Адамдардын өздөрүнө зыян кыла турган төрт каалоосу

  • 01.02.2024
  • 7984

Лао-Цзынын акылман ойлору

Биз адамдын жашоого болгон каалоосу жоголуп кетмейинче адам жашоосун улантат деген ой-пикирди аң-сезимибизге орнотуп алганбыз. Алдыбызга кандайдыр бир максаттарды коёбуз, бир нерселерге жетсек дейбиз, айланабызды өзгөрткүбүз келет. Бат эле чоңойсок, акылдуу болсок, байысак деп умтулабыз.

Бирок бардыгы эле ушинтип ойлобогону кызык дагы, таң калыштуу дагы. Байыркы кытай философу Лао-Цзынын окуусу мындай жол менен – кыйынчылыктарды жеңүү жана каалоолорду орундатуу аркылуу – сиз эч качан бактылуу адам боло албайсыз деген түшүнүккө алып келет.

Анын бардык акылман ойлорунан адам жан дүйнөсүндөгү бейпилчиликке жетүү, өз турмушуна ыраазы болуп жашоосу үчүн, өзүнүн кандай каалоолорунан баш тартуусу керектигин билдирген бир нече практикалык кеңештерди сунуш кылабыз.

Өч алууну каалоо сезими

Эгерде бирөө сага жамандык кылса, кек сактаба, өч алам дебе. Дарыя жээгине барып олтурсаң, көп өтпөй эле душманыңдын өлүк денеси агып бара жатканын көрөсүң.

Жамандык эч качан жазасыз калбайт. Өч алам деп өз душманыңдын кебетесин кийбе. “Жамандыктын уругун сепсең, жамандыктын үрөнүн аласың” – деп жазыптыр улуу Ибн Сина.

Байлыкты бийик коюп, ага ээ болууну каалоо

Байлык топтоого болгон каалоодон арылгыла.

Азыркы адамдарга ашык баш чогултулган байлык, биздин көп энергиябызды алаарын түшүндүрүү өтө кыйын. Биз ким көп сүйүүгө, мүмкүнчүлүктөргө, акчага ээ болсо, анын жашоосу жакшы деп ойлойбуз.

Лао-цзы мындай дейт: ким өз учурдагы абалына ыраазы болуп жашаса ошол адам бай. Адам болгонуна шүгүр деген учурда гана жашоонун бардык кубанычын сезе баштайт. Ал эми канчалык көп оокат, байлык чогултсам деген каалоосу – аны дөңгөлөктүн ичинде жүгүргөн тыйын чычкан сыяктуу абалга алып келип, күч-кубатын биротоло жана жыйынтыксыз сарп кылууга алып келет.

Эгерде бүтүн боюнча калгың келсе – өзүңдү бөлүкчөлөргө бөлүнүүгө жол бер. Эгерде толтура болгуң келсе – бош болгонду үйрөн. Эгерде бардыгын алгың келсе – бардыгын бере бил. Эгерде көп жолдош күтсөң – алардын арасынан сөзсүз сатып кеткендер чыгары эсиңде болсун. Эгерде жашооңдо көп сүйүү болсо – алдоолор жана кызгануулар менен жолугасың. Эгерде чогулткан байлыгың көп болсо – аны жоготкондон, азайтып алыштан, башкалардан артта калыштан коркуп, кыйналып жашайсың. Көп чогултсаң – көп жоготосуң.

Аалам адамга эч качан алы жетпеген нерселерди бербейт. Жаркырагандын баары эле алтын эмес.

Бардыгына үлгүрүүнү каалоо

Биз дайыма шашып жүрөбүз. Мектепке 6 жаштан калбай барыш керек. 25 жашка чейин эрге тийбесе кара далы болуп, эч ким албайт, 30 жашка чейин жакшы ишке орношуу зарыл. 40 жашка чейин үй салуу абзел. Дүйнөлүк адабиятты окуп чыгуу, мыкты кинолорду көрүү, опера угуп, саякатка баруу, мына ушунун бардыгына үлгүрүүгө аракет кылабыз.

А Лао-цзы мындай айтат:

Жаратылыш эч качан ашыкпайт, бирок бардыгына үлгүрөт.

Адам өз жаратылышында жырткычтын мүнөзүнө ээ эмес, ал кубалашып жүрүүгө ылайыкташпаган. Чындап келгенде ал жалкоо, чалкалап жатып жылдыздарды карап суктанганды жакшы көрөт. Биз айланабыздагы адамдар карбаластап, бир нерсеге үлгүрбөй калчудай шашып жүрүшсө эле кошо дүрбөй бермей жайыбыз бар.

Ушуга окшогон жабышчаак ойлордон арылгыла. Тагдырың даярдап койгон нерсеге баары бир жетпей койбойсуң.

Бирөөлөрдүн ойлогонундай болууга умтулуу

Эгер өз ийгилигиңди бирөөлөрдүн мактоолору жана жамандоолору менен ченесең, тынчсызданууңдун чеги болбойт.

Бирөөнү идеал тутуп, ошого жетүүгө аракет кылып жүрсөң, сен эч качан өзүңө канааттануу сезимине ээ боло албайсың. Айланадагы адамдарды суктандыруу үчүн  арыкташ керек, акылдуу болуш керек, жакшы жашоо үчүн каражат тапканды билип, зарылчылыкта жашаган адамдарга жардам берүү зарыл. Бул кыла турган иштердин бир гана чети...

Бирок сен түшүнүүчү негизги нерсе: сен жаратылыш жараткан кемчиликсиз, эң керемет жансың. Пил эч качан марал, а булбул эч качан тоту куш боло албайт. Башкача болууга аракет жасоонун да кереги жок.

А Сен Лао-Цзынын пикирине кошуласыңбы?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз