Токтосун Самудинов: «Чаң баспасын сѳздѳрдү» VII

  • 26.11.2020
  • 4150

ДѲРБѲЛЖҮН

Жылдар чубап ѳтүптүр
Сапарындай кербендин.
Ал кездерде шырдакты
Аташчу дейт – ДѲРБѲЛЖҮН.

ЛѲК

Мээ кайнаткан ысыгы
Кумдуу чѳлдѳн кездешет.
Нечен күндѳп жол басып,
Сууну самайт кез-кезек.
Жүк жүктѳѳрдѳ, минерде –
Буйрук берип, «чѳк!» дешет.
Сыңар ѳркѳч бул тѳѳнү
Билбесеңер – ЛѲК дешет.

ЖЕЛПИРҮҮН

Апам буудай сапырса,
Кекиресин терчүмүн.
Желпий берип табакты,
Жел үйлѳтүп берчүмүн.
Ошондуктан, эл ага
Ат коюптур – ЖЕЛПИРҮҮН.

КАКСОО

Таштак, кумдак жер болсо,
Жамгыр менен жашарат.
Суу кѳрбѳсѳ таптакыр
Анда – КАКСОО аталат.

Керимселдүү талаага
Кубанычтуу күн тууду.
Соко тишин кѳрбѳгѳн
Жердин бети жыртылды.
Боз топурак түздүктѳр
Гүлзар болуп кулпунду.

МИСБЕК

Отурганбыз үйүндѳ
Атагы ашкан аңчынын.
Мактап кирди карыя
Тайган, кыргый, барчынын.

Баяндады башынан
Бала кезин, жаш чагын.
Бардеңкени биринчи
Кантип кармап атканын.

Колундагы куралы
Болуп жалгыз шериги
Талаа, түздѳ, тоо, ташта
Ѳткѳн экен ѳмүрү.

Муңайды анан: Балдарым,
Жашоо калды МИСБЕКТЕЙ.
Ажал, азап дегендер
Ѳзү табар издетпей.

Эмне эле деп кыйналдым,
«Мисбек» делип аталган.
Эске түштү – тиш чукуур,
Куу арчадан жасалган.

КАЛЫ КИЛЕМ

Чоңдугуна, түрүнѳ
Сугу түшсѳ кѳргѳндүн.
Жаңылбайсың сен анда,
КАЛЫ КИЛЕМ дей бергин.

Килем экен ушундай
Кан куданын бергени.
Тартабыз деп дубалга,
Канча бала тердеди.
Илип койсо, бир үйдүн
Капталын бүт ээледи.

ЧАРАПЗАЛ

Кээ буюмдун атында
Ырас, айрым талаш бар.
Мисал үчүн, түштүктѳ
Маки деген – ЧАРАПЗАЛ.

Куйма кулак ѳспүрүм
Сѳздү ушинтип үйрѳнѳт.
Чаң киргизбес ичине
Чарапзалга – кын керек.

ЭРТЕГИ

Жомок башы: «Илгери…
ЭРТЕГИДЕН»… башталат.
Кызый-кызый келгенде
Алыс жолго чапкан ат.

…Түн – нарылап тарады,
Күн – жадырап карады.
Жомоктордун ар качан
Таттуу болот аягы.

КЫЛАҢГЫР

Алып койсо каймагын,
Ал – сүт болот КЫЛАҢГЫР.
Аз деп даам татымы,
Тѳгүп салсаң – убалдыр.
Андан кѳрѳ, короочу
Күчүгүңдү «кубандыр».

ДЕПКИР

Азыркыдан илгери
Чебер уста аз бекен?
Чѳйчѳк, чѳѳгүн, чѳмүчтү
Кимдер ойлоп тапты экен?
Бышырганга боорсокту
ДЕПКИР – сүзгүч жакшы экен.

КАГЫЙДАЙ

Тил байлыгың аз болсо,
Калат сѳздѳр табылбай.
Ѳтѳ кургап кеткенди
Кургады дейт КАГЫЙДАЙ.

Тартып кѳрчү эрикпей
Таразага кайра аны.
Баштагыдан кѳп эсе
Жеңил болот салмагы.

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз