Токтосун Самудинов: «Чаң баспасын сѳздѳрдү» IX

СУЙСАЛ

- Келин-кесек чачына
Байлашчу эле СУЙСАЛДЫ.
Азыр баарын унуттук, -
Деп, карыя сумсайды.

Абышканын кебинде
Токсон тогуз чындык бар.
Айыл элин кѳп жылы
Ак калпакка кылдык зар.

Дагы далай нерсени
Кѳз алдыма келтирдим:
Такыясын – кыздардын,
Элечегин – кемпирдин.

Шыңгыр үнүн эшиттим
Чач учтуктун – суйсалдын.
Жакындаган дүбүртүн,
Жигит минген тулпардын.

Суроо коюп ѳзүмѳ,
Терең ойго түшѳм мен.
Кѳрѳбүз го буларды
Жүрѳ-жүрѳ музейден.

ДЕСОРОМОЛ

Айланасы саймалуу
Окшойт гүлдѳр эккенге.
Алакандай кол жоолук
Жүз аарчы дейт, кѳп жерде.
Элестеттим мен аны –

ДЕСОРОМОЛ дешкенде.

КАНАР

КАНАР мүшѳк – бул ѳзү
Буюм эмес кичирээк.
Ага – пахта саларын
Айрым балдар түшүнѳт.
Кѳтѳрүшѳт ордунан
Араң үч-тѳрт кишилеп.

ЧООМ

Биз – бешѳѳбүз, болгону –
Бир тор, алты кайырмак.
Сѳѳлжандан бир челек
Алдык кечээ дайындап.

Эчен жылы урунуп,
Эскириптир торубуз.
Кайырмак десек, мындан да
Болбой калды жолубуз.

Бир абышка нараакта
Билбейм, бизден кыйынбы?..
Далай балык кармады
Чегип коюп чылымды.

Бул карыя сыяктуу
Балыктарды ким алдайт?
Анын соккон торуна
Кирген – кайра чыгалбайт.

Жаш чырпыктан жасалган,
ЧООМ делип аталган
Торду албасак – болбостур
Эми кѳрсѳк базардан.

КѲК КЫЛТЫР

Эзелкинин сѳздѳрүн
Үйрѳнѳсүң элеттен.
КѲК КЫЛТЫР деп коюшат,
Суу кошкон сүт дебестен.

Жаңы сааган ынак сүт
Жанга пайда кѳп берет.
Кѳк кылтырдын адамга –
Жагымталы жок келет.

ТЫКЫР

Жылдагыдан башкача
Быйыл карышкыр күч болду.
Жара тартты бир түндѳ
Бир короодон жүз койду.

Мылтыктарын октошуп,
Мергенчилер аттанды.
Бѳрү келчү жерлерге
Биз да салдык капканды.

Жаңылыштык кѳп кетет
Шашылышта – ТЫКЫРДА
Ошондуктан дайыма
Ѳтүк болсун бутуңда.

Касташканын качырган
Кадим согуш башталды.
Койбой түгѳл кыдырдык
Коңул менен жапсарды.

Күндѳ кечте улуган
Бѳрү жаагы жап болду.
Козусу аман, кою аман
Койчу кѳѳнү шат болду.

КЫМКАР

Аздан-аздан айлана
Ак шайыга чулганды.
КЫМКАР – дешип коюшат
Жука жааган бул карды.

Кадамыңды шилтесең,
Майдай жумшак таманга.
Чалып жыкма сыры бар,
Ошондуктан абайла!
Борошодон, бороондон
Бул келгени – кабарга.

ЧЕЛПЕК

ЧЕЛПЕК деген – чоң кыштак
Кѳл боюнан кезигет.
Башта муну ойлопмун
Бѳтѳн элдин сѳзү деп.

Табылгамдан, олжомдон
Бѳлүшѳйүн сага да.
Ѳз тѳркүнү бул кептин –
Майга бышкан калама.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз