Эрнис Асек уулунун котормосундагы Конфуцийдин осуяттарынан

  • 18.03.2021
  • 4742

Устат айтты эле:

- Эгерде элди бир гана мыйзамдар менен башкарып, тартипти күч менен кармап, жаза менен коркутсаң, анда эл мыйзам менен тартипти айланып өтүп, анысынан уялып да койбойт.

Эгерде элди Дээр (изгилик) менен башкарып, тартипти каада-салт менен кармай билсең, эл уятын сезип, өзү эле баш ийип берет.

1.

Устат айтты эле:

- Оку-чоку, таанып бил, ар дайым таанымдын жаңы чокусуна жет, кантип жан жыргабасын!

Алыскы-алыскы өлкөлөрдөн кайтып келген досуңду кучак жайып тосуп ал, кантип сүйүнбөйсүң!

Атак-даңкты аркалабаган гана - чыныгы Ак ээк (акылман, кеменгер, даанышман) болуп жүрбөсүн?!

2.

Үү зы айтты эле:

- Ата-энесин ардактап, улууну урматтаган оңою менен бийликке каршы аттанбайт.

Бийликке каршы аттангысы келбей туруп, бүлүк салганды көксөгөн адам болгон эмес.

Ак ээк ар дайым түпнегизге түнөт. Түпнегиз түптөлгөндө Жол-Жосун (Дао) ачылат.

Ата-энени ардактоо, улууну урматтоо – мынакей адамкерчиликтин түпнегизи.

3.

Устат айтты эле:

- Кооз сүйлөп, олуттуу түр көрсөтүп, калптын казанын кайнатуу – адамгерчилик менен кайнаса каны кошулбайт.

4.

Зен зы айтты эле:

- Мен күнүнө өзүмдү үч жолу сынап турам:

Элге чын жүрөктөн кызмат кылып жатамбы?

Жоро-жолдошторум менен чын ниеттен сүйлөшүп жатамбы?

Устатымдын айткандарын аткарып жатамбы?

5.

Устат айтты эле:

- Кандыгыңды башкарсаң, калың колуң (аскериң) кадырлуу болсун, ишиңе илгери, ишеничке бекем бол, чыгымыңды аз кылып, эл кадырын саз кылгын, абал-шартка жараша атпай журттан жардам ал.

6.

Устат айтты эле:

- Жаш чагыңда үйүңдө баладай болуп ата-энеңди кадырлап, үй сыртында улууларды урматтап, көңүлүң курч, чындыгың мурч болуп, элин сүйгөн эрендер менен бир болгун.

Андан тышкары ал-күчүң ашып-ташып турса, билим кудугун казып, акылбулчуңга акыл кош.

7.

Зысыйа айтты эле:

- Эгерде алаасын ойлобой, абийирин ойлогон болсо да, алдан тайганча ата-энесин ардактаган болсо да, падышага кызмат өтөп жатып, жанын бергенге даяр болсо да, жоро-жолдоштор алдында сөзүнө бекем болсо да, ошого карабай аны көөдөнү сокур көркат аташсын, мен аны кылым кыйшайбай туруп, эси бар эржүрөк билерман атайт элем.

8.

Устат айтты эле:

- Он бешимде окууга дилгирлендим, отузумда өз алдынчалыкка жеттим, кырк жашымда эч нерседен шектенбей калдым, элүүмдө Теңирдин эркин түшүндүм, алтымышка чыкканда чындык менен жалганды ажырата билдим, жетимишимде жүрөгүмдүн эрки менен болуп, каада-салтты бузбай келем.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз