Жалгыздык – адамдын кыйышпай турган жолдошу

  • 02.08.2021
  • 3363

Самсак Станалиевдин Жоомарт Бөкөнбаевдин өмүрү, тагдыр-турмушу, ал жашаган мезгил тарыхы, махабаты чагылдырылган “Жылдын эң узак күнү” чыгармасындагы асыл ойлор топтому.

*     *     *

Жалынга кылыч чапкандын билеги күйөт.

*     *     *

Адам акылдан адашкан соң турмушунан жаңылат.

*     *     *

Ырчынын күчү да, опол тоодой ооматы да, бийлиги менен байлыгы да оозундагы сөзүндө.

*     *     *

Кылычтын мизи канчалык канга малынса, ал ошончолук ач албарс болуп курчуйт.

*     *     *

Эненин таманы тийген жерден баланын бактысы ачылат.

*     *     *

Түн – караңгылыктын дүйнөсү, ал өз бактысына, Теңир энчилеген өз турмушуна толук ээ болуш үчүн жарыкты жанын сууруур жоо катары санап, түнгө өзү гана ээ болушу зарыл.

*     *     *

Түнөргөн түндүн жүрөгү кара таштан жаралган. Жамандыктын көбү карайган түндө жаралат.

*     *     *

Бардашы барктуу адамга катуу тийсең өз көңүлүң ооруйт.

*     *     *

Ыр деген көркөм чыгарма. Көркөм чыгарманын табияты такыр башка. Ал ар дайым эле жазыла бербейт, кээде көп жазылса да, кээде аз, ал эми кай бирде такыр жазылбай калган учурлар болот. Кыскасы, ыр жазылганда гана жазылат. Ал сенин эркиңе ар дайым эле багынбайт. Бирерде жазгың келбесе да жаздырган мезгил болот. Ыр деген ыр. Ал адам касиетинин өзгөчө абалынан жаралат. Макала-кабардын жайы башка, толкунданар учуруңду күтүп отурсаң гезит чыкпай калат.

*     *     *

Кайгыны кайгы, арман муңду арман муң тазалай алат.

*     *     *

Бактылуу адамдардын өмүрүн арман менен кайгы-муң, өкүнүч менен өксүү, анан дагы ай-ааламды багындырган жалгыздык коштоп жүрөт.

*     *     *

Адамдын өлүмүнөн сүйүүнүн өлүмү күчтүү болот.

*     *     *

Куюндан корккон кудукка түшүп жан сактайт.

*     *     *

Сүйүү кечигет экен, бакыт кечигет экен, а тагдыр эч качан кечикпейт тура.

*     *     *

Жоготкон табылбаса, табылган жоготкондой болбойт.

*     *     *

Жалгыздык – адамдын кыйышпай турган жолдошу. Жалгыздык сенден качканда анын ордун акыры өлүм болор дарт басат.

*     *     *

Үмүт адамдан кийин өлөт. Өлүмдү үмүт өлтүрөт.

*     *     *

Эскермеде калган өмүр эч өлбөйт, өлмөк түгүл эскирбейт.

*     *     *

Турмуш таарынтса анын эсебин кимдир-бирөөдөн чыгарбаш керек.

*     *     *

Көздөр гана бири-бири менен сүйлөшөт белем. Көздөн өткөн айгак жок да, көздөн өткөн сынчы жок. Көздүн тилин көз билет.

*     *     *

Тамчыга тамчы кошулуш үчүн бийиктен жерге бой урат.

*     *     *

Махабат кумарына кабылгандар өлөр күнүн ойлобойт, ойлогондо да алар үчүн өлүм жок.

*     *     *

Бакыттын көз жашынан, сүйүүнүн көз жашы тунук.

*     *     *

Алдамчы сезим бир келип, өткөндү көкүрөктөн издеттирип кайра кетет.

*     *     *

Ашыкча сүйлөгөн сөз – артыңдан түшкөн жоо болот.

*     *     *

Талант – элдин дөөлөт-куту.

*     *     *

Талант бир жаралат да, ошол бойдон түбөлүк өлбөй калат. Талант менен эрдик иш кайталанбайт.

*     *     *

Карылык – бышкан аштын ээси.

*     *     *

Жан оорусунан санаа оорусу күчтүү.

*     *     *

Эмгеги барды эли-журту өлтүрбөйт.

*     *     *

Сүйүүнү сүйүү гана айыктырат.

*     *     *

Жашоо күрөш болсо, сүйүү деген жашоо үчүн болгон жашоонун кармашы.

*     *     *

Сүйүү – сенсиң, демек өзүң үчүн өзүңдү эч убакта аяба. Аяган күнү арманың ашат. Аяган адам жаралуу жашап, жашынып ооруп жан берерин жадыңдан чыгарба. Бул ааламды эки гана улуулук бириктирип турат. Бири жаралуу болсо, экинчиси – сүйүү.

*     *     *

Бир өмүрдө бир гана нерсеге адам жетпей калат экен. Ал өмүрдүн акыркы марасы.

*     *     *

Кечигип кездешкендин кээрин керез кеп гана чыгарар.

*     *     *

Сүйүүгө жетпей сүйүп сыздаган адам сүйүүгө жеткен адамдан бактылуу.

*     *     *

Сүйүүдөй кызык жашоодо сүйүүнүн муңунан өткөн азап да, кыйноо да жок. Ал дүйнөгө туш келген адам жалгыз, жашыруун жашайт, бир гана жүрөгүнө ишенет, бир гана сүйүүсүнө ишенет. Ошонусу тозок. Жалгыз жана жашыруун жашаганың менен өзүңдү өзүң жей бересиң, өзүңдү өзүң акырындап түгөтө бересиң. Тирүүнүн тозогу өлүмдүн тозогунан алда канча күчтүү да, алда канча азаптуу.

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз