Раиса Левинска: Эмне үчүн көпчүлүгү еврейлерди жининдей жек көрөт?

  • 07.12.2020
  • 4685

Бул чындыкты көбү билсе да төмөнкүдөй курч таамай макала жазуу ар биринин эле колунан келе бербес. Аныгын акылга салып калчап көргүлө!

Байыркы  замандан бери баардык улуттарда жөөттөрдү жек көргөндөр четтен чыгат. Мындан улам көпчүлүк “Эмне үчүн?” “Эмнеге?” деген жоопсуз суроолордун курчоосунда. Көптөгөн антисемитизмге байланышкан себебин билсем да, анын кайдан келип чыккан себебин түшүнө албай келем. Менин да кызуумду арттырган суроо – “Эмне үчүн?”.

Марк Твендин “Жерден кат” жазуусунда бул тууралуу мындайча жазганы бар: "Баардык улуттар бирин бири жек көрөт жана баардыгы биригип жөөттөрдү жек көрүшөт". 

Кепти адегенде адамдардын бирин-бири кыртышы сүйүп жактырбоосунан баштасак.  Ал эмес бири-бирин жек көрүшөт эмеспи. Өкүндүргөнү - бул адат адамдын психикасына тиешээлүү болгонунда.  Алла-талаа  адамды жаратканда эле чыры менен жараткан экен. Адамзатынын  тарыхы бул - согуш тарыхы.  Англичан менен француздар согушуп келишкен, орустар менен поляктар, немистер, армяндар менен азербайжандар, бизге белгилүү болгон армяндар менен түрктөрдүн атышуусу, албандар менен сербдердин…. деги койчу, санап отурсаң сан жеткис. Ксенфобия - баардык жерде кездешет. Кимдерди баардыгынан жек көрүшөт? Албетте, жаныбызда жандаган чоочундарды.

Ал эми эки миң жылдан бери баардык улуттарды жандаган кимдер? Албетте, жөөттөр. Мына каргыш тийгир сурообуздун эң биринчи жүйөлүү жообу. Биздин баардык күнөөнү оодара салуучу жек көрүмчүбүз албетте – жөөттөр. Алардын мекени жок, байырлаган менчик жери жок, коргоочу аскери же жанына кепил сакчысы жок болгондуктан, күнөөнү көтөртүп коюуга абдан ыңгайлуу да. Күчтүүлөрдүн жанында ар дайым алсыздар күнөөлүү эмеспи. Алсыздар улуттардын жаалын чыгара жинин кайнатып турат. Эң биринчи себеби, алардын болуп көрбөгөндөй туруктуулугу. Аларга карата пайда болгон  антисемитизмдин себеби - менчик мекени жок туруп кылымдар бою  түрдү улуттарга аралашып, тукум курут болбой жан багып келаткандыгында.

Дүйнө жүзүнө так эле ушул жөөттөр бир гана жалгыз жараткан бар деген түшүнүктү алып келишкен. Христиан динин, анын баардык учурдун моралы болгон Библия ыйык китебин жеткирген.  Алар дүйнөгө христиан динин алып келип, бирок андан кайра баш тартышты. Адамзатына христяндыкты жеткирип, анан андан кайра баш тартуу бул христяндар чөйрөсүндө чоң кечирилгис таарынычты жаратты. Эмнеликтен баш тарткандыгынын себебин бул жерде толук түшүндүрмө берүүгө мүмкүнчүлүк жок. Бул жыйырма кылымдан бери аалымдар жообун таба алгыс табышмак...

Кимдер гана жөөттөргө иудаизмден баш тартууну сунуштаган жок! Мухамеддин ислам динин кабыл алып, жаңы диндин булагы болуу сунушун четке кагып, кайнаса каны кошулгус кастыкты табышты. Мартин Лютердин католицизмге каршы протестанттык конфессиясын түзүү согушунда аларды колдоочусу болуу сунушун четке кагып,  жөөттөрдүн кутулгус жек көрүүчүсүн табышты. Жөөттөрдү жан тартып жакшы көрбөсө да, жоругуна кызыкдар философ Василий Розанов алардын кымындай да  керт башы үчүн пайда жасалбаган  жоруктарын эч түшүнө албай келген. Кантип эле? Кадыр барктуу, сан жеткис эл үчүн башка жакшылыктарды жасаган дүйнөгө Христти берген кудайчылардын, ар дайым куугунтукта болгон жек көрүүнүн пай дубалын тандап алган кудайчылардын жоругу кызык. Эмнегедир аларды керт башынын гана  камын көргөн коркок деп айтуу жарашпай тургансыйт. Акылга сыйбаган пикир. Христиан дининен баш тартуу, алардын жек көрүндү болуп калуусунун бирден бир алгачкы жана негизги себеби.   

Жөөттөр - китепкөй эл. Китеп окуганды абдан сүйүшөт. А. П. Чехов бул жөнүндө Россиянын чет жакадагы шаарчаларын сүрөттөп жатып бир нече жолу “Шаардагы китепканалар кыздар менен жөөт жаштары болбогондо, алда качан жабылар эле” деп айткан эле. Китеп окууга болгон терең ынтызарлыгы, аларды башка элдин каада-салттарын жакындан  таанууга жардам берген. В.Розанов бул жөнүндө мындайча жазган: "Эгерде немистер баардыгына коңшу, бирок агайын-тууган эмес болсо, жөөттөр отурукташкан калкынын каада-салтына сүңгүп кирип, чексиз сүйүүсүн арнап жагынып, ал эмес каада-салттын пайда болуусуна чоң салымын кошуп да салат". Европада алар эң сонун европеец. Америкада - татыктуу американец. Азыркы учурда аларды жек көрүүчүлөрдүн бирден бир бетине кармаган жемеси – алардын дал ушул сапаты. Орус калкынын да шору куруду, анткени маданиятын еврейлер тартып алды. Адамзат чөйрөсүнө кошкон ар кыл тармактардан еврейлердин атын кезиктирүүгө болот. Тилеке каршы, анын ар бирин санап отуурунун кажети жок, баары бир бул аларга болгон жек көрүүнү жууп бере албайт.

Дүйнө жүзүндө билим жана жалпы активдүүлүк боюнча биринчиликти еврейлер ээлеп келет. Тарыхчы Л. Н. Гумилев муну Пассионардык сапат деп атаган. Анын теориясы боюнча этнос бул - тирүү жандык. Ал жаралат, чоңоюп баралына жетет, андан соң карыйт жана одүйнөгө аттанат имиш.  Адатта бир этностун жашоо мөөнөтү эки миң жыл деп эсептейт. Баралына жеткен маалда калктын пассионардык инсаны көбөйүп, жогорку деңгээлди ээлейт. Башкача айтканда, залкар саясатчылар, аалымдар, аскер башчылар көбөйөт. Ал эми жок болуп бараткан этносто мындай инсандар дээрлик жокко эсе. Бул тарыхчы өзүнүн теориясын көптөгөн  мисалдар  менен жактап келет. Бирок кай бир жоопсуз калган жагдайлар менен окумуштуубуз эсептешкиси келген эмес.  

Жөөттөрдүн пассионардык деңгээли төрт миң кылымды басып өтсө да, эч убакта кемиген эмес. Филосов Н.Бердяев мындай деп жазган: "Баардыгыбызды басындырган бул - жөөттөрдөн чыккан генийлердин опол саны. Ошол жөөттөрдү жек көргөндөргө “Кыйын болсоңор улуу ачылыштарды өзүңөр ачкыла!” деп айтар элем. Жөөттөрдүн бактысынын жазганы - алардын башка элдин маданиятын тез сиңирип, анын өнүгүүсүнө активдүү салым кошкондугунда. Анан да баардык тармакта алардын  эбегейсиз пассионардыгыгы, азыркы учурдагы булардын жек көрүмчү болуусунун эң негизги себеби ушул.

Ушул эле көйгөйдүн дагы бир айта кетүүчү психиатрияга байланышкан  багыты бар. Дээрлик баардык адамзатынын биз билбеген коркунучу, ачык-айкын же көмүскөдө калган кемчилиги, билип билбей кетирген күнөөсү бар. Мына так ошол коркунучтардан, өзүнө болгон жан кыйнаган нааразычылыгынан арылуунун эң оңой жолу бул - ичинде  толуп ташкан букту, кемчиликти башка бирөөгө оодара салуу. Болгондо да алсыз эч ким аяп болушары жок бирөөгө оодара салып, бар жинин андан чыгаруу. Ал эми бул жүктү кылымдардан бери бечара жөөттөр гана көтөрүп келишет.  Антисемитизм аң-сезимдин  көмүскөсүнөн келип чыккан  зоологиялык мүнөздөмөсү бар. Бул жек көрүү - эне сүтүнөн балага өтүп берилүүчү туруктуу мүнөз болуп жыйырма кылымдан бери каныбызга сиңип калган стереотип.

Бул массалык калыптанган аңколукка каршы туруп моюн сунбоо керек эле. Тилеке каршы, туулгандан тутунган, көз көрүп, кулак уккандан баштап көпчүлүктүн калыптанган жек көрүүсүнүн күчү бизди ал сезимди жокко чыгарууга жол бере албайт тура. Дээрлик баардык адамзат өзүнүн жеке жандүйнөсүнө баш багып, андан жөөттөрдү жек көрүү сезиминин кандайдыр бир изин таап чыга алат. Ал эмес ошол эле еврейлер бул тизмеге илинет. Алар да бизге окшогон эле адамзат, алар да биз сыяктуу терс аяктын деми менен дем алууда. Бир кумалак бир карын майды чириткендей, кай бирде ошол эле жөөттөрдөн чыккан шүмшүк менен жөөттөр кезигишкенде өздөрүн жектөө сезими пайда болгон жагдайлар да учурайт. Антисемитизм бул - дарт. Психиатрия бул ооруну да оорулардын тизмесине киргизип койсо толук жарашмак. Анткени бул ооруу, психологиянын бузулушу деп аталат.  Мындан улам антисемиттерге “Бул - жеке силердин гана дартыңар, сөзсүз түрдө даарылангыла” дээр элем.

Жакындарыбызды биздин аларга жасаган жакшылыгыбыз үчүн жакшы көрүү жана биздин ошолорго жасаган жамандыктарыбыз үчүн аларды жек көрүү бул - биздин психиканын түзүлүшү.  Европа элинин еврейлерге жасаган миңдеген коркунучтуу кастыгынын санына сан жетпейт. Андыктан анын кесепети өзүнөн өзү антисемитизмди жаратпай койбойт. Алар жөөттөрдү газ менен ышталган торго камап, алты миллиондон ашыгын - башкача айтканда, жалпы калктын төрттөн үч бөлүгүн кырып  салганы үчүн жек көрүшөт. Бул жер жүзү көтөрө алгыс жамандыгы тарыхта Европпанын еврейлерди кырып жоготуудагы аракетин урматтап колдоого гана алып келген.  Эми болсо ал жоругун унутуп, Каинин урпактары колундагы канды жууп салып, Израилге акыл үйрөтүп отурат. Азыр алардан өткөн гумманист жок, алар ар бир адамдын укугу үчүн күрөшүшөт. Ал эми Израиль болсо аравиялык террорлорду кыйнаган басмачы. Европпадагы антисемитизм отузунчу жылдардагы деңгээлин басып өткөндүгү айтпаса да айкын жана түшүнүктүү.

Европалык гуманисттер Израилге жалаа жаап жатып дүйнө жүзүнө “Караңыздар, биз кимдерди кырдык! Булар басмачылар! Биз башынан туура иш жасаганбыз. Гитлердин кечирилгис күнөөсү – ушу еврейлердин көйгөйүн чечип жетишпегендигинде” деп айтып жаткандай сезилет. Капка катылган шибегедей оркойгон жалган, обу жок жалаа алардын  арабдар менен Израилдин ортосундагы согушту ар бир талкууга алган сайын көрүнүүдө. Далил бул - текебер кежирлик. Ал эми антисемисттик аң-сезим андан өткөн текебер кежир келет. 1948-жылдан баштап Израиль бир нече ирет арабдар тарабынан кол салууга дуушар болуп, жоонун мизин кайтарып тургандыгын далилдер айтып турат. Алардын жек көрүмчү болуп калгандыгынын себеби, алардын баскынчыдан күчтүү болуп, аларды жеңип алгандыгында. Караны ак деп, акты каралап көрсө да көрмөксөн, укса да укмаксан болгон кежир антисемиссттик аң-сезим бул жерден да жапа чегүүчүнү баскынчы кылып, ал эми баскынчыны жапа чегүүчү кылып көрсөтүп койду. Жаңы гебелевдик пропаганда агымы Европа бийин бийлейт. "Калп канчалык бетпак болсо, ошончолук ага болгон ишеним күч" деген принцип бар. Жаңы жаралган гуманистер уялбастан палестин жанкечти уул кыздарын авто-унааларга кирип бейкапар жаткан элди жардыруу үчүн жөнөтүп турган, Ясин шейхтин өлтүргөндүгүнө көлдөй  жашын кургатпай  төгүп отурат.

Антисемистикалык аң-сезим,  архитерорристтин курмандыгына эмес, архитеррористтин өзүнө  жаны ачып, жетээр чегине жетип, ал тургай ашынып барат. Жыйырма кылымдан бери жөөттөрдү кол жоолукча көрбөй, кааласа кырып салууга көнгөн европпалыктарга Израилдин арабдарга жеңилип калбай тирешип, калкын сактап калгандыгы акылдарына сыйбаган көрүнүш болуп  туру. Укук жактоочулары карапайым калк үчүн террордук чабуул уюштуруучу шылуундардын таламын талашып жатат. Террордун башчысын жок кылган Израиль анык террор болуп калды.  Ал эми коопсуздукту ураан кылып кыйкырып жаткандар үчүн еврейлерди кырып жок кылуу бул – террордука жатпайт экен. Ал учурда гуманисттер унчукпай гана коопсуздук ураанын кыйкырып чыкпастан, отуруп гана берет (Айткандай, бул жөнүндө Путин мындан ары  террористтердин сазайын окутарын айтып, Ясиндин өлүмүн айыптаганы бар.  Балким Ясиндин мазасын өзү бере албай калгандыгына кейисе керек).

Еврейлердин эми өздөрүнүн өлкөсү бар. Дүйнөдөгү антисемистикалык каралоо мындан ары адамдык укугубузду тебелөөгө жана жашоо укугуна эч кандай тоскоолдугун жарата албайт.

А. Платоновдун кайсы бир аңгемесинде  жөөттөрдү жазалоо, ур-токмогуна жүрөкзаада болуп кабатыр болгон  кичинекей жөөт уланы орус улутундагы кошунасына: ”Балким чын-чынында эле биз – еврейлер алар айткандай жаман калк чыгарбыз?” деген суроосуна жөн гана  “Жетесине жетип турган акылсыздыкка башыңды оорутпа”деген.

Мына, мен да азыр Платонду кайталап, антисемитизмге башы менен кирип кеткен акылсыздарга “Жетесине жетип турган акылсыздыкка башыңды оорутпа” дээр элем.

Которгон Бактыгүл ИМАНБЕК кызы

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз