Еврей эл жомогу: Күлкүчү музоо

  • 25.04.2020
  • 4086

Айылдык еврей чийнесин кылдыратып жакынкы жайдагы Слихес[1] майрамына жөнөйт. Элул[2] айдын этегиндеги түн караңгы. Күз күнүндө жолду суу жеп, өтө алгыс баткак экен. Ат-көлүгү баткакка баткан төрт аягын тарта албай араң-араң жылат.

Бир убакта жакын аралыктан кимдир-бирөөнүн ыйынган, ынтыккан үнүн чалат еврейдин кулагы. Жакшылап эшитсе – музоо мөөрөгөндөй. Еврей чийнеден шып түшөт да, үн чыккан тарапка темселейт. Жакын барса: бутун серпе албаган музоо жатат. Еврей дароо музоону тургузат. Чийнеге жеткирет. Ыйынып-ычкынып музоону жүктөйт. Оңбогондой оор экен. Музоону чийнесине эптеп салган соң, тапкан олжосуна кудуңдайт. Кудуңдаган еврейдин кубанычы коюнга батпай кыңылдап ырдайт.

Жетер жерге тез эле жетсем дейт. Жетип эле музоону шойхетке[3] көрсөтүп сойдуруп, раввинге[4] бир азын берип, калган этти сатмакчы болот. Диний майрамда эт баарына керек эмеспи дейт.

Еврей музоону кылчайып бир карап алат да, атынын басмайылын бекемдеп, атты удургута камчыланат. Көп өтпөй алдынан бүл-бүл жарык көрүнөт. Анан эле кокусунан арка жагынан каткырык, күлкү жаңырат катуу. Караса – музоо күлүп атат, эй това!

Күлгөндө да ордунан тура калып, адамча катуу үн чыгарган бойдон чийнеден секирип түшүп, караңгы түнгө сүңгүп жок болот. Көрсө ал лантух[5] экен.

Которгон О`ШАКИР

[1] Динге сыйынар майрам.

[2] Еврейлердин календары боюнча он экинчи ай – август-сентябрь ортосу.

[3] Курмандыкка чалынган малды жегенге уруксат берер билерман.

[4] Еврей молдосу.

[5] 1) Чоң кап мүшөк;2) кемпай мүнөз адам дегенди түшүндүрөт.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз