Токтосун Самудиновдун «Чаң баспасын сѳздѳрдү» аттуу эмгегинен III

  • 21.07.2020
  • 3227

КѲЛҮК

КѲЛҮК деген түшүнүк
Жүк жүктѳлчү, же минчү
Кадимки эле ат, ѳгүз…
Арабага чегилчү.

Ар адамга чынында
Алыс жолдо – ат шерик.
Учурашат андыктан
«Аманбы деп ат-кѳлүк?!»

ЖУЛУКЧУ

Билет окшойт бул адам
Беш-алты мык урганды.
Теменени сая албай,
Тердеп-тепчип кыйналды.
Ѳтүкчүнүн жаманы –
ЖУЛУКЧУ дейт мындайды.

АПАЙ БЕТ

Тоонун боору кыргызда
Не деп гана айтылбайт.
Күндүн мурду жылт этсе,
АПАЙ БЕТКЕ кар турбайт.

Ага чыккан кызыл гүл
Алоолонот чок болуп.
Айыбы бар немедей
Бирок, калат тез солуп.

КЫСЫРАК

Байтал бээнин кыргызда
Башкача аты – КЫСЫРАК.
Кысыр эмди жылкынын
Кулк-мүнѳзү кушубак.
Байкабасаң мингенде,
Баш кийимиң учурат.

АРЧЫ

Каникулда, жайында
Тѳр жайлоого барганмын.
Биринчи ирет ѳмүрдѳ
Майын жедим айрандын.

Ширин таттуу ал майды
Ата-бабам АРЧЫ дейт.
Оозандырыш барганга,
Байыркы элдин салты дейт.

Шекер, шербет, бал да бар
Менин дагы үйүмдѳ.
Бирок, ошол арчынын
Даамы жүрѳт тилимде.

ЫЛАА

- Уй байлачу мамыда
Ылаалаган ат турат.
Минип алып, ойной бер,
Ары-жери чапкылап, -
Деди, кары таятам
Мага карап үңүлүп.
Угаар замат бул кепти,
Кеттим абдан сүйүнүп.

Күн нуруна чагылат
Тулпарымдын туягы.
Күмүш тамчы капталдан
Жерге «жылт» деп кулады.
Анан, мага айткансыйт:
«Адам, сенден суранам,
Алыс-алыс кетели
Чымындардан – ЫЛААДАН.
Мѳл булакка жетели
Тоодон тѳмѳн кулаган.
Жашыл шибер кечели
Гүл аңкыган кыядан»…

СУПСУН

Кѳйнѳк-кече жуугандан
Калган сууну СУПСУН дейт.
Анын ѳңүн агартпай,
Шашма балдар «бүттүм» дейт.
Кир чыкпаса кийимден,
Түсү ѳчѳѳрүн түк билбейт.

КѲЗҮЛДҮРҮК, САРАПЧЫ

«Алкагы бар алтындан
КѲЗҮЛДҮРҮК тартынган».
Кѳрсѳ, бул сѳз турбайбы
Кѳз айнек деп айтылган.

Жаңы жааган жаш кардан
Кѳз кардыгып, жаш алчу.
Кѳзүлдүрүк ал кезде
Кылдан тордоп жасалчу.
Кѳзгѳ тартчу бул буюм –
САРАПЧЫ деп аталчу.

БУРАДАР

Кандай шартка кабылып,
Кандай күндѳ болбосун
Жакшы жигит таштабайт
БУРАДАРЫН – жолдошун.

ШАЙЫН

Кадак ташын салбасаң
Токтобогон ойдолоп
Таразаны асылма
Айылда али колдонот.

Ушу менен ѳлчѳшѳт
Эт, картѳшкѳ, буудайды…
Бир граммды алдабас
Адил курал турбайбы.

Кызмат кылат жаңылбай
Жүз жыл деле калыбы.
Ийилбесе, сынбаса
Кош ийини – ШАЙЫНЫ.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз