Кытай эл жомогу: Сараң бай

  • 23.04.2020
  • 4114

Мелмилдеп агып жаткан, кээде жинденип толкуп-ташкан Хуанхе дарыясынын жээгиндеги кыштакта бир сараң бай жашаптыр. Эч кимге жакшылык кылбаган, жумушчуларын эзип кыйнаган ал байлыктардын башы деп алтынды санап, жалаң таза алтындан жасалган зер буюмдарын чогултчу экен.

Бир жолу катуу нөшөр төгүп, Хуанхе дарыясы жээгинен ашып, бүт өрөөндү каптайт. Элдин бууракандаган агымга акчусу агып, үлгүргөнү жан талашып бийик дарактарга чыга качат. Сараң бай да жоон терекке чыкканга үлгүрөт. Чакалап төккөн жамгыр басылганы менен дарыя суусу тартылбайт, тетирисинче күчөп күргүштөп берет. Таң атып эки жак көрүнгөндө сараң бай баш көтөрүп эки жакты караса, өзүнөн төмөнкү жоон бутакта кол алдында иштеген жумушчусу отурган болот. Экөө сүйлөшө баштайт.

- Кыштактан эч нерсе калган жок, баары агып кетти, эми эмне кылабыз? - дейт жумушчу ыйламсырай.

- Эмне кылмак элең, кайра эле мага жалданасың да, - дейт бай адатынча кербезденип.

- Сен экөөбүз азыр бирдей эле абалдабыз, анан сага кайдан жалданмак элем. Кичине өйдөрөк отурганың менен азыр менден айырмаң жок, - дейт тигинин текебер сөзүнө итиркейи келген жумушчу.

- Жаңылышасың! Мен азыркыдай эле дайыма силерден өйдө туруп, бай жашап келгем жана жашай бермекчимин, анткени суу каптап келатканда алтындарымды алганга үлгүрдүм, бул мени өмүрүм өткөнчө багат, - деп бай боорундагы баштыгын таптайт.

- А мен байкуш бир баштык жүгөрү токоч алганга араң үлгүрдүм, - дейт жумушчу баштыгын бооруна басып.

- Токочуңдан кайрылышпайсыңбы, курсак ачып кетти го, - дейт бай карды ачканын сезип.

- Алтыны бар кишинин курсагы ачмак беле, азыр эле айттың го, бул мени өмүрүм өткөнчө багат деп, - дейт жумушчу кекетип.

Ошентип жинденген буурадай кирген Хуанхе дагы эки күн, эки түн бою тартылбайт. Сараң бай ачкалыкка чыдабай сел токтогондо аткарам деп көп жакшы убадаларды берет, бирок жумушчу анын мурунку сөзүнө турбаганын эстеп ишенбей, нанга алтын алмашууну сунуштайт. Бирок жанынан да алтынды артык көргөн бай макул болбойт.

Бир нече күндөн кийин суу тартылып, дарыя ордуна келет. Жумушчу теректен аман-эсен түшүп келет, ачкадан өлгөн бай бир баштык алтынын кучактаган бойдон бутакта кала бериптир.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз