Македон эл жомогу: Поптун насааты

  • 17.04.2024
  • 4198

Кайсы бир диний майрамда поп сыйынганы келген элге кадимки насаатын айтат:

- Эки көйнөгүң болсо бирин жакырга бер, үч тоогуң болсо экөөсүн зарылганга бер, төрт эчкиң болсо үчөөсүн кедейлерге кармат, беш уюң болсо төртөөсүн элге тарат. Кыскасы, бейишке чыккың келсе ашыкча оокат чогултпа, мал-мүлк күтпө, пендем. Анткени Жараткан ач көздүктү жектейт, ак пейилдикти, жоомарттыкты колдойт. Көр оокаттын кулу болбо пендем, көр оокаттын кулу болбо!..

Поптун бул сөздөрүн кадыресе кеп катары кабыл алып көнүп калган эл баш ийкемиш эте угуп отурат. Ыйык атакеси деле бул жадыбалдай жаттап алган насаатын эч ким аткарбасын билсе да адатынча саймедирейт. Ушул учурда поптун эзели чиркөөгө кирбеген, кирем десе да чолоосу тийбеген аялы кокусунан кирип калган болот. Абышкасынын айтканын аткарып көнгөн ал сыйынуу бүткөндө үйүнө келет да ашыкча оокаттарын элге таратып жиберет. Майрамдык иш-чарасын аяктап поп үйүнө келет. Жуунуп келип аялына таза кийимдерди алып келүүнү буюрат.

- Атакеси бизде үстүңдөгү кийимден башка кийим жок, - дейт аял.

- Кандайча жок?

- Эки көйнөгүң болсо бирин жакырга бер, үч тоогуң болсо экөөсүн зарылганга бер, төрт эчкиң болсо үчөөсүн кедейлерге тарат, беш уюң болсо төртөөсүн элге кармат, бейишке чыккың келсе ашыкча оокат чогултпа, мал-мүлк күтпө, пендем, болбосо бейишке чыкпай каласың деп өзүң айттың го. Анан мен сенин бейишке чыкпай калбасын деп кам көрдүм. Эл сага аябай ыраазы болду, ыйык атакебиздин сөзү менен иши айкалышат, ылайым бейишке чыксын деп батасын беришти, - дейт аял эрдик жасагансып эдиреңдей.

- Мээси жок келесоо! Бул сөз экөөбүзгө тиешелүү эмес, биз ансыз деле бейиште жашап жатабыз! - деп поп аялынын кемпайлыгын айтып өзүн-өзү башка урат.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз