Кундуз Суранбаева: Билет бекен жолдор – балам күткөнүн?

  • 06.07.2021
  • 3738

Сынбагын.
Сынбадым мен жыгылсам да,
Сызыктан чыккан сөздөр сыйыртмак салышканда.
Жүрөгүм миң тилинип,
Өмүрдү кыйгым келбей кыйылсам да,
Өрттөнүп кетет чыгар деген элем,
От болгон дүйнөм ооруп карышканда.
Тооруган ажал келип жарышканда.

Ыйлаак кыз,
Ыйын жутуп ыйлай албай,
Ичимен ак жаан болуп төгүлгөмүн.
Ыдырап тигишинен сөгүлгөмүн.
"Кол коюп бериңиз" деп дарыгерлер,
Күйөөмдүн бар үмүтүн өчүргөнүн.
Сездим да туйдум анын өкүнгөнүн.
Баратып туңгуюкка дары менен,
Бетме-бет көрдүм анан өлүм көзүн.
Бир туруп шахмат өңдүү,
Ак-кара жолдор менен,
Алыстап учуп кетип,
Гүүлдөгөн добуш менен күүгүмдөн чыга калып,
Мингеним парктагы эле оюн-зоок машинасы,
Болгону баары аппак, асманы, кабинасы.
Мен жеткен жер туюлду ааламдын орбитасы.

Канча убак жаттым билбейм,
Бир кезде кобураган, үндөрдү уккансыдым,
Алыста-ан, тээ алыстан ак жарык көрүнгөндө.
Шахматтуу жолдор да жок,
Үлпүлдөп учпай калдым.
Үргүлөп ойгонгондой,
Түштөрдү тутпай калдым.
Колумду бекем кармап,
Күйөөмдүн жылмайганын
Көрдүм да көздөрүнөн окудум ыйлаганын.
Бир канча саат ичинде,
Бир топко улгайганын.
Капырай жан ширин да,
Күбүрөп кудайладым.

*     *     *

"Тузу оор дешет", кеткендер көп кайрылган.
Бул калаанын нанын, тузун таткандар.
Учуп кеткен бир периштем жай кылган,
Мага кымбат ушул шаарда аткан таң.

Келип, кетип, жолдор тосуп узатып,
Далай жанды келбейм деген мен өңдүү.
Тагдыр калчап өйдө-төмөн кулатып,
Ый-күлкүмө күбө болгон көчөсү.

Жашап, иштеп, тирүүлүктү улаган,
Жарыгы көп, жашыл шаарда турагым.
Бооруна албай далай ирет сынаган,
Бороондуу эле бул калаанын кучагы.

Тапканыман жоготконум көбүрөк,
Таразанын кайсы жагы оор десең.
Жетингендер жетимдердей бөлүшөт,
Оомат колдон оошот деген ойдо экен.

Мүнөзүмбү, жабышпаган жалпаңдап,
Менде элдей коюн-колтук достор жок.
Кадырымды капчыгыма салмактап,
Кай бирөөлөр катарына кошкон жок.

Күлсө күлүп, керкейгенге керкейип,
Укпай коём ооз учунан саламын.
Ийилгенге андан өтүп эңкейип,
Күнөөсү көп катардагы адаммын.

Жолдун ушул сагынычты коштогон,
Башталганын билем, билбейм бүткөнүн.
Кучагына кусалыгын топтогон,
Билет бекен жолдор – балам күткөнүн?

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз