Токтосун Самудинов: «Чаң баспасын сѳздѳрдү» XIII

  • 27.04.2021
  • 4148

ЧЫГЫР

Жасаш үчүн аксерке
Сорпого айран куюшчу.
ЧЫГЫР делип аталат,
Эгер кошсо – кымызды.

А суу кошсо эмне дейт?
Собол коём сага мен.
Такыр эле кыйналып
Таба албасаң – Аладѳң.

ЖЫЛБЫРСКА

Жаңы тууган козунун
Жүнү кыска – ЖЫЛБЫРСКА.
Жылуу жерге бакпаса,
Кыйын болор бул кышта.

Кокуй, козу ѳлбѳсүн
Азыркыдай убакта!
Же териси жарабайт
Тебетейге, тумакка.

ДҮМҮРЧѲК

Тѳккѳн пулду билинтет
Квитанция – ДҮМҮРЧѲК.

МААРАКЕ

МААРАКЕНИН салты ушу –
Улак тартмай, жамбы атмай…
Чимирилтип чүкѳнү,
Жата калып, ордо атмай.

Ана, куугун жигитке
Кыз баратат карматпай.
Желге этеги желбирейт
Жеңиштеги байрактай.
Эр эңишке түшкѳндүн
Эч кумары – канбастай.
Бийчи болот колдору,
Бир-бирине алдатпай.
Ал аңгыча, бириси
Учуп түштү камгактай.

Ырасмиси дагы бар
Дасторконду жайнатмай.
Кѳз тайгылтат жер жемиш,
Боорсок, курут, каймак май…
Аш үстүндѳ, анан да,
Акындарды сайратмай…

БУРАЛКЫ

Мал арыгын кѳргѳндѳ,
Ѳлѳт деген ой кетет.
Жакшы бакса – оңолот,
Ал – БУРАЛКЫ кой дешет.

Бир жолу эмес, миң жолу
Эл кебине бой сунам.
Айтылгандай макалда:
«Кой семизи – койчудан».

ДҮҢГѲ

Дѳңдѳгү чий түбүндѳ
Кумурскалар үймѳлѳйт, -
Десем, кары чоң энем:
- Кыргызчалап сүйлѳ, - дейт.
Чий тамырын дүпүйгѳн
Илгеркилер – ДҮҢГѲ дейт.

МАҢГЕЛ

Адыр менен колотто
Чѳп ѳсүптүр бедедей.
Катар түшүп жѳнѳсѳк,
Тасырайды телегей.

Ким билиптир мындайды,
Жоон ѳзѳк куурайды
Оруш үчүн – чалгы эмес,
МАҢГЕЛ керек турбайбы.

Бара жатсак айылга,
Бир чал чыкты алдыдан.
- Ал орокту усталар
Жасайт, - деди, - чалгыдан.
Балта жыйнап, чот жыйнап,
Камбыл болот карган жан.
Жаман темир айлансын
Ѳзүңѳрдѳй балдардан.

Бербей койсом, болбостур,
Калыпсыңар карайлап.
Устарадай курчуткам,
Урунгула абайлап.

КѲЛБѲГҮ

КѲЛБѲГҮ деп аташып,
Кесе сунчу баланы
Эл ичине илгертен
Жоро-бозо тарады.
Ичкиликке жан жолдош
Илдет экен а дагы.

ТУМСАК

Жооруган кол карматпай
Турдук, кандай кылсак? – деп.
Шылдыңдашты чѳпчүлѳр
Шаардыктар ТУМСАК деп.

Аныбызга карабай,
Атаандаша чѳп үйдүк.
Айыл элин ардантып,
Алда канча кѳп үйдүк.

МАЙМЫЛЧА

Жандыктардын балдары
Бир топ, бир топ санасаң.
Музоо, кулун, бѳлтүрүк,
Күчүк, тайлак, балапан…

Бул тизмени нарыга
Дагы узартып кѳрѳлү.
Калтырбайлы унутта.
Мый, торопой, жѳжѳнү.

Керте дешет илгертен,
Бала кезин кериктин.
Эсебиңе кошо жүр
Чаарчыгын – эликтин.

А баласы маймылдын
Башыңды эгер маң кылса,
Сѳздүктѳрдѳн издебе,
Анын аты – МАЙМЫЛЧА.

КҮРЖАЙЛОО

Эгер жайлоо дегенге
Сѳз кошулса – КҮР деген
Кандай маани берерин
Балдар бардыр билбеген.
Аны – жер деп түшүнсүн
Мал туягы тийбеген.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз