Жөөттөр макалы: Аялдар аз сүйлөсө, эркектер көбүрөк иш бүтүрмөк

  • 03.06.2021
  • 3931

Кайсы эл болбосун, баарынын дүйнө таанымы алардын макал-лакаптарында, учкул сөздөрүндө катылган. Дүйнө элдеринин түркүн маданияты, ар кыл менталитети жана азил-шакабалары менен таанышканда, биз да алардын дүйнөгө, жашоого, жарыкчылыкка болгон мамилесин дагы да тереңирээк түшүнөбүз. Еврей элинин бүтүндөй акылмандыгы да алардын учкул сөздөрү менен бир сүйлөмүнө бүтүндөй жашоо камтылган макалдарында.

Акчасын жоготуп, уурдатып ийишсе, акылман еврейлер мындай дешет: “Жаратканга миң шүгүр, болор кырсыкты акча менен алып кетти!”

*     *      *

Эгерде маселени акча менен чечүүгө мүмкүн болсо, анда бул маселе эмес, жөн гана чыгаша.

*     *      *

Адам ата – эң биринчи жолдуу адам, себеби анын кайненеси болгон эмес.

*     *      *

Кудай адамга көбүрөк угуп, азырак сүйлөшүү үчүн эки кулак менен бир ооз берген.

*     *      *

Кудайым сени ажаан аялдан сактасын, жакшы аялдан өзүң сактан!

*     *      *

Шарап кирсе, сыр чыгат.

*     *      *

Кудай бардык жерде бир убакта боло албайт, ошондуктан ал энелерди жараткан.

*     *      *

Таттуу болбо – сени жеп коюшат. Ачуу да болбо, түкүрүп салышат.

*     *      *

Элдин баары акылы эмес, акчасы жоктугуна кайгырат.

*     *      *

Алдыңдан чыккан эчкиден, арттан чыккан жылкыдан корк, жиндиден бардык жагыңдан корк.

*     *      *

Билим көп орунду ээлебейт.

*     *      *

Конок менен балык үч күндөн кийин жыттана баштайт.

*     *      *

Мойнуңа отуруп алышпасын үчүн өтө эле ийиле бербе.

*     *      *

Кейикчээл адам эки жамандыктын экөөсүн тең тандайт.

*     *      *

Кудай жакырларды коргойт, жок дегенде баасы кымбат турган күнөөлөрдөн коргойт.

*     *      *

Эгерде кайрымдуулук оңой жумуш болгондо, элдин баары филантроп болуп кетишмек.

*     *      *

Кара далы кыз турмушка чыгар замат, жаш келинге айланат.

*     *      *

Ата-энелер балдарын сүйлөгөнгө, балдар ата-энесин унчукпоого үйрөтөт.

*     *      *

Алыстан бардык адам жакшы көрүнөт.

*     *      *

Минип алып жаштыкты кууп жетүүгө мүмкүн болгон жылкы туула элек.

*     *      *

Ак чач – акылмандыктын эмес, карылыктын белгиси.

*     *      *

Мыкты сүйлөгөнгө караганда, мыкты унчукпоо кыйыныраак.

*     *      *

Балким, жумуртка чындап эле тооктон акылдуураактыр, бирок алар бат сасыйт.

*     *      *

Жаман аял жамгырдан жаман: жамгыр үйгө киргизет, ал эми жаман аял үйдөн кууйт.

*     *      *

Дүйнө адамдардын көптүгүнөн эмес, адам эместердин көптүгүнөн жок болот.

*     *      *

О Жараткан! Бутума турганга жардам бер, жыгылганды өзүм деле билемин.

*     *      *

Эгерде жашоо жакшы жагына өзгөрбөсө, күтө тур, ал жаман жагына өзгөрөт.

*     *      *

Сүйүү канчалык таттуу болбосун, андан шире жасай албайсың.

*     *      *

Кыларга иш жок болгондо, улуу иштерге билек түрүшөт.

*     *      *

Балдары жок адам балдарды жакшы тарбиялайт.

*     *      *

Коркуп өлгөнчө, күлүп өл.

*     *      *

Адамдар кетирген жаңылыштыктарын тажрыйба деп аташат.

*     *      *

Адам карыган сайын начар, бирок көбүрөк көрө баштайт.

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз