Жөөт балдарынын жөндөмү эмнеге эрте ойгонот?

  • 11.12.2020
  • 6945

Еврей үй бүлөсүндө ата-эненин балдарга болгон сүйүүсүндө чек жок, бул эми өзгөчө назарга илинер феномен. Балким мындай маданият башка бир дагы улутта жоктур. Психологдор алардын балдарга болгон мамилесинин оң да, терс да жагын талдап келишет. Бирок ага карабастан, жөөт балдары эч убак ата-эненин сүйүүсүнөн өксүгөн эмес. Алардагы эне-ата парзы:

1. Эч убакта балдарды кемсинтпөө керек

Еврей эне эч убакта баласына сен жамансың дегенди угузбайт. Мунун оордуна ашып кетсе: "Ушундай жакшы бала кантип мындай аңкоолукту жасады?" деши мүмкүн. Болбосо – жок.

“Менин баламдын кемчилиги жок, болушу да мүмкүн эмес” деген позиция еврей энелерине гана таандык. Мүмкүн алар балдарынын кемчиликтерин деле көрөт чыгар, бирок муну өздөрүнөн башка эч жан билбейт.

2. Акылга сыяр, чектен ашпаган эркиндик

Жөөттөрдүн учурдагы тарбиясында бири-бирине карама-каршы эки багыты бар. Бири – эркиндик, экинчиси – катуу талап. Башкача айтканда, анысы калың дубалдуу кенен бөлмө.

Жөөт балдары ата-энесинин башына таптакыр чыгып да алышы ыктымал. Чыкканда да өз билгендерин жасап, маселен, атасынын паспортун энесинин жүз долларлык эндиги менен ботала-шотала боёп койсо да, алар үчүн бул эч кандай жазалануучу иш эмес. Еврейлердин ата-энелери үчүн баланын эркиндиги бул – биз дем алуучу аба сындуу өзгөчө тарбия.

Бала чектен аша чаап кеткенде гана катуу жаза колдонушат. Энесинин кымбат баадагы атырын мышыктын үстүнө куюп салуу бул – болор болбостук. Мунүчүн да жаза колдонулбайт. Ал эми чоң энесин башка чапкылаганы үчүн көргүлүктү көрүшү толук мүмкүн.

3. Баланы баардык ыңгайлуу учурда мактоо

Энеси ар дайым баласын мактап турат. Бул мактоолор – бала жарыкка келери менен башталат. Кичинекей эки муун сөздү эжелеп окуй алабы, жокпу; мейли, эң алгачкы тарткан сүрөтү ойку-кайкы болобу; айтору, еврейдин энеси наристенин ар бир ийгилиги үчүн кубанып, мактоолорун жаадырып турат. Бул жөнүндө сөзсүз түрдө алардын жоро-жолдоштору, тааныштары, баардыгы билишет. Бул аракеттин негизги максаты – бала аны башкалар да мактап жаткандыгын угуусунда. Ал эми баласы чындап эле татыктуу баага арзыды дегиче, анда кенедей наристе жалпы үй-бүлөнүн суктануусуна, мактоосуна марып эле жатып калат.

Агер биз баланын жакшы жакка өзгөрүүсүн, ар бир жасаган майда-барат жетишкендиктерин байкоого үйрөнсөк, анда бала да жүрүм-турумун түп тамырынан өзгөртөт. Бала жакшы нерселерге умтулушуна шык берүү үчүн сөзсүз түрдө балабызды башкаларга атайы угуза мактап, балдардын жетишкендигин атайы сөзгө айлантып туруубуз кажет.

4. Жүрүм-турумундагы эң жогорку жоопкерчилик

Еврейлер байкоосуздан же шашылыштан жасалган ар бир иш-аракетти ата-энелер баланын көзүнчө жасаган болсо, муну кайра түзөлгүс жыйынтыкка алып келет деп ишенишет. Арийне, "уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат" накылын бекем карманышат. Эпаада, ата-энелер өздөрүнүн ар бир кыймылына, иш-аракетине, ал тургай ооздон чыккан сөзүнө, өздөрүн туура алып жүрүүгө талапты катуу коюшат.

5. Үй бүлөдөгү сүйүү, урмат-сый – баланын психикалык саламаттыгына жакшы

Жөөттөрдүн каада-салт түшүнүгү боюнча ар бир бүлөнүн негизи – аялы менен күйөсү жана чоң эне, чоң атасы. Ошондуктан балдарын кенедейинен тартып эң биринчи кезекте: үй бүлөдө атанын назары энеде, эненин назары атада болушу шарт деген түшүнүккө үйрөтүшөт. Эгерде бала ата-энеси бири-бири үчүн жашап, алардын мамилесинде сүйүү, урмат-сый эң жогорку деңгээлде экендигин бала ар дайым сезсе, демек андай бала өзүн коопсуз сезет деген түшүнүк бар. Жана да бул ыкма анын келечегине чоң үлгү боло алат. Кийин чоңойгондо өз үй-бүлөсүндө да так ушундай жагымдуу атмосфераны кармаганга аракет кылат.

6. Ата-эне болууга үйрөнүү

Ата-энелик тарбия  бала төрөлө электе эле башталат. Кыз турмушка аттанып жатып эле эне болууга толук даяр болот. Аны өзү үчүн жашоого эмес, анын негизги мансапка жетүүсү бул – үй-бүлө экендигин үйрөтүшөт. Эгерде эне болуу, ата болуу – эң чоң жоопкерчилик, ошондой эле мүмкүнчүлүктөрдүн чектелиши катары карай турган болсок, баланы туура чоңойтуп-тарбиялоо оорчулук жаратат деген түшүнүк бар. Биздин түшүнүк менен айтканда: "жазда эмне эксең, күздө ошону эгесиң".

Ийгиликтүү ирденип, эң чоң жетишкендикке ээ болор баланы тарбиялоо үчүн еврей акылмандары баланын туура тарбиялоо боюнча атайы ыкмаларды да иштеп чыгышкан. Ал ыкмалар менен ар бир каалоочу Израилде үзгүлтүксүз өтүүчү ата-энелердин тарбиялык сабактарына катыша алат. Мындай сабактар жөөттөрдүн синагога жана баардык мектептеринде бар.

7. Баланы убакытты туура пайдаланууга үйрөтүү

Еврей балдары бейчеки көчө таптоо, жалкоолук эмне экенин билишпейт. Скрипка, шахмат, англис тили, математика сындуу окууларды кичинесинен тарта аздап-аздап өздөштүрүүгө ыкташат. Ата-энелери балдарын кичинесинен эле ар дайым иш үстүндө болууну – күнүмдүк турмуштагы нормалдуу көрүнүш деген түшүнүктө калыптандырышат.

Кыргызчалаган Бактыгүл ИМАНБЕК кызы

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз