Мо Ян: Жазуучунун эң асыл касиети - Чындыкты айтуу

  • 16.09.2023
  • 5033

Мо Ян – Кытайдын учурдагы таланттуу жазуучусу. Нобел сыйлыгынын 2012-жылкы лауреаты.

Жазуучунун эң асыл касиети чындыкты айтуу экенине ишенимим бекем. Эгер жазуучу чындыкты айтуудан жалтанса, анда ал жалган дүйнөлөрдү жазаары бышык. Андай жалган нерселерди жазган калемгерлердин коомго пайдасы, элге эмгеги болбойт жана адабияттын сапатына эбегейсиз зыян келтирет.

Бир жакшы чыгарманын болушу - анын ичинде сөзсүз чыныгы дүйнөлөрдүн бар болгону, ал ошондой эле турмуштан, өмүрдөн, ылдыйкы катмардагы элдин өң-туркунан келген болушу керек.

Эгер кимде-ким адабият аркылуу чындыкты жаап-жашыруу максатында же болбосо белгилүү бир коомду көркөмдөп көрсөтүү оюнда болсо, анда бул чыгарманын сапатында күмөн бар.

Менин бир түрдүү сыңар жактылуу көз карашым бар: адабият, көркөм өнөр эч убакта кур даңаза айта турган же ким-бирөөлөрдүн чачпагын көтөрүүчү курал болбостон, тескерисинче, адабият, көркөм өнөр коомдун караңгы жактарын, теңсиздигин көрсөтө турган жана адамзаттын жүрөк түпкүрүндөгү тескей беттерин, жиркеничтүү жактарын ачып көрсөтүү үчүн керек. Албетте, мен окурмандын ыгына ыңгайлап, өз адабий чыгармаларымда чыгармачылык принциптеримди курман кыла албаймын. Мен жакында гана бир роман жаздым. Прологунда «Жалгыз окурманым калса да, ушундай жазуум керек» дедим.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз