Гиппократ: Килемдин чаңын күбүп кетирген сыяктуу, гимнастика денени тазалайт

  • 01.02.2024
  • 4250

Мындан көп мезгил илгери эле байыркы грек дарыгери сизге азыркы учурда пайдасы тиер ойлорду жана идеяларды айтыптыр.

Бардык дарыгерлер окууларын аяктаган соң Гиппократтын антын берерин кимдер билбейт. Ошондон кийин гана алар оорулууларды дарылоо үчүн аттанып чыгышат. Аты миң жылдардан бери медицинада калгандай, ал кандай эмгеги менен өзгөчөлөнүп, эмне эмгек сиңирди болду экен? Анда эмесе Гиппократка эмнелер үчүн карыздар экенибизди санап көрөлү.

  • Адегенде эле Гиппократ учурдагы клиникалык медицинанын башатында турган. Адамдардын жашоосуна кудайлардын кийлигишүүсү тууралуу түшүнүк, медицинага илим катары карап, жаратылышта ар бир оорунун себеби барын таануу менен алмаштырыла баштаган мезгил ошондо башталган.
  • Ал адамдын организминин бир бүтүн нерсе экендиги жөнүндө түшүнүктү киргизген.
  • Ал биринчи жолу ден-соолугу, жашоо шарты, башта кандай оору менен ооругандыгы жөнүндө оорулуу өзү же аны жакшы билген адамдардан алынган маалыматтардын жыйындысын (анамнез) колдонууну жана консилиумдарды өткөзүүнү киргизкен.
  • Ал темпарамент жөнүндө окууну ачып, адамдардын жүрүш-турушу, мүнөзү анын денесинде айланып турган жашоо “ширесинине” кандай таасир кыларын аныктаган.
  • Оорулардын өнүгүүсүнүн этаптары жөнүндө түшүнүктү киргизкен.
  • Оорууну изилдөөнүн жаңы ыкмаларын – пальпация жана аускультацияны (адамдын организмдеги үндөрдү тыңшоо аркылуу диагноз коюу) киргизкен.
  • Ал дарылоонун эң мыкты ыкмасы – организм оору менен өзү күрөшүүсү үчүн шарттарды түзүп берүү деп эсептеген. Ушул жерден медицинанын: “Зыян кылба!” деген эң маанилүү принциптеринин бири келип чыгат.
  • Гиппократтын илимий эмгектеринен көп акылман ойлорду табасыз, ал ойлорду эсиңизге тутуп, ал кеңештерди өз ден-соолугуңузду сактоо жана чыңоо максатында колдонсоңуз пайдалуу деген ойдобуз.
  • Көңүлү куунак адамдар тез сакайышат жана көп жашашат.
  • Кыймыл — жашоонун кампасы.
  • Ден-соолугу таза кайырчы, оорулуу падышадан бактылуу.
  • Биздин тамак-ашыбыз дары, ал эми дары-дармектер тамак-аш каражаты болушу керек.
  • Биз кыска жашоону албайбыз, биз аны өзүбүз жасайбыз; биз жашоого кедей эмеспиз, аны курулай чачып салабыз. Туура пайдаланса жашоо узак нерсе.
  • Убакытты эч нерсе кылбай бош өткөрүү бузулууга жана ооруга алып келет, тескерисинче, бир нерсеге аракет кылып умтулуу сергектикке жана жашоонун кызыктуу өтүшүн шарттайт.
  • Дары айыктыра албаган нерсени темир айыктырат. Темир менен дарылай албаган нерсени от менен дарылайт. От айыктыра албаган оору айыкпас оору.
  • Кээ бир оорулуулар туңгуюкка кабылганын сезип турушса да, дарыгердин күчүнө ишенген үчүн айыгып кетишет.
  • Бардык оорулардын учурунда оорулуу адамдын көңүлү чөкпөсө жана тамакка табити жакшы болсо – жакшы белги. Андай эмес, тескерисинче болсо – жаман белги.
  • Диеталык каражаттардын таасири көп убакытка, ал эми дары-дармектердин таасири кыска убакытка жетет.
  • Ашыра тоюп тамактануу болобу, ачарчылык болобу, же дагы башкасыбы, кептин баары – жаратылыштын ченеминен ашып кеткени жакшы эмес.
  • Уйку жана уйкусуздук ченемин ашык болсо – жаман белги.
  • Себепсиз чарчоо оорудан кабар берет.
  • Уйку жакшы болсо, оору айыгат.
  • Көпчүлүк учурларда эң жакшы дары – дарысыз айыгуу.
  • Дарыгер дарылайт, бирок жаратылыш айыктырат.
  • Оорунун көпчүлүгү жашоого болгон мамиледен чыгат.
  • Сапаты начар, бирок жагымдуу тамак-аш сапаттуу, бирок жагымсыз тамактан пайдалуурак.
  • Жумушка көнгөн кары жана алсыз адамдар, жумуш кылып көнбөгөн жаш жана күчтүү жигиттерге караганда бардык жумушту кыйналбай жасашат.
  • Эркек эки учурда ачууланат: курсагы ачканда жана ыза болгондо, ал эми аялдар бир эле учурда – сүйүүсүз калганда.
  • Өз жашоосун өзгөрткүсү келбеген адамга, эч ким жардам бере албайт.
  • Кимде-ким ишке жөндөмдүүлүгүн, ден-соолугун, толук кандуу жана кубанычтуу жашоосун сактагысы келсе, гимнастика, физикалык көнүгүүлөр, басуу ар бир адамдын күнүмдүк жашоосунда бекем адатка  айланышы керек.
  • Килемдин чаңын күбүп кетирген сыяктуу, гимнастика денени тазалайт.
  • Адамдын жан-дүйнөсү өлгөнгө чейин өсүүсүн токтотпойт.
  • Эгерде катуу оорулуу кыйналганын билбесе, анда анын жан дүйнөсү оорулуу.
  • Оору дайыма бир нерсенин ашык болушунан же бир нерсенин жетишсиздигинен келип чыгат, башкача айтканда, тең салмактуулук бузулгандан болот.
  • Оорудан сакаюу – убакыттын иши, бирок кээде мүмкүнчүлүктөн да болот.
  • Бир нече дарыгер оорулууну көрүп атканда, оорулуунун көзүнчө анын оорусу тууралуу пикирлерин айтууга болбойт, айрыкча коллегалар бири-бири менен талашып, уруш чыгаруу, биринин оюн бири жокко чыгарып талашуу – кечиримсиз нерсе.
  • Ооруга байланыштуу бул эрежени дайма аткар: жардам бер, жардам бере албайсыңбы, зыян кылба!
  • Жашоо кыска, искусствонун сапары узак, ыңгайлуу учур учкул, тажырыйба алдамчы, талдоо кыйын. Ошондуктан, жалгыз эле дарыгер колдо болгон каражаттын бардыгын пайдаланып аракет кылбастан, оорулуу өзү, айланадагылар, ал тургай сырткы курчап турган чөйрө да дарылоого көмөк кылуулары керек.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ


Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз