Токтосун Самудинов: «Чаң баспасын сѳздѳрдү» XII

  • 28.03.2021
  • 3354

КАЙКАЧ

Кашаа белги сыяктуу
КАЙКАЧ болсо бармагы,
Эл макалын эске алып,
Иштүү дей бер – анда аны.

ДААКЫ

Далай-далай жандыктын
Жазда жүнү ѳзгѳрѳт.
Оозубузга ошондо
ДААКЫ деген сѳз келет.

АЛАДҮҢ

Жүгѳрүнү, буудайды
Жетиле элек кезинде
АЛАДҮҢ деп айтары
Боло жүрсүн эсиңде.

Мүлдѳ ѳсүмдүк, мүлдѳ эгин
Быша койбойт бир күндѳ.
Демек, сүтү тартылып,
Аз калганы дүмбүлгѳ.

НАРЫН

Капустадан, сабизден
Болбой анча кабары
Эт-аш, айран, сүт экен
Тоолук элдин тамагы.

Тамшандырбайт кимдерди
Курут, кымыз, эжигей…
Жуурат менен чоңойдук
Танбай дагы, жерибей.

Санжыралуу санат кеп
Сапар алган кыйырдан.
Кулагына балдардын
Кумдай  болуп куюлган.

Бирок, бүгүн жаштарга
Дооматтарым кѳп менин.
Унуткарып барабыз
Бабалардын сѳздѳрүн.

Биз мактаган «Беш бармак»,
Кечээ чыккан кеп экен.
Накта тегин эскерип,
«НАРЫН» десек эп экен.

КЕЗГИН

Эл кыдырып, жер кезсе –
Болот анда саякат, -
Дешип, кыздар-балдардын
Баары менден талашат.
Бирок, КЕЗГИН деген сѳз
Унутулуп баратат.

НААЛ

- НААЛ кагып коюптур,
Тык-тык этет такасы, -
Десем, балдар күлүштү:
- Айткан да чоң атасы.

Бирге окуган досторум
Муну туура сезишти.
Бейшен атам бир кезде
Болгону чын, ѳтүкчү.

МАЙИН

Масалбектен сурасак,
МАЙИН адам кандайын.
Азилиби, чыныбы?..
Ал кѳрсѳттү бармагын.

- Таарынтпайын силерди,
Макул, анда, досторум.
Кичине сѳз болсо да,
Ортоңорго кошконум.

Билесиңер ѳзүңѳр,
Адам барын ар кандай.
Бири – зыкым, а бири –
Кең дасторкон жайгандай.

Туйганыңар бар чыгар
Дагы мындай мүнѳздү:
Элестеткен ар качан
Назик, жумшак жибекти.

Андай адам эзели
Залимдикти эш тутпайт.
Эч убакта оозунан
Одоно, орой сѳз чыкпайт.

ТУКУР АТ

Аргымактын адаты - 
Тизгин каксаң, учурат.
Арабага чегилген
Карылуу ат – ТУКУР АТ.

Айылдагы жумушка
Андан башка жарабайт.
Омуроосун жоорутуп,
Аңга, дѳңгѳ карабайт.

ЧЕКСЕ

- Аптечканын ѳз атын
Азыркылар эстебейт, -
Деп, жылмайды чоң атам,
Аны кыргыз – ЧЕКСЕ дейт.

Жарабас иш – эскини
Такыр унут калтырыш.
Бул буюмду кастарлап,
Дары-дармек салчубуз.

ТОРУК

Жар чакырып жалпыга
Баалуу буюм сатылды.
Алчу кардар кѳбѳйүп,
Анын наркын ашырды.

Ар ким айтты ѳз баасын
Алдыңкыдан озунуп.
Жеткиришти далайга
Мына ушинтип отуруп.

Кызык ѳтѳт дуулдап
Аукцион – соодасы.
Эки жакка бипбирдей
Тийет дешет пайдасы.

Илгери да бул ѳңдүү
Соода-сатык болчу экен.
Аны тоолук элибиз
ТОРУК дешип койчу экен.

Академик абабыз
Минейин деп эрте-кеч
Эл аралык торуктан
Сатып алды «Мерседес».

КѲПЧҮК

Илгери бир ишмечи
Алыс кеткен атагы
Ээр үчүн тууралап,
Чакан тѳшѳк жасады.
Кийинкилер билсин деп,
Аны – КѲПЧҮК атады.


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз