Кыргыз эл жомогу: Айлакер бала

  • 05.05.2020
  • 4765

Илгери бир чоң шаарда ата-энесинен эрте ажыраган жетим бала жашайт. Ал өтө эле баамчыл, көрөгөч, айлакер. Бирок элден тилемчилик кылып, ошону менен жан багат. Бир күнү тилемчилик кылып келе жатса, алдынан бир киши жолугат. Ал киши баланын жөн-жайын угуп туруп:

– Атың ким? – дейт.

– Атым – Айлакер, – дейт. – Ата-энем мен үчкө чыкканда өлүп калыптыр. Эми минтип тентиреп тилемчилик кылып жүрөм, – деп ал-жайын толук баян кылат.

Абышка:

– Эй, балам, сен анда мага бала бол, бирок эмгекчил, ыймандуу адам болушуң керек, ошону эсиңден чыгарба, – дейт.

Чал баланы киринтип, кийинтип, жакынкы чөйрөдөгү балдар менен тааныштырат. Илбериңки, тирикарак баланы көрүп карыялар:

– Бул баланын колунан баары келет, азамат, өмүрү узун болсун, – деп баталарын беришет.

Бала күндөн күнгө жетиле баштады. Үй-короонун бардык сарамжалын айттырбай өзү жасачу болду. Тил алчаак, илбериңки баланы ата-энеси жакшы көрүп, багып алганына өкүнбөй жүрүштү. Атасы сынап оор-оор жумуштарга жумшайт. Барбаймын деп айтпайт, орундатып келет.

Бир күнү эшикте ойноп турган Айлакерди:

– Келчи, – деп атасы жанына жакын чакырып, – бактын башында эмне бар, балам, – дейт.

Айлакер:

– Аксары куштун уясы, ата, куш азыр жумуртка басып, уясында жатат. Эмне кылайын? – деп атасына кайрылат. Атасы:

– Эмесе, энесине билгизбей бир жумурткасын уурдап мага көрсөт, анан кайра аярдап өз ордуна салып коёсуң – дейт.

Айлакер бир жумуртканы уурдап түшүп, атасына аны көрсөтүп, кайра ордуна коёт. Атасы кечинде Айлакерге кайрылып:

– Колуң эптүү, өзүң илбериңки экенсиң, мен билдим, сенин колуңдан бардык иштер келерин. Айбандарга, канаттууларга тийбе, алар менен шилекей алышып дос болгун, – деп ак батасын берет да: – Айылдын аркы четинде короосунда көп эчкиси бар, бирок балдары жок, бир карын сары майы бар чал жашайт, майын же өздөрү жебейт, же элге бербейт. Жатканда да ууру алып кетет деп коркуп абышка-кемпир ортосуна алып жатат. Ошонун майын уурдап кел, ооруган кемпир-чалдарга берип, сообуна калалы, – дейт абышка.

Айлакер, тайманбаган, жүрөктүү бала көзгө сайса көрүнбөгөн караңгыда кемпир-абышканын үйүнө жетип барат. Сары майды ортосуна алып, экөө мемиреп уктап жатат. Айлакер шырп алдырбай кирип, ортосундагы сары майды илбесиндей илип, көтөрүп чоң жол менен жай басып үйүнө келет.

Абышка чочуп ойгонсо, май жок. Жашынан шок өскөн Айлакер баланы элестетет. Ошол алды деген ой менен Айлакердин атасынын үйүнө төтө жол менен келет. Барса, бала келген эмес. Айлакерди бир азга күтөт. Аңгыча Айлакер майды көтөрүп жетип келет. Абышка майды колуна алып, кур чаканы:

– Ме, суу алып жетип кел, – деп шашкалактайт. Өзүмдүн атам экен деп суу алып келет.

Өз атасы жолунан тосуп чыгып:

– Балам, мен сени сууга эмес, майга жумшаган элем го, түн ортосунда суунун эмне кереги бар? – дейт. Айлакер абышкага алдатканын ошондо билип, жакын жол менен чуркап чалдын үйүнө барат, ал барса, келген эмес. «Сага жасабасамбы» – деп аны күтүп турат. Ак жоолук салынып чыйылдап:

– Кокуй, кокуй эчкилерди карышкыр кууп кетти, – дегенде ал майды бере салып, белгисиз тарапка жөнөйт. Айлакер бир карын майды көтөрүп үйүнө келет.

Чал үйүнө келсе, эчкилер турат. Кемпири аябай жемелейт:

– Ой, көк мээ, сен карышкыр кубалабай эле, майга кетпедиң беле, май кана? – деп ачуу үнүн чыгарат. Абышкадан Айлакердин амалы кыйын экенин билип: – Атаны кокуй, карылык, – деп санын чапкылап, отуруп калыптыр.

P. S. Буудайбек Сабыр уулу түзгөн “Жомокчулар жана жомоктор” китебинен алынды.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз