз эзилип жакшы көрүп кетсек да айта беребиз жетим деп, биз – кара-суулуктар.

Экинчи пирожкини бурдай баштаганда баягылардын бирөө:

– Хожи ака, өзийиз тилак айта койинг, – деди.

Тегерек жүздүү, чокчо сакал, бети кызарып чыккан, жасалма ак сөөк тиштерин жаркылдата кыткылыктаган, төмпөйгөн курсактуусу:

– Нима деймиз, юртимизда интимак болиб, рискимиз бүт болсин. Кани, "чу" дедик, – деди да, пиаланы көтөрүп койду. Калганы аны ээрчиди.

А, жетим, хажы болбой өл, – деп койдум ичимден.

– Бугин жумада имом жа зор мажуза килди да, – деди экинчи чал.

– А, жетим! – деп жибердим эми сыртыман.

Капкара болуп күнгө күйгөн, кетирейген мурундуу, мойлоосу ылдый салаңдап турган, пешенесин бүт бырыш баскан, чекир көздүүсү мени олурая карады.

– Ачуу экен, – дедим пиаладагы лазды көрсөтүп.

– Корасувданмисан? – деди баягы хажы дегени.

"Ии" деп баш ийкеп коюп пирожкини бурдап жатам.

Өзөргүдөй эле болгонмун өзү. Эрте менен "кул базардан" бир сарттын үйүнө барганмын. Төрт саат тынбай жер төлөсүн тазалаганмын. Жер төлөсүндө менден башканын баары бар экен. Ошонун баарын алып чыкканмын. Ал жерге чүчпара түйгөн станок коём дейт. Анан бир морозильник коюп, чүчпара түйүп сатам дейт. Жер төлөсүн тазалап жатып, бу жетим сарттарың бай энеңдурайын деп коём. Ошентип төрт сааттык ишиме алты жүз сом алдым. "Ёшлар" көчөдөн түз эле Чынардын тагиндеги чайканага келдим. Пирожкиси арзан. Ошентип отуруп калгандагым эле.

– Шахрихандын у томани хам Корасувга тегишли эли, Таширип калкознинг раиси Узбекистанга бериб ташаган. Эвазига Тапанияга долаховли солган, – деди хажы.

Аныңдын мага эмне кызыгы бар дегендей пирожкиден сугунам.

– Навирамни каспка бердим, – деди эми өздөрүнчө сүйлөшө баштаган төртөө.

– Сарторашка, – деп койду.

– Мен битта навирамни "Бешкөприктаги" электрикка шагирдликка бердим, – деди үчүнчүсү.

– Киргизлариң рассияга кетишади. Бир йил ишлап, рузгар килай деса пули йетмайди, битта машин апкоюшади. Машина богандан кегин бузилади. Шунга навирамни электрикка шагирдликка бердим. Пул топсин да. Пулни пул топади, давдур кетман чопаду.

Карасам булардын сөзү бүткүдөй эмес. Карт кекирдим да, "омийн оллохакпар" деп дуба кылып, ордуман турдум. Базар жакка баратып, үйдөгү малды сатып, эл катары Москвага барып, иштеп келсем деп ойлоп бараттым. Элден эмнем кем? Качанга чейин ар сарттын эшигинде мандикер болмок элем деп намыстанып да алдым.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз