Исаака Ньютон: Илим – узак мөөнөттүү инвестиция

  • 14.06.2021
  • 3261

Исаак Ньютон (4-январь, 1643-жыл. 31-март 1727-жыл) – англис элинен чыккан улуу физик, математик, механик, астроном жана классикалык физиканы негиздөөчүлөрдүн бири.

Ньютон бүткүл дүйнөлүк тартылуу күчү тууралуу мыйзамдын жана  классикалык механиканын негизин түзгөн дагы үч мыйзамдын автору. Ал дифференциалдык жана интегралдык эсептөөлөрдүн жана түстөр тууралуу теорияны жаратып, учурдагы оптика илиминин негиздерин түптөгөн.

Төмөндөгү Ньютондун философиялык ойлору анын инсандык сапаттарын гана көрсөтпөстөн, терең ойлонууга түрткү болот деп ишенебиз.

Даанышмандык тууралуу

Даанышмандык — бул чыдамкайлык.

Эң жакшы дос

Платон — менин досум, Аристотель — ал дагы менин досум, бирок эң мыкты досум — чындык.

Талант иллюзия

Менин бардык ачылыштарым талантыма байланыштуу эмес, а кунт коюп көңүл буруулар аркылуу жаралды.

Ар бир адамдын жан-дүйнөсүндө жаш бала жашайт

Дүйнө мени ар кандай кабыл алат, бирок өзүм үчүн мен деңиз жээгинде ойноп, чындыктын мухитинен өзгөчө үлүл кабыгын издеген жаш баламын.

Ден-соолук жөнүндө

Көп жыл тынбай ооругандан кийин, өсүмдүк диетасы мен ишенип ичкен дарылар бере албаган жеңилдикти тартуулады.

Чындыктын жөнөкөйлүгү тууралуу

Адам жалган нерселерди кыялданып элестетиши мүмкүн, бирок чыныгы нерселерди гана түшүнө алат, анткени ал нерселер жалган болсо, аны түшүнүүгө мүмкүн эмес (сөз жалгандын бири-бири менен келишпеген жерлери арбын, аны айткан адам өз калпына чалынып калары тууралуу жүрүп жатат).

Адамдар дайыма калп айтышат

Библилияда, кайсы гана светтик окуяларга салыштырба, чындыктын белгилери арбын (Ньютон динге ишенген адам болгон).

Билим деңгээлибиз

Билбегендерибиз мухит болсо – бардык билгендерибиз ошол мухиттин бир тамчысындай.

Бүтпөгөн согуштар тууралуу

Биздин дүйнөнүн эркектери көпүрөлөргө караганда дубалдарды көп курушат.

Илим – узак мөөнөттүү инвестиция

Бүткүл ааламды түшүндүрүү – кандай адамга болсо да, ал тургай бүтүндөй бир доор үчүн да чечүү үчүн  эң оор маселе.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз