Айпери Кеңеш кызы: Көздөрүңдөн окуйм көңүл сөздөрүн

  • 11.05.2021
  • 5906

Зайырбек Ажыматов атындагы адабий конкуруска

Куш болуп жаралганда…

Чабалекей болсом эгер жазда келген,
Күзүндө ысык жерге кайра кеткен.
Үйүңдүн ар тарабын айланчыктап,
Муңдуу күү сайрайт элем жүрөк эзген.

Ошентип жайындасы сени коргоп,
Көңүлүңдү бурдуруу ниет болмок,
Кеч күзүндө ысык жайга кетсем да,
Кайрылып келер элем сени ойлоп.

Болсом эгер түндө уччу жарганат.
Сен басуучу жолдоруңду аралап,
Түн уйкуңду көрүү үчүн келмекмин,
Карайт элем бар нерсенден аярлап.

Ай-жылдыздын шоолаларын суранып,
Ал нур менен  мен өзүңдү уктатып.
Мөлтүрөгөн сулуулугун көргөндө,
Терезеңден кетпейт элем кубанып.

Болсом деле сугун арткан сагызган,
Чарк айланып кетпейт элем жаныңдан.
Тоскоол болбой күндүн ысык-суугу,
Турат элем түшсө дагы чагылган.

Баарынан да булбул кушу болсомчу,
Сен баруучу бакка барып консомчу.
Сулуулугуң, өң келбетиң, жамалыңды,
Созолонтуп обон менен созсомчу!..

Кетпей сенин асыраган багыңдан,
Сен өзүңө үнүм менен жагынсам,
Эрмек кылып менин мукам үнүмдү,
Келеримди сен да күтүп сагынсаң.

Болгонумда мотурайган балапан,
Сен тарапка араң учуп бара алсам.
Аяр кармап эркелетип койсоң сен,
Тарап кетмек жүрөгүмдө бар арман.

Мен сени унутсам дейм… 

Мен сени унутсам дейм,
Эстебей баарын-баарын.
Ансайын эңсөөм күчөп,
Жүрөктө өчпөй жалын,
Адамга маза бербес,
Деги айтчы кандай жансың!

Мен сени унутсам дейм,
Жүрөктөн алып таштап,
А бирок, анте албайм,
Сен менин жүрөгүмсүң,
Жалганда адам пенде,
Жүрөксүз кантип жашайт.

Мен сени унутсам дейм,
Эстебей барын-барын,
Ансайын жүрөктү эзип
Ар дайым оюмдасың,
Эстетип ар бир кадам,
Мен басчу жолумдасың!

Мен сени унутсам дейм,
Башка менен турмуш куруп,
Баш бербес бул жүрөктү
Акылга баш ийдирип,
Жанымда бир пенде бар,
Жүрөт ал мени сүйүп.

Мен сени унутсам дейм,
Атыңды айтпай коюп.
Түңүлтүп койчу мени
Катка жооп жазбай коюп.
Телефон чалсам эгер,
Атайлап албай коюп.

Мен барчу көп жерлерге
Кадам да баспай коюп.
Адашып салам айтсам,
Алик да албай коюп.

Мен сени унутуунун
Бир гана жолун билем.
Мажбурлап  жүрөгүмдөн
Башкага орун берем.
Сезимди жыйнап салып,
Акылга  башымды ийем.

Менимче туура чечим,
Бир сени унутуу үчүн,
Көөдөндө согуп турган
Жүрөктү алуу керек,
Ордуна алмаштырып,
Башканы салуу керек.

Таттуу сезим

- Кызгандың ээ? - деген сөзгө теригип,
- Кызганбаймын! - деймин калпка керилип.
- Жалган айтпа жүзүң айтып турбайбы, -
дейсиң анан жүрөгүңдөн берилип!

Чындыгында сезимимди тыялбай,
Мен өзүңдү башка жанга кыялбай!
Жүрөгүмдөн сүйүп турсам бир сени
Кантип анан коё алам кызганбай!

- Сагындыңбы? - деген суроо бересиң.
-Эч качан да, мен сагынбай элемин!
А жүрөгүм башка сөздү айтса да,
Сыр алдырбай ушинтип жооп беремин!

Негизинде махабатка багынам,
Кантем анан айта албай айбыгам!
Сен деп согуп жаткан кезде жүрөгүм,
Сагынам да мен албетте, сагынам!

- Сүйөрүңдү айтсаң боло бир ирет,
Балким мени сүйбөйттүрсүң ким билет?
Ушул сөздү айттың мага тик карап,
Мен жаныңда турган кезде мөлтүрөп.

Кандай адам сүйөрүн шарт айталат?
Бу сүйүүлөр көздөн эле байкалат.
Тилим менен айтпасам да жүрөктө
“Сүйөм, сүйөм, сүйөм!”- деймин кайталап!

Сендей жанды сүйбөй коюу мүмкүнбү?

Айтаарга нечен сөздү камдап алып,
Колуңа кызыл гүлүң кармап алып,
Жолумда күтүп турсаң, жагынуунун
Амалын издеп анан чарк айланып:
Айтчы анан сүйбөй коюу мүмкүнбү?..

Арбайсың адатыңча күлүп туруп,
Тынч жаткан жан дүйнөмдү буулуктуруп.
Билмексен боло албайм да, кантет элем,
Мага болгон сезимиңди билип туруп:
Сендей жанды сүйбөй коюу мүмкүнбү?..

Көзүң укмуш карегиңден нур төгүп,
Турат азыр жүрөгүмдө гүл өнүп.
Сендей жанды сүйбөй коюу күнөөдүр,
Сүйөм сени, сүйүп өтөм түбөлүк!

Көздөрүңдөн окуйм көңүл сөздөрүн,
Мен мындайын байкабагам өзгөнүн!
Сыпаттоого сөзүм жетпейт чынында,
Өзгөлөрдөн  өзгөчөсүң сен өзүң!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз