Дилазык: Шайтандар жөнүндө араб элинин икаясы

  • 23.07.2021
  • 4395

Бир жолу шайтандардын башчысы адамдардын эң кымбат нерсесин уурдап, аны бекем катып коюуну чечти. Бул максатына жетүү үчүн эмне кылуу керек деген маселе коюп, шайтандардын курултайын чакырды.

Бир шайтан мындай сунуш киргизди:

– Келгиле, адамдардын байлыгын уурдап алалы.

– Жок, андай кылган болбойт, – деди шайтандын чоңу. – Тескерисинче, алардын байлыгын көбөйткөнгө жардам кылсак, алардын көйгөйлөрү көбөйүп, азап-тозогу арбыйт.

Экинчиси мындай деди:

– Адамдардын акыл-эсин уурдап албайлыбы.

Шайтандын башчысы мындай деди:

– Эй, ойлонбойсуңарбы... Эгерде адам акыл-эсинен ажыраса, ал өз башына келген кыйналууну кантип сезет?

Ошондо шайтандын эрке аялы чыгып мындай сунуш киргизди:

– О шайтандардын башчысы, бардык жакшылыктардын душманы... Бакыт – бул ар бир адамдын жетүүнү көздөгөн эң кымбат максаты... Келгиле, адамдын бактысын уурдайлы.

Шайтандын башчысы эрке аялынын сунушун жактырды. Ал адамдын бакытын уурдатып алды. Чындыгында эле бул адамдагы эң баалуу нерсе эле.

Эми шайтанда жаңы көйгөй жаралды – уурдалган бакытты адамдар таба албас жерге катуу керек эле.

Шайтандардын бири айтты:

– Келгиле, адамдын бакытын деңиздин тереңине алып барып каталы.

Экинчиси кошумчалады:

– Балким ал бакытты жердин жеткен чегине алып барып салсак кандай болот?”

Шайтандын башчысы аларга макул болгон жок:

– Адамдар көп жылдар бою жашап акыл-эстери өстү, алар учактарды жасап асманга көтөрүлдү, кемелерди жасап деңиз түбүнө жетти. Континенттер аралык учкан ракеталарды ойлоп табышты, ошондуктан алар силер сунуштаган жерлерди бат эле таап алышат...

Ошондо шайтандын башчысынын көзгө басар эркеси кайрадан ордунан турду:

– Оо, шайтандардын башчысы, бардык жамандыктардын кожоюну, адамдар өз бакыттарын таба албасын десең, аны алар ойлобогон жерге катыңыз... Аны адамдын жүрөгүнүн тереңине жашырыш керек! Адам бактысын байлыктан, атак-даңктан издейт, аялдар менен эркектер бири-биринен издейт, бирок таба алышпайт. Анткени бул убакта бакыт ар бир адамдын өз ичинде, жүрөгүндө жаткан болот.

Шайтандын башчысы эркесинин акылына дагы бир жолу баа берди, ага башын ийип таазим кылды да, кызарып күйгөн чоктон алып белек кылды.

Ошондон баштап адам өз бактысын жан дүйнөсүнөн башка жердин баардыгынан издеп таппай келе жатат!

Икаянын тыянагы:

Өз бактысын адам өзү гана жаратат. Бакытты бирөө белек кылбайт, аны өзүң жасайсың. Бир нерсеге ыраазы болсоң – ал бакыт... Сүйүү – бул бакыт... Бирөөгө жакшылык жасасаң, бирөөнү кубантсаң – бакыт... Оюңду оңдой алсаң, досторуң менен сыр бөлүшсөң – бакыт... Ден-соолук – бул чоң бакыт... Чын дилиңден күлсөң – бул дагы бакыт...

Кыскасы, бактыңарды өз жан-дүйнөңөрдөн издегиле... Өз бактыңарды өз колуңар менен жасагыла... Бакыт – бул чечим. Бакыт – бул дүйнөдөгү жыргалчылыгың жана акыретте кечиримге ээ болуу.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз