Токтосун Самудинов: «Чаң баспасын сѳздѳрдү» VIII

  • 15.12.2020
  • 3992

ЖАБАГЫ

Аргымакка айланар
Келген кезде баралы.
Артта калар куюндап,
Айдың талаа шамалы.
Азырынча алты айлык,
Демек, анда – ЖАБАГЫ.

КЫЛМАЯ

Ѳскѳндүктѳн күн кѳрбѳй
Алсыз, купкуу сабагы.
Кылдай ичке болгон соң,
КЫЛМАЯ дейт эл аны.

Таңда эртелеп ойгонуп,
Таңгалталы торгойду.
Чоюп, керип денени,
Гимнастика ойнойлу.
Кѳлѳкѳдѳн чыкпаган
Кылмаядай болбойлу.

САЯТЧЫ

Кош оозду асынып,
Кошо ээрчитип тайганды
Мергенчи дейт, аңчы дейт
Аң уулоого барганды.
Куш кармаса тор менен,
САЯТЧЫ дейт андайды.

ЖЕБЕКАНА

Капыс кирген душмандан
Болсун дешип журт эсен,
Кароол үчүн атайы –
ЖЕБЕКАНА курчу экен.
Келаткандын кабарын
Андан айтып турчу экен.

Окшоп кеткен кадимки
Тал башында уяга
Азыр да бар аскерде
Андай кароол мунара.
Барам десең байкатпай,
Бул – курулай убара.

КЫНЖЫ

Ажаан чыкса дѳбѳтү,
Адамды аттан кулаткан
Айла тапты ага да –
Адис уста Ниязкан.
Тумшугуна кийгизди
КЫНЖЫ жасап жыгачтан.

Арсылдаган неменин
Азыр – оозу ачылгыс.
Коркпой ѳтүп жанынан,
Баарыбыз тең баатырбыз.

ДОЙБУ МЕНЕН ЧАТЫРАШ

Эзелтеден келаткан
Элибиздин оюну кѳп.
ЧАТЫРАШ - дейт шахматты,
Шашкини айтат – ДОЙБУ деп.

КАМЕК

Күз маалында бакчадан
Дарбыз, коон тандадым.
Шириндерин биле албай,
Улам бирин кармадым.
КАМЕК дешет турбайбы
Бышпай, чийки калганын.

ЖУТКУУР

Абайлагын, сак болгун,
Араң турат чапканы.
Кокуйлатчы түрү бар
Колдору шок шашманы.
ЖУТКУУР дешет аңчылар,
Ал – кундуздун капканы.

КЫТАТ

Сүрѳтчүлүк мелдешке
Катышышты кѳп балдар.
Портретчи – кээлери,
Кээси – пейзаж тарткандар.
Аламандап чала иштеп,
Арасында шашкан бар.

Кагаз алдык бир күнү,
Ак жери жок кылайган.
Баштан-аяк бетине
КЫТАТ боёк шыбалган.
Белгилептир четине
«Боталиев Кубандан».

Жазуу жүрѳт артында
Ага бурсак кѳңүлдү:
Тарттым, - дептир, атайы
Кадимки эле негрди,
Уурдап жаткан түнкүсүн
Үйүп койгон кѳмүрдү.

ЭРДѲѲСҮ

Тамак турчу идиштин
Кыры дебейт, шашпагын.
Туура болот чынында,
ЭРДѲѲСҮ деп айтканың.

Мисал үчүн керденге
Кол чаначтан кымызды
Эрдѳѳсүнѳ жеткирип,
Сыйпалата куюшту.

ШАЛЧА

Чоң энемдин оозунан
Кеп үйрѳндүм канча кѳп.
Палас десем, жылмайып,
Ал оңдоду – ШАЛЧА деп.

Кѳп убакыт коротуп,
Колдо токуйт шалчаны.
Айылга да, шаарга
Азыр палас таркады.

ЖАНАЯК

Кызык адам эң эле
Чоң атабыз Качыбай.
ЖАНАЯККА бир кезек
Ийлеп кирет насыбай.
Ѳзүнчѳ анан сүйлѳнѳт:
«Баштагыдай татыбай,
Эмне болду, капырай?!»

КЫМЫРАН

КЫМЫРАНДЫ түшүнбѳй,
Бул эмине сүт десем,
Кѳрсѳ, кедей байкуштар
Сууну кошуп, жутчу экен.

- Алыс калган күндѳрүм
Али жүрѳт эсимде.
Боор тарткан эч ким жок
Мендей шордуу жетимге.

Кымыранды кѳп ичтим
Ачарчылык кезинде, -
деп, эскерсе чоң атам,
Жаш кылгырат кѳзүмдѳ.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз