Куйтулукка ууланган улуу окумуштуунун тагдыры

  • 28.07.2021
  • 6150

Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүн түзгөн, профессор Жээнбай Мукамбаев Памирдеги кыргыздардан чыккан илимпоз шакирти Калык Кадыркулов менен. (сүрөт качан тартылганы белгисиз)

Көрө албастыктын курмандыгы болгон тилчи-окумуштуу Жээнбай Мукамбаев тууралуу азыноолак ойлор.

Кыска өмүрүндө кыргыз сөзүнүн деңизин жаратууга дат баспаган алтындай баалуу салым кошкон, бирок өз кезегинде ак эмгеги үчүн ырахмат угуунун ордуна тескерисинче ары аянычтуу, ары татаал тагдырга туш келген кыргыздын тилчи-окумуштуу уулу, эр ортону элүү жаш курагында дүйнөдөн өткөн Жээнбай Мукамбаев тирүү болгондо 90 жашка чыкмак. Чынын айтканда, бул инсанды эскерүү коомчулук үчүн да, анын ичинде шакирттери үчүн да өтө аянычтуу.

Кыргыз тил илимин, анын ичинде диалектология илимин өнүктүрүүгө бүткүл өмүрүн арнаган устат агайым Жээнбай Мукамбаевдин татаал тагдырга туш келгенинин кесепетинен өмүр менен эрте кош айтышканын мурда билбей жүргөн экенмин.

2009-жылы болсо керек, жазуучулардын «Кыргыз адабияты» деген гезитине жарыяланган филология илимдеринин доктору Үсөнбек Асаналиевдин «Айкөл адам, атактуу аалым» аттуу макаласынан төмөндөгү жана кейиткен кайгылуу саптарды окугандан кийин кабардар болдум: «... Жекем куйтулуктун, эки жүздүүлүктүн, көрө албастыктын курмандыгы болду. Мага 1972-жылдын 6-июнунда өз колу менен жазып белекке берген «Сөздүгүн» сары майдай сактап жүрөм. «Диалектологиялык сөздүгүнө» байланышкан иштин аягы «оңдоп кайра басылсын» деген бүтүмгө барып, калган үч том кол жазма боюнча даяр түрүндө басылбай калды. Ошол арыз жазгандардын диалектология боюнча келтирген салымы, диалектологиялык айласы кана? Жок! Ал чуунун зыяндан башка пайдасы жок. Андан кыргыз тили, кыргыз илими гана зыян тартты». Акыйкат таразасына калыстык менен назар салган илимпоз Үсөнбек Асаналиев убагында мына ушундай баа берген эле.

200 басма табак көлөмүндөгү «Диалектологиялык сөздүктү» түзүш үчүн чейрек кылымга жакын «ийне менен кудук казган» маркум устат-агай, көрсө, адилетсиз баанын, көрө албастыктын кесепетинен мына ушундай татаал абалга кириптер болгон экен! Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Жусуп Абдырахманов, Исхак Раззаковдор ууланган куйтулук, көрө албастык уусуна эч бир күнөөсү жок тилчи-окумуштуу Жээнбай Мукамбаев агай да ууланган турбайбы деген аянычтуу ой таалимин алган шакирти катары мени абдан терең кайгыга батырган.

Тажикстандагы кыргыздар жыш отурукташкан Жерге-Тал (азыркы «Лахш») районунун Чоң-Кыргыз айылынын кыргыз орто мектебинде окуп жүргөн 1967-жылы жай айында Жээнбай Мукамбаев бир топ шакирттери менен биздин айылга келгени, адамдардан чөптөрдүн аттарын жана айрым бейтааныш сөздөрдүн маанилерин үстөккө-босток сурап кызыкканы, дептерчесине тынымсыз чиймелеп жазганы жана эл менен астейдил баарлашканы али да көз алдымда турат.

1978-жылы тагдыр буйругу менен Фрунзеге келип Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүнө документ тапшырганмын. Ошондо Жээнбай агай Тажикстандагы кыргыздардан экендигим үчүн жазган сочинениемди камкордук менен өзү текшерип, жакшы баа коюп берген. Студент болгонумдан кийин агайга ыраазылык билдиргенимде, ал менден беш бетер кубанган.

Университетти бүтүп, Тажикстанга кеткенге чейин агай экөөбүз тез-тез жолугушуп жүрдүк. Бир жолу ал тажикстандык кыргыздар тууралуу жазган китебинин кол жазмасын мага берип: «Сен, тай, өз жериңдеги элдин сөздөрүнүн жазылышын жана маанисин жакшы билесиң, мына бул кол жазмамды бир сыйра окуп, туура эмес жерлери болсо эч тартынбай оңдой бергин», - деди. Ошондо чоң аалымдын кол жазмасына калем аралатуу мен үчүн өтө кыйын болгон. Окумуштуу устат-агайдын абдан жөнөкөй инсан экенин ошондо сезип, андан үлгү алганмын.

«Тажикстандык кыргыздардын оозеки чыгармачылыгын, салт-санаасын, үрп-адатын, тилдик өзгөчөлүктөрүн, этнографиясын биринчилерден болуп ушул Жээнбай Мукамбаев изилдеген» деп айтып жүрүшөт, ал жакта жашаган улутташтар. Ошол эле учурда ал жактагы кыргыз орто мектептерине мугалим кадрларды даярдоо ишине абдан чоң салым кошкон. Кыргыз улутундагы абитуриенттерди жогорку окуу жайына жеңилдетилген түрдө кабыл алып, окутуп, даярдоо ишине өзгөчө камкордук кылган. Жерге-Талда, Мургабда, Шаартузда, Исфарада жашаган кыргыздардын тилин, дилин, оозеки чыгармачылыгын тээ 1951-жылдан бери төкпөй-чачпай жазып, калың элдин кадыр-баркына ээ болгон мээнеткеч окумуштуу болгон.

«Памирлик жана каратегиндик кыргыздарда», «Эл ичи - өнөр кенчи» аттуу китептерин жана башка этнографиялык эмгектерин, публицистилык иштерин, макалаларын дал мына ушул элдердин жашоо турмушунан алып жазганы маалым.

Көкүрөгү таза, эч бир адамдын көңүлүн оорутпаган бул асыл окумуштуу инсан өмүр менен эрте кош айтышканын уккан тажикстандык шакирттери менен ошол жылы баарлашканымда, өз бир тууганынан ажырап калгандай зарлап эскеришкен эле.

Тоолуу Бадахшандагы шакирти Шабдан Орунбеков: «Аттиң ай, сөздү мончоктой тизмектеп көркүнө чыгарган агайдын ысымы биз үчүн абдан ыйык. Анын сөз байлыгы, окумуштуулук касиети биздеги Памири тоолорундай бийик эле. Шум ажалга не дейбиз, агайыбызды өмүр бою эстеп жүрүүдөн бөтөн айлабыз жок» десе, дагы бир шакирти Айдараалы Сапарбаев: «Жээнбай агай абдан жөнөкөй, боорукер, бой көтөрбөгөн дыйкан мүнөз, улуу-кичүүгө бирдей жылуу мамиле кылган, тил илимине баш-оту менен сүңгүп кирген чыныгы илимпоз адам эле», - деп кайгырган.

Айтор, адегенде аалым эмес, адам болгон бул асыл инсанды ал жактагы кыргыздар азыркыга дейре эстешип, алкыш айтып келатышканы тууралуу 90 жылдыгы белгилене турган учурда дагы бир жолу баса белгилеп айтуу ашыкча болбосо керек.

«Кылым карыса да ысым карыбайт» деген акыйкат сөз бар элде. Кыргыз тил илимине бүткүл күч-кайратын, өмүрүн аябай элге унутулгус эмгек өтөп өткөн чыгаан окумуштууну эстен чыгарбай таазим кылып туруу - кийинки муундардын ыйык милдети. Бул милдеттен мамлекет четте калбай, окумуштуунун 90 жылдыгына тиешелүү иш-чаралардын өткөрүлүшүнө көңүл бурушу парыз.

Мирзохалим КАРИМОВ

“Азаттык”

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз