Токтосун Самудиновдун «Чаң баспасын сѳздѳрдү» аттуу эмгегинен IV

  • 01.10.2020
  • 3015

КЕЛТЕЧЕ

Жер казганга кантсе да
Жеңсиз күрмѳ ыңгайлуу.
Аны кемпир-кесектер
КЕЛТЕЧЕ дейт турбайбы.

Куруучуга – комбинезон,
А койчуга – тон чыгар…
Келтечени бу күндѳ
Кѳп кийишет жолчулар.

БОРУК

БОРУК камыш – жаш камыш
Оңой экен оргонго.
Ушинтип да коюшат
Кой эки жаш болгондо.

КАМДЕС

Аңчылыкка кѳнбѳгѳн,
Аламандап, шашылат.
Ошондуктан андайдын
Огу – жаздым атылат.
Болгончокту каниги
КАМДЕС мерген атыгат.

ЖИПКИЛЕН

Кеч байкалбай киргендей,
Кетет мезгил алмашып.
Чыккан чѳптү кылтыйып,
Калат эми кар басып.
ЖИПКИЛЕН дейт эл аны,
Жазда, күздѳ малга азык.

КЕМЕНЕК

Боз кийизден жасалган
Кайран кийим – КЕМЕНЕК.
Сездирбейсиң жамгырды
Турсун мейли себелеп.

Ыңгайлуу да, жеңил да
Ак калпагың сыяктуу.
Эгер мурда кѳрбѳсѳң,
Элестеткин плащты.

НАРПОС

Кыш кыроосун тоготпойт
Кыртыштанган денеси.
Сырты комсоо болсо да,
Жемиштердин тѳрѳсү.

Миң сан кызыл мончоктой
Ичиндеги данын айт.
Абалтадан аңыз бар:
Аны жеген – карыбайт.

А кабыгы анардын
НАРПОС делип аталат.
Андан болсо – ѳңү ѳчпѳс
Сары боёк жасалат.

АБЫЛГАЗЫ

Элеттеги балдардай
Шайман атын кѳп билгин.
Казыкчасын соконун –
АБЫЛГАЗЫ деп жүргүн.

Кээ бир жерде коюшат
Мындай атты адамга.
Бекем, балбан, эмгекчил
Болсун дешкен ал анда.

САРЫНЖЫ

САРЫНЖЫНЫ кийгенин
Кѳп угабыз жомоктон.
Ал – жаштарга ылайык
Жарашыктуу чолок тон.

КАКСОО

Замбил, күрѳк колго алып,
Ташын бирден тербесек,
Камчы саптай суусу жок
КАКСОО жерге эмне ѳсѳт?

Эмне ѳсѳт деп отурбай
Арык чаап, суу салдык.
Алма гүлүн ачканда,
Анан гана тынч алдык.

ЖЕКЕЙБОЗ

ЖЕКЕЙБОЗУН бат кийип,
Желдей күлүк ат минип,
Найза сунуп – ашырып,
Касташканын – качырып,
Элин жоодон коргогон
Баатырларды ойлоном.

КАРСКАН

Жасаш үчүн бочкеге
Темир кырчоо – КАРСКАНДЫ
Соктум далай чоюлуп,
Сом балканы – барсканды.

Карскан мыктап кыспаса,
Карагайдын адаты –
Күн нурунан кагжырап,
Биригишпейт арасы.

САГЫРА

Айтып калат чоң атам:
- Баштан кѳптү кечирдик.
Сансыз азап тарттырды
САГЫРАЛЫК – жетимдик.
Адал жүрүп, ак иштеп,
Акыр түбү – жетилдик.

АШЫРКЫ

АШЫРКЫ ѳлкѳ дегенге
Баш катырдым таңды кеч.
Кѳрсѳ, бул сѳз турбайбы
Алыскыга маанилеш.

Жапония, мисалы,
Биздин жерден канча алыс.
Демек, аны ар качан
Ашыркы деп айтабыз.

БУРЧАК

- Эмнеликтен аркандын
Ар жеринде илмек жип? –
Деп сурады бир бала,
Болот дечи билбестик.
Козуларды байлачу
Бул – БУРЧАК деп үйрѳттүк.

КУШКАТ

Сулуу тартып тамганы,
Мѳлтүрѳттүм баятан.
- Мына ушундай жазганың
КУШКАТ, - деди чоң атам.

Кооз, кѳркѳм жазганга
Жаш чагынан кѳнүгѳт.
Колу сулуу ал адам –
Каллиграф делинет.

ТЕЛКИ МЕНЕН КУРАН

Бул татына жандыкты
Жалпысынан – элик дейт.
Бакырайтып кѳздѳрүн,
Чѳп бүрлѳрүн терип жейт.

Конфет сунуп чакырсак
Элик эне – ТЕЛКИНИ
Мен да барам дегенсип,
Чаарчыгы ээрчиди.

Натуралист Нураалы
Баккандардан сурады:
- Апкелинбей калганбы
А эркеги – КУРАНЫ?

Айтты бири жылмайып:
- Ага достум, шашылба.
Зоопарк кура баштайбыз
Аман болсок жазында.

ЭБЕЛЕК

Чатырга урган мыктарым
Бир да чыгып кѳрѳлек.
Кармап турат анткени,
Башындагы – ЭБЕЛЕК.

Шифериңдин шамалда
Каалайсыңбы учпасын…
Анда, сен да пайдалан
Эбелектин кызматын.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз