Улуу Лао-Цзынын жашоого сиңирип алчу сабактары

  • 30.06.2021
  • 5175
  • Ким алса – алаканы толот, Ким берсе – жүрөгү толот.
  • Тоого чыгып баратып, өзүңдөн ылдыйкыларды башка тепкилебей өт, ылдый түшүп келатканда аларга кайра эле жолугасың.
  • Көп чогулткан көп чыгымга дуушар болот. Ким өлчөмүн билсе – ал жаңылбайт. Чегин билген, коркунучтарга кабылбайт. Ал түбөлүктүү боло алат.
  • Тар нерсе – кеңейет. Бошоң нерсе – чыңалат. Талкаланган жер – гүлдөп өсөт. Бирөөнүн бири нерсесин тартып алган адам, сөзсүз бардыгын жоготот.
  • Бүтүн болгуң келсе, өзүңдү майда бөлүкчөлөргө бөлүнүүгө жол бер. Толтура болгуң келсе, бошогонго жол ач. Эгерде бардыгын алгың келсе, бардыгын бергенди үйрөн.
  • Мына эми баштайм деген адам эч качан баштабайт. Аябай шашкан адам эч нерсеге жетпейт. Бардыгына көрүнүктүү адам, өзү ачык көрө албайт. Өзүнүкүн эле туура деген адам, мыкты боло албайт. Өзүн кыйнап кылган иштин ийгилиги болбойт. Өзүн аяган өнүгүп-өспөйт.
  • Адамдар өкүмдарын көкөлөтө мактай баштаганда мамлекеттин иши начарлайт. Адамдар байлыкка бериле баштаган жерде уурулук күчөйт.
  • Кыйынчылыкты жеңүү жеңил нерселерди жеңүүлөрдөн, улуу нерселерге жетүү, майда нерселерге жетүүдөн башталат. Анткени дүйнөдөгү татаал нерселер оңой нерселерден, улуу нерселер майда иштерден куралат.
  • Каалгаңды ачып сыртка чыкпай туруп, сен дүйнөгө жүрөгүңдү ача аласың. Терезеден карабай туруп, Чыныгы жолдун маңызын көрүүгө жөндөмдүүсүң. Канчалык көп билсең, ошончолук түшүнбөгөндөрүң көбөйөт.
  • Биз шамалдын багытын эч качан өзгөртө албайбыз, бирок керектүү жел кайыктарды коюу биздин колубузда.
  • Оңой жетишилген келишим, ишенич жаратпайт.
  • Чындык сөздө таттуулук болбойт, жагымдуу сөздө чындык болбойт.

Которгон Абийрбек Абыкаев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз