Акбар Кубанычбеков: Сөлөкөттөр дүйнөнүн ар бурчунда

  • 07.05.2021
  • 7796

ЖАЙЛОО ТАҢЫ

Жылдыздын элесин өчүргөн,
Мунарык тартылып көрүнгөн.
Ак төөнүн чуудасы сыяктуу,
Асманга из салып бөлүнгөн,
Сүрүлдү таң дагы чыгыштан,
Сүт сымал булутка төгүлгөн.

Корозго биринчи таң атат,
Жарыкка үн коштоп таратат.
Чабандес ноктосун даярдап,
Тушалган атына баратат.
Самоорду тутантып жубайы,
Ысык нан, каймакты саматат.

Айлана көйнөгү жашылдан,
Аруулук дүйнөгө чакырган.
Алты күн кымызга келишкен,
Уйкуда шаардыктар шашылган.
Тоолуктар чынында кең пейил,
Тар үйгө баардыгын батырган.
Жылкысын желеге байлоого
Жылкычы турнабай асынган.

Акиси азыр да кетпеген,
Союздун сарайы кеп-кенен.
Эчки-улак эшигин сагаалап,
Козулуу кой жатат кепшеген.
Саалган уйлары ат жолдо,
Тизилип баратат бет менен.
Жайлоонун жыргалы ушудур,
Эч ким жок саат карап чектеген.
Абада ар түркүн гүл жыты,
Жан болбос жыпарын сезбеген.

Шурусун табият төккөнбү,
Шүүдүрүм уялап чөптөрдү.
Мончоктой жайнаган балдарын,
Чоң эне унутпайт өпкөндү.
Бул жерде чоң ата төрөлүп,
Бул жерде өмүрүн өткөрдү.
Кырк жылы жылкычы болушуп,
Кызыктуу күндөрдү көп көрдү.
Бал кымыз, багылан козу алып,
Сыйлаган кетирбей көптөрдү.
А азыр, картайып ал экөө,
Ал-күчү, кайраты бөксөрдү...

Таң эрте көмкөгө бышырган,
Ырысты чакырган ысык нан.
Шарактап кайнаган чай келет,
Эркенин жашындай сызылган.
Жалпак там ичинде тирүүлүк,
Самоордон арчанын жыты урган...
Кыялым ар дайым бул жерде,
Турмуштун торунан кутулган.
Коктунун шамалы бир укмуш,
Коштогон санааны учурган.

Бакыт бар айрандай уюткан,
Баргандар бардыгын унуткан.
Артына чай куюп бүткүчө,
Кайра асты чынысын сунушкан.
Аңгыча ортого коюлат,
Түндөгү бышкан эт жылыткан.
Кызыл бет балдары чабандын
Кызыкты таң эрте курушкан.
Кубалап четинен үзөм дейт,
Салаңдап суу ичкен булуттан.

Суур чыгат ийинден баш багып,
Күн жатат чыгышты жазданып.
Бөксө тоо бүкчүйгөн чалга окшоп,
Жондорун тоскондой кактанып.
Сыдырым жел жүрсө түркүн чөп,
Бийлеген өңдөнөт шаттанып.
Койчуну узатат аялы
Жаркылдап жайытка аткарып.
“Ал, ал” - деп итине чоң болуп,
Ал барат койлорун башкарып.
Жомоктой жайлоонун ар таңы,
Жоголбойт жүрөктө сакталып.

ЗАМАН

Заман болду бүтүндү бөлүп жарган,
Адам толду күнөөгө көнүп калган.
Сөлөкөттөр дүйнөнүн ар бурчунда,
Аң-сезимин, абийрин көмүп салган.

Акыл эмес талашуу – мунай болду,
Ак мөңгүлөр кертилип ылай болду.
Сойку сымал паралап каалаганын,
Соода кылган “лөкбайлар” кудай болду.

Токсон агым, токсон дин тутунганы,
Токол издеп кетүүдө кутурганы.
Тирүү жетим балдарга толуп барат,
Балдар үйү байпаксыз учурдагы.

Бир күн айткан сөздөрдүн салмагы жок,
Башка иш түшсө туугандын жардамы жок.
Чыгаандарын чекеден чабып жаткан,
Чыйт түкүргөн чоңдордун арлары жок.

Кайгы менен кошоюн ырыма да,
Хандардын да белгилүү сыры мага.
Каран түндүн келгени ошол экен,
Катындары айланса кыбылага.

Көкүрөктү койбоду куру намыс,
Көздөр такыр тойбоду, жутунабыз.
Адал менен арамды ажыратпай,
Акысынан бирөөнүн сугунабыз.

Күндөр өтөт өмүрдүн парасынан,
Ата мурас ашпайбы баласынан?
Сан жетпеген болсо да жылкыларың,
Бирин гана минесиң арасынан.

*      *     *

Курсак камын ойлодук.
Азга канаат кылбадык,
Көпкө деле тойбодук...
4.03.2021

*      *     *

Ар бир жандын тагдыры бар маңдайда,
Андан качып, кутулууга барбы айла?
Баш ийебиз сыноолорго берилген,
Башка өмүрдү баштаганга ал кайда...

Кээ бир жандын эч ким билбес сыры бар,
Көп күлгөндүн көздөрүндө муңу бар.
Каршылашып жүрүп өтөт экенбиз,
Көңүл сүйгөн сөз табалбай жылынар.

Ыңаалайбыз бул жашоого гүл ачып,
Өкчөйт өмүр өкүмүнө сынатып.
Арман кылып, өксүп ыйлап, калышат,
Адамдарда токтогондо убакыт.

Мезгил санайт бетке салган бырышын,
Билбейт эч ким акыркы дем чыгышын.
Ажал гана саатын карап тууралайт,
Ал келгенче жакшы сөз айт, сунушум.

Ойно, жаша, күлгүн, сүйлөш, кайгыңды айт,
Байкадың го, өмүр учуп, жай жылбайт.
Ар мүнөттү жаркырата жашагын,
Кеткен жандар кайра кайтып, кайрылбайт.

Тагдыр деген сенден кыйын, сенден шок,
Кечээки күн мен мына деп келген жок.
Унутулат мезгил сызып көп нерсе,
Унутпагын бүгүн көргөн эртең жок.

ЖАЛГЫЗДЫК

Жүрөм шашып, байлык деп ылдам-ылдам,
Кимге керек билбеймин бул камылгам?
Эч нерсем жок кетемин бу жалгандан,
Келген өңдүү энемдин курсагынан.

Жалгыз жаткам энемдин карынында,
Жалгыз көрдүм дүйнөнүн жарыгын да.
Жаным учуп, жакындар коштошкондо,
Жана калам, жапжалгыз кабырымда...

Аттап кетпейт өткөнүм бир ирмемге,
Көп болсо экен жакшы иштер сүйүнгөнгө.
Эсеп-кысап жообун да жалгыз берем,
Кыяматта кайрадан тирилгенде.

Өзүң калган учурда өзүң менен,
Бир да жанды таппайсың көңүлгө тең.
Бейишке же тозокко чейин коштойт,
Бул жалгыздык берилген өмүр менен.

Эх жалгыздык, ар жандын башындагы,
Жалгызмын мен, жалгызмын. Азыр дагы.
Далай көрдүм көптөрдүн жарык таппай.
Түнгө сиңип кеткенин жашынганы.

Баарыбызда ушундай убайым бар.
Жакшы сапар соңунда ырайым бар.
Жалгыздыкты сезсем да өзүмдөгү,
Жүрөгүмдө жашаган Кудайым бар!
10.05.2020

КӨҢҮЛ

Күл болду күйүтүм
тынч албай курчуган,
Өмүрдө сыр каткан
жан таппай тумчугам.

Аларга теңелбей,
Адам бол дегендей,
Ыйманым шыкаалайт
жан дүйнө бурчунан...

Жактырбай өзүмдү,
жаштыгым төгүлдү,
Силердей жашагым
келбейт эч өмүрдү.
Жарышта турмуш деп,
Угалбай дурус кеп,
Аяган жан барбы?
Үлпүлдөк көңүлдү.

Өзгөрдү адамдар
багыттан беттеген,
Өзүмчүл жандар көп
дүйнөдө кепкенен.

Айыккан жаранын,
калп сурап абалын,
Бирөөнүн сезимин
бирөөсү тепсеген.

Кубулган куу турмуш,
түтөгөн каңырык,
Чакырган азгырык,
бүтпөгөн жаңырык.
Башкалар бөйпөңдөп
жашашын каалашат,
Байлыкты, бийликти
көпкөндөр жамынып.

Жарышта адамдар
өздөрү билбеген,
Жарышта дүйнө деп,
сормо саз бийлеген.

Жубатып сөз менен,
пайдасын көздөгөн,
Билбейсиң мамиле
түзүштү ким менен...

Колуңда бар кезде
токтобой мактаган,
Көзүңчө кыйын деп
далыдан таптаган,
Адамдар көбөйдү
кокустан кылт этсең,
Дапдаяр турушкан
түртүүгө аскадан.

Билбеймин көңүлдөр
качан жай табарын?
Джип минген, ит минген
өтүүдө заманым.
Буга эмне болгон деп таң калба?
Болгону Кубулма,
өзгөрмө жандардан тажадым.

МЕКЕНИМ, САГА КЕЛДИМ!

Алоолонгон от болуп күйүш үчүн!
Азабыңды түбүнөн билиш үчүн.
Жетпесем да баркыңа, чанып кетпей,
Кандай болсоң ошондой сүйүш үчүн.

Мекеним, сага келдим!

Жамгырыңа чыланып суу болууга,
Душмандардын жолуна чуу коюуга.
Келиш керек өзүңө ар бир кыргыз
Кыйын күндө кармаган туу колуна.

Мекеним, сага келдим!

Кычыраган суугуңа тоңуш үчүн,
Кыргыз деген жүрөктө добуш үчүн.
Сен деп келген сапардан артка кайтпай,
Желегиңдин бир нуру болуш үчүн!

Бул жолумда чаалыгып, чарчабаймын,
Аманатың талаага таштабаймын.
Сөз беремин күн-түнү кызмат кылып,
Ар ишимди "аттиң" деп баштабаймын.

Ар бир кыргыз
Туулуш керек, акыйкат кураганы,
Куу, шумпайдын өчсүн деп кур амалы.
Эбегейсиз өзүңдү сүйгөн үчүн,
Келдим сага баарына чыдаганы!

Канчалаган душманды баскандырсың,
Кайгы ээрчитип санаага баткандырсың...
Сенде билем миллион мендей жан бар,
Эхх, Кыргызстан, сен менде, жапжалгызсың!!!

ЖАЙЛООДОГҮ МӨНДҮР

(Жайлоо түрмөгүнөн)

Булут жабып, күндүн көзү жоголуп.
Туман зоого селде өңдүү оролуп.
Жайдын толуп турган кези бул учур,
Айлана бүт жашыл түскө боёлуп.

Салаа-салаа чарк-чурк этип алыстан,
Чагылган да огун мээлеп бат учкан.
Күн күркүрөйт түбү түшүп кетчүдөй,
Мөндүр жерге топ-топ түшөт жарышкан.

Терип ойноп балакайлар сүйүнмөй,
Далдаа издеп үйдөн-үйгө жүгүрмөй.
Топусундай молдокенин бөксө тоо,
Ак дөбөгө айланууда билинбей.

Тик беттеги кызыл жошо эзилип,
Өтөктөгү ат кулактар тешилип.
Туяктагы карагердин такасы
Тайгаланат тик кыяда жешилип.

Бүрүн үзүп сары кашка беденин,
Бүткөн боюн калчылдатып жегенин.
“Бул эчкидей мал болбойт” - деп сүйлөнүп,
Тосуп астын койчу түздөйт кемерин.

Бопбоз чаптар өңү өчүп сууланган,
Боз үй ичи сыр чайнектен бууланган.
Боюн эзген сайгак деген жок болуп,
Бир топ уйлар кутулгансыйт кууралдан.

Качан эми кудай күнү басылат,
Арты бүркөө ал сүрүлсө ачылат.
Деп сүйлөнсө жашап калган карыя,
Мөндүр жерге шуру болуп чачылат.

Мөңгү токтоп жайда кеткен кырлардан,
Кара-кыяк өсүп желге ыргалган.
Минген бала атасынын чабдарын
Мерседесте отургансыйт жыргалдан.

Түн да кирди жымжырт болуп тегерек,
Ак жаан турду таң атканча себелеп.
Таң атканда тоолуктарга асмандан
Күн желесин көрүү кандай керемет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз