Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлык уюштурулду

  • 05.05.2020
  • 7091

«РухЭш» сайты жана «Роза Отунбаеванын демилгелер фонду» тарабынан учур адабиятыбыздын бараандуу өкүлү, таланттуу акын Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлык уюштурулду. Аталган сыйлык жыл сайын Зайырбек Ажыматовдун туулган күнү – 27-майда 35 жашка чейинки бир гана акынга ыйгарылат.

Сыйлыктын максаты – жаңы ысымдагы жаш таланттарды колдоо. Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын Жобосу жана аталган сыйлыкка татыктуу талапкерлерди тандоо критерийлери «РухЭш» сайтынын алдындагы «Казына» адабий эксперттер тобу тарабынан иштелип чыгат.

Арабыздан эрте өтүп кеткен калемдешибиз Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын жеңүүчүсү деп аныкталган талапкер акынга уюштуруучулар тарабынан атайы диплом жана 100 000 (жүз миң) сом ыйгарылат! Бул сыйлыкты уюштуруу иштериндеги кошумча маалыматтар жана сыйлыктын Жобосу жакынкы күндөрү жарыяланат. Аталган сыйлык 2021-жылдын 27-майы күнү эң биринчи талапкерге ыйгарылат!

З.Ажыматов атындагы адабий сыйлыкты уюштуруучулар тобу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз