Ооруну алдын алуу: Чыгыш медицинасынын кеңештери

  • 02.02.2024
  • 5153

Батыш медицинасындагы ооруну алдын алуу принциби менен чыгыш медицинасындагы оорунун алдын алуу принциптеринин ортосунда айырма чоң. Чыгыш философиясы учурдагы Батыш адамына татаал жана ойдон чыгарылгандай сезилет...

Бирок байкоо салып көрсөк, Батыштын жашоосу Чыгыштын жашоосунан биринчи кезекте жашоо темпи менен айырмаланат. Батыш дайыма кайдадыр бир жакка кечиккендей карбаластап, шашып жүрөт. Чыгыш – кайсы бир чечимди кабыл алаардан мурда бардыгын таразалап, андан кийин гана кабыл алат. Ошондо да айланасындагы адамдардын пикирлерине карап иш кылат.

Чыгыш адамы бул Системанын бир бөлүгү экендигин түшүнөт... Ал жашап жаткан дүйнөсүнүн бир бөлүгү. Эгерде ал Система менен байланыш бузулса, эң биринчи кезекте адам өзү жабыркайт. Мына ушул жерде өзүңдүн гана ден-соолугуңа эмес, дегеле жашоого болгон көз карашка түрдүү мамиленин ачкычы катылган...

Эң кызыгы, Батыш адамы бул жыйынтыкка ден-соолугу талкалангандан кийин келет. Ошондуктан бүгүн сиздерге Чыгыш медицинасынын ооруну алдын алуу боюнча кеңештерине көңүлүңүздөрдү бургубуз келет.

1. Бардык нерседе “алтын өзөк” принцибин, башкача айтканда аша чаппай же кемитип жибербей, ортодогу жолду кармангыла: сезимдерде, тамак-ашта, жумушта.

Көңүл чөгүү же толкундануу ден-соолукка кандай зыяндуу болсо, көңүл ачуу менен сайран куруулар да ошондой эле зыян.

Эсиңерде болсун:

– өтө көп олтуруулар булчуңдарды бошоңдотот;

– Көп бассаң тарамыштарыңды чоюп аласың;

– Кечке бир жерде тура берсең сөөктөргө күч келет;

– Кечке жата берсең жашоо энергиясы азаят;

– Кечке бир жерди тиктеп олтурсаң каның бузулат.

2. Аз-аздан бирок бат-бат тамактангыла: бул тамак-аштын жакшы сиңишине ийги.

Эгерде көпкө чейин ачка болуп, анан дароо көп тамак жесең өзөккө түшүп кетерин унутпа.

Учурда арыктоонун жана туура тамактануунун диетасы ушул принципке негизделет. Ошондуктан ооруну алдын алуунун бул кеңешин Батыш медицинасы да карманат.

Чыгыш медицинасында ооруну алдын алууда бул осуят экинчи орунда, ал эми биринчи орунда активдүү жашоо принциби.

3. Кыймыл – бул жашоо:

“Аккан суу эч качан сасыбайт... анткени ал дайыма үзгүлтүксүз кыймылда болот”.

Бирок кытайлардын ден-соолукту чыңоочу көнүгүүлөрү менен Батыштын физикалык маданиятынын ортосунда чоң айырмачылык бар. Кытайдын көнүгүүлөрү аша чаппаган, ченеми менен болгон кыймылдарга негизделет. Көнүгүүлөрдү жасоодо ашыкча, булчуңдарга күч келтирген кыймылдарды жасоонун зарылчылыгы жок. Ар бир адам өз күчүнө ылайык көнүгүүлөрдү тандап алганы оң.

Көнүгүүлөрдү жасоо учурунда акыл-ойду бир жерге топтоп, денедеги ци энергиясын Жаратылыш менен гармонияга жетишүү аркылуу жан-дүйнө бейпилчилигине жетүүгө багыттоо керек.

Кытайда бул максатка жетиш үчүн цигун, дао-инь деген гимнастикалык көнүгүүлөр менен катар массаж колдонулат.

4. Башыңды салкын, буттарыңды жылуу карма.

Бул принцип кан басымдын көтөрүлүшүнө алып келүүчү, баштагы энергиянын ашыкча топтолушунан сактайт. Кан басымын төмөндөтүү үчүн энергияны таманга түшүрүү зарыл, ошондуктан буттарды дайыма жылуу алып жүрүү керек. Таманыңарды сүрткүлөп жылыткыла – бул жүрөк кризисинен сактайт.

Бул айрыкча улгайган адамдарга тиешелүү. Чыгыш медицинасы бул нерсеге өзгөчө көңүл бурат.

Албетте, бул принципти бардыгыбыз жакшы билебиз. Бирок аны дайыма эстен чыгарбай жүрүү маанилүү!

5. Байкап сүйлөгүлө: айтаардан мурда жакшылап ойлонгула

“Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө”, “Айтылган сөз, атылган ок – артка кайрый албайсың”, “Айткыча сөз сенин кулуң, ооздон чыккан соң, сен сөзүңдүн кулусуң” деген макалдарды унутпагыла.

Бир эле нерсени эстегилечи: бирөөгө туура эмес сүйлөп алсаң, кийин өкүнүп каласың... анан стресстер, тынчсыздануулар, уйкусуздуктар башталат... Жыйынтыгы оору менен аяктайт.

Муну биздин ата-бабаларыбыз деле билген. Бирок ашыкча айтылган сөз ден-соолукка таасир тийгизерин билбептирбиз... 

6. Сары санаага батып олтура бербей – көп аракет кылгыла

Далай Ламанын сөзү эсиңерде болсун:

“Эгерде чечиле турган көйгөй болсо, ал жөнүндө тынчсыздануунун кереги жок, эгерде чечүүгө мүмкүн эмес көйгөй болсо, ал тууралуу ойлонуудан эч пайда жок”.

Көрдүңүзбү, батыштын – “Стресстерден сак болгула!” деген ооруну алдын алуу принциби Чыгышта атам замандан бери эле белгилүү экенин.

7. Акылыңарды өстүргүлө

Кытайлардын иероглифтер тилинде “жүрөк”, “ой”, “интеллект”, “акыл” деген сөздөр окшош белгилер менен белгиленет. Ошондуктан Чыгышта эзелтеден эле жүрөк менен акыл биригип, бир бүтүнгө айлана турган техниканы колдонуп келишет. Бул нерсе сүкүт кылуу аркылуу ишке ашат.

Мына ушул жерде Батыш адамы үчүн кыйынчылыктар башталат, бул биринчи кезекте жашоо темпи менен байланыштуу. Бизге тынч абалда, көңүлдү бир жерге топтоо өтө кыйын. Ошондуктан, эң жөнөкөй ыкма – кечинде уктаар алдында көзүңөрдү жумуп, кайсы бир оюңарга түшкөн нерсени элестетүүгө аракет кылгыла. Мисалы – токой, дарактардын шуулдаганы, булактын шылдыр үнү...

Дароо эле ойдогудай болбойт. Ойду бир жерге токтотуу кыйын. Бир кезде эле токой жөнүндө эмес, өзүңүздүн көйгөйлөр тууралуу ойлонуп жатканыңызды байкайсыз... Бирок багынбаңыз! Ден-соолук бардыгынан кымбат! Ар бир жасаган сайын жакшыра баштайт.

Бир гана телевизорду коюп алып уктагандан кудай сактасын!

8. Ар бир таңда аз да болсо кыймылдап, көнүгүүлөрдү жасагыла:

-- Башыңарды щётка менен же манжалар менен ушалап алгыла. Чекенеңерден желкеңерге чейин ушалоо аркылуу кандын жүгүрүшүн жакшыртып, кан басымды калыбына келтирип алсаңыз болот, баш оору менен стресстен арыласыз.

– көздөр үчүн көнүгүү: көздү бекем жумуп, кабагыңызды түйүп, кайра тез ачыңыз; каректериңизди оңго 15, солго 15 жолудан айлантыңыз.

– Жүзүңүзгө массаж жасаңыз: алакандарыңызды ушалап жылытып алыңыз да, анан бетиңизди чекеңизди карай сылап, ушалап чыгыңыз. Мындай массаж мээнин иштешин жакшыртып, кан басымын нормалдаштырат.

Манжаларыңызды ушалап массаж кылыңыз. Ар бир адам өзүнө ылайыктуу “жалкоолор үчүн” көнүгүүлөрдү таап алса болот – төшөктөн тура электе жасаган көнүгүүлөрдү ушинтип аталат.

9. Күн режимин сактагыла

Жазында караңгы кире электе жатып, эрте тургула.

Жай менен күздө эрте жатып, эрте тургула.

Кышында эрте жатып, кеч тургула.

Бул эрежелер 200% га иштейт. Ден-соолук гана эмес, жаштыгыңар менен сулуулугуңар сакталат. Айылдыктар кандай жашаганына көңүл бургула. Илгертеден эле биздин ата-бабалар ушундай жашап келишкен.

Чыгыш менен Батышта айтылган кеңештердин окшош жактары көп. Бул эрежелерди сактоо менен биз ден-соолугубузду, жаштыгыбызды, сулуулугубузду сактап калабыз.

Даярдаган Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз