Токтосун Самудинов: «Чаң баспасын сѳздѳрдү» VI

  • 06.11.2020
  • 3305

ДАҢГЕСЕ

Карыш салса кабагын
Апасы: - Отун жар! – десе,
Чарчадым деп оюндан
Жатып алып, нан жесе,
Бүгүн жүрсѳ аткарбай
Берген сѳзүн ал кечээ,
Андай жалкоо баланын
Элдеги аты – ДАҢГЕСЕ.

КЕТЕЧИК

Кыз-келиндин мойнунан
Кылакташып жасанган
Кѳрдүм кооз баштыкча
Кѳркѳмдѳлүп жасалган.
Кѳрсѳ, буюм турбайбы
КЕТЕЧИК деп аталган.

Десем, аным тууралуу
Балдар койду суроону.
А чынында, кетечик
Азыркынын – кулону.
Ишчи кыздар берчү экен
Мындай сонун ыроону.

САРА

Кѳз кубантат, карачы!
Кара-Коонун талаасы.
Эккен эгин дүркүрѳйт,
Эзелтен – жер САРАСЫ.

КЫРЫМ

Алыс болсо ѳтѳ эле
Жер түбүнѳ барабар.
Аны – КЫРЫМ дешчү экен
Эзелки ѳткѳн бабалар.

Ага башын оорутпайт
Азыркынын адамы.
Жакын кылган алысты,
Самолёттун заманы.

ЖОГДОР

Чынында эле аз экен
Тѳѳ тууралуу билгеним.
ЖОГДОР дештин ордуна,
Желкедеги жүн, - дедим.
Унуталбайм балдардын
Ошондо бир күлгѳнүн.

АЙБААЛЫ

Кызыл кулак Молдаалы
Кѳп табам деп пайданы
Кара жанын карч уруп,
Кайда гана барбады.

Кебетесин карасаң,
Кудум эле АЙБААЛЫ, -
Дегенди угуп, таңгалдым,
Кепти айтат деп кайдагы.

Намыс эмес, чынында
Билбегенин сураган.
Эмилбекке кайрылдым,
- Эмне дейт деп бул адам.

- Биле жүр деп, - мындайды
Мыйыгынан жылмайды.
Айбаалы деп, кадимки
Жааны айтышат турбайбы.

МАЙМЫНЖАН

МАЙМЫНЖАНДЫ кээ бирѳѳ
Бүлдүркѳнгѳ окшоштор.
Орусчасын сураса,
Ежевика деп котор.

Маймынжанга башында
Кѳңүл бурбай жүрчү элек.
Тоо койнунда токойдон
Терип келип бир челек,
Таламайга салганда,
Кѳбү калды арманда.

КЫЗЫЛЫШТАН

Кѳргүң келсе кызыгып,
Парандалар мекенин
Дабышына токойдун
Кулагыңды тѳшѳгүн.
Кумарыңды кандырат
Мукам кайрык, нечен үн.

Күкүк, булбул кошулса,
Штраус вальсындай.
Бабырган да бир жактан
Гүү-гүү этет тартынбай.
Кыл кыягын күүлѳшѳт
Чегирткелер, ал тургай.

Багыш-бугу таң эртең
Обон созот зоңкулдап.
Бульдозери бул жердин –
Каман жүрѳт коркулдап.
Кѳзѳп кирет даракты
КЫЗЫЛЫШТАН – тоңкулдак.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз