Адамдын өнүгүүсүндөгү талашсыз чындыктар

  • 13.11.2023
  • 3840
  1. Өсүп-өнүгүү үчүн билим алуу жетишсиз, негизгиси – алган билимди колдоно билүү.
  2. Эң жакшы идея да аракет болбосо – пайдасыз.
  3. Мүмкүнчүлүктү издебе, аны өзүң жарат.
  4. Биздин жашообузга 10% өз эркибизден тышкаркы шарттар таасир берет, калган 90%ти ошол шарттарга биздин кандай жооп кайтарганыбызга жараша.
  5. Бүгүн башталбаган иш эртең бүтпөйт, ошондуктан бүгүнкү ишиңди эртеңкиге калтырба.
  6. Өз оюңузду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу учурду күтүп жүрө берсеңиз, баардык нерселерден кур жалак калышыңыз мүмкүн.
  7. Жасап жүргөн ишиңизди уланта берсеңиз, алып жүргөн нерсеңизди алып жүрө бересиз.
  8. Өзгөрүүлөрдөн коркпогула. Алар көбүнчө керек учурларда пайда болот.
  9. Тартип сизге жашооңузда ар дайым эңсеп жүргөн нерсеңиз менен, учурда эмнени каалап турсаңыз, экөөнүн ичинен биринчисин тандап алышыңыз үчүн зарыл.
  10. Жол канчалык кыйын болсо, аягында ошончолук чоң ийгилик күтүп турат.
  11. Кыйын кезеңдер түбөлүктүү эмес, бирок адам өзү татаал жолго түшүп алса, ал ар дайым улана берет.
  12. Ийгиликке жеткен адамдардын көпчүлүгү өздөрү каалаганга жеткиче көп сандаган жеңилүүлөрдү баштарынан өткөзүшкөн.
  13. Көргөндөн көрө элегибиз, билгенден биле элегибиз көп.
  14. Адегенде “макул” деп айтканды үйрөн. Бул жашооңузду ар тараптуу кылат жана максатыңызды табууга көмөк болот. Аны үйрөнгөн соң “жок” деп айтканды үйрөн, бул тандап алган максатыңызга жетүү үчүн бардык ашык нерселерден арылып, бүт эркиңизди ошол багытка жумшоого үйрөтөт.
  15. Жаман идеяларды изилдеп көрмөйүнчө, жакшы идеяга ээ боло албайсыз.
  16. Тынбай иштөө менен ийгиликтүү болуу – бул эки башка нерсе.
  17. Бактылуу болуу менен ийгиликтүү болуу – бул дагы эки башка нерсе.
  18. Жашоодо сиз каалаганыңызга жетүү үчүн мүмкүнчүлүктөр арбын.
  19. Сиз бактылуу болууга толук укуктуусуз. Ал укугуңузду пайдалана аласызбы же жокпу – өзүңүзгө байланыштуу.

Булак: psychology-age.ru

Котроргон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз