Еврей эл жомогу: Кокустуктан жан калуу

  • 01.06.2020
  • 3981

Винница шаарында Мойше-Аншел дегенди шайтандар кантип уурдаганы жөнүндө жомок жайылыптыр эл оозунда. Бул шумдук түнкү саат үчтө болуптур. Мойше-Аншелдин кулагы чалат: көчө жактагы терезе түбүндө бирөө жүргөнсүйт. Ич кийим менен сыртка чыга калса, аны бирөө абага ала качып учканын сезет. Мойше-Аншелдин жаны оозуна кептелет, кыйкырганга да шаасы жетпейт. Аны түнү бою бирде көккө, бирде жерге каалгытып, абада айландырышканычы.

Капилеттен короз үнү жаңырат. Мойше-Аншел кулап түшөт. Эсин жыйса, сай боюндагы көлчүктө жатат. Тааныш кишисин көрө калып бакырат да, чакырат бери. Үйүмөн кийим алып келип бер дейт.

Үйүнө жеткен Мойше-Аншел бул окуяны укмуштай айтып бериптир. Аз жерден кудай сактады дечү экен. Агер короз он мүнөт эртерек кыйкыргандабы, балээ ошондо болуп: анда эле күр-шар аккан Буг дарыясынын терең жерине жеткенде шайтандардын колунан чыгып, суунун терең жерине чөгүп өлмөк экен.

Ошол шумдуктан аман калгандан кийин эле Мойше-Аншел намазын оозунан түшүрбөй калыптыр.

Которгон О`ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз