* * *
Кепти барктаган жолоочу менен баарлашпасаң, адамдан айрыласың. Ал эми кепти барктабаган жолоочу менен баарлашсаң, сөздөн айрыласың. Көсөм адамды да, сөздү да көздөй кадырлайт.
Чын-чынында жашоо дегениң жөпжөнөкөй жараян, бирок биз аны атайлап татаалдаштырабыз.
Билимге үч жол жеткизет: ойлонуу жолу – бул эң нарктуу жол, тууроо жолу – бул эң шарттуу жол, тажрыйба жолу – бул эң катуу жол.
Кетирген катаңды оңдобосоң, ката кетиргениң ошо.
Арада толгон-токой ардеме-бирдемени көрүп-багабыз, арийне, башкы баалуулукту караманча байкабайбыз.
Сени бирөө түшүнсө – шол бакыт, сени бирөө сүйсө – чоң бакыт, сен бирөөнү сүйсөң – зор бакыт.
Айкөл талапты өзүнө коёт, акмак – өзгөгө коёт.
Мени эл тааныбайт деп сабыркаба, тек элдин таанышына татыктуумунбу деп сабырка.
Түк мүдүрүлбөй-нетпей жашаган пенде залкар эмес, мүдүрүлүп-нетип, некин, кайрадан кайра өжөрлөнүп, өйдө туруп жашаган пенде залкар.
Сага соңуңдан түкүрүп жатышса, салабат, алдыңкы сапта келаткан белемсиң?!
Асыл ташты ары-бери сүргүлөбөсөң жалтырабайт. Анын сыңарындай, турмуштун ысык-суугуна бышпаган кишиге ийгилик жылмайбайт.
* * *
Өмүр кандай экенин үйрөнбөсөк, өлүм кандай экенин кайдан үйрөнөбүз?
Табиятың тарбияңды басса, жапайыга айланасың, тарбияң табиятыңдан ашса, жасалма жанбактыга айланасың. Табиятың менен тарбияң тең жарыша өнүккөндөбү, жараган азамат аталасың.
Акылман керт башына каалабаган балээни бөлөк-бөтөнгө дегеле каалабайт.
Ой жүгүртүүдөн кур жалак илимдин пайдасы тийбейт, илимден кур жалак ой жүгүртүүнүн зыяны тийиши мүмкүн.
Ар убактан бир убак билимиңдин чукактыгын аңдап-туйгандай оку, ар качандан бир качан билгениңди жоготуп ийүүдөн коркуп тургандай оку.
Ишеничтен чыккан эмеге иш тапшыргандарга айран таңмын. Ок жыгачы жок арабаны кантип айдамак элең?
* * *
Эгерде ким-бирөөнү жектеп калсаң, анда ага жеңилгениң.
Жан бүткөндүн баарына сулуулук энчилүү, асыресе, береги сулуулукту сезүү жан бүткөндүн баарына эле энчилүү дешке ооз барбайт.
Сабатсыздыгы санааркатып, сабаттуулукту самаган айры аяк, карабашылга гана санат-насаат айт.