Түркөйлүктүн өзү – анык кылмыш

  • 08.11.2023
  • 6387

*     *     *

Сынчыга айрым кеңештер:

1. Жаманды жаман де, жакшыны жакшы де.

2. Бир мактаган нерсеңди кайра жамандаба; а эгер жамандап алсаң, кийин мактачу болбо.

3. Чымынды төөдөй көрсөтөм деп убараланба, андан да төөнү чымындай көрсөтөм деп далбастаба.

4. Китепте жок нерсе жөнүндө сүйлөбөй, китепте бар нерсе жөнүндө сүйлө.

5. Өз оюңду бекемдеш үчүн Белинскийди баш кылып, беделдүүлөрдүн баарын чакырганыңды кой. Эгер ошол ой өзүңдүкү экендиги ырас болсо, аны өз акылың менен бекемдегениң абзел.

6. Ачык-айкын ойлорду ачык-айкын түшүнүктүү тил менен бере бил. Күңүрт ойду айтпай койгондон өтөрү жок.

7. Күн тийген жердин күкүгү болуудан сактан.

8. Өзүң да али жеткире түшүнбөгөн нерсени, башкаларга жеткирем деп алектенбе.

9. Ар жагыңда чамаң чарк болгон соң, кур эле түгүңдү түктүйткөнүң жарабайт.

10. Эгер сен туулган айылыңа көптөн бери бара элек болсоң, аерде эмне болуп жатканын билбесең, анда эми эле ошерден келгенсип сүйлөбө.

*     *     *

Жазуучунун эң башкы китеби – али жазыла элек, бирок сөзсүз жазыла турган китеп.

*     *     *

Эгер адабият ата-бабасы берген азыктан баш тартып, бөлөк, чет жердин сыпайы таштаган жемине азгырылып кетсе, эгер ал өз элинин мүнөзүн, эне тилин, үрп-адаты менен каада-салтын алмаштырып сатып кетсе, анда анын куурап, чүрүшүп, соолуганы; мындайда ага эч бир дары шыпаа боло албайт.

*     *     *

Аз эл болсоң, алдуудан дос күт!
Абуталиб Гафуров

*     *     *

Көкүрөктөгү отту сактай билүү керек, сактаганда да өзүңдү кадимки оттон кандай сактасаң, ошондой сактай билүү парз.

*     *     *

Үйдүн жүрөгү – от, айылдын жүрөгү – башат.
Расул Гамзатовдун апасынын айтканы

*     *     *

Булак бар жерге чыйыр түшөт, чыйыр түшкөн жерде жол болот. Жол элдин баарына керек, ар бир адамга керек. Жолу жок адам жоголот, үйүн да таап келалбайт.

*     *     *

От менен суу – элдин тагдыры, от менен суу – биздин бүткүл ырыскыбыз салынган куржун.

*     *     *

Бир түп дарак бүтүндөй бактын көркүн чыгарганга жарайт.

*     *     *

Жерди тартуу кылбайт. Жер биздин өзүбүзгө да жетпей жатат. Ар келген адам өтүгүнө топуракты жыйнап алып кете берсе, биз данды кайда себебиз?

*     *     *

Жер жок болсо – бечара тоолуктарга эркиндик да жок.
Шамил

*     *     *

Менин адамдарга айтарым да ушул: аз болсоңор аз болгула, бирок майда болбогула, бачикиленип кетпегиле!

*     *     *

Деңиз кимге көрксүз көрүнүп турса, ошо кишинин өзүндө көрк жок.

*     *     *

Дүйнөдө үч эле ыр бар: биринчиси – эненин ыры, экинчиси дагы – эненин ыры, үчүнчүсү – калган бардык ырлар.

*     *     *

Адам – зарылдын зарылы, баа жеткис кымбат, бир жаралган керемет.

*     *     *

Төрөлгөндүн баары эле адам эмес. Канаттуунун баары эле бүркүт эмес.

*     *     *

Адам менен эркиндик, адам менен абийир, адам менен эрдик бир түшүнүккө барып куюлат. Бүркүттүн колунан эки жүздүүлүк келбесине тоолуктар бекем ишенет. Эки жүздүүлөрдү алар каргага теңейт. Адам деген жөн эле айтылган сөз эмес, бул наам, болгондо да бийик наам, ага жете коюш оңой-олтоң жумуш эмес.

*     *     *

Ысымдан өткөн сый жок, өмүрдөн өткөн байлык жок.

*     *     *

Чыпалак кичине болгон менен, ансыз муштумдун бекем түйүлүшү кыйын.

*     *     *

Улуту үчүн кам көрбөгөн адам, калган дүйнөгө кам көрүп деле жарытпайт.
Гамзат Цадаса

*     *     *

Ар элдин жаманы бар, жакшысы бар, өйдөсү бар, төмөнү бар, ушакчысы да кезикпей койбойт. Бирок алар калкты түзбөйт, калктын бир отоо чөбүндөй кеп.

*     *     *

Бир киши тантык болсо аны бүтүндөй калкка жаба салуу жарабайт. Жалгыз дарак токой болбойт.

*     *     *

Үйүңөн таппаган бакытты көчөдөн издеп таппайсың.
Абуталиб Гафуров

*     *     *

Үй акмагы кошунасын каралайт, айыл акмагы башка айылды каралай, улут акмагы башка өлкөлөрдү каралайт. Бирөөнүн тилине шек келтиргенди биз киши катарына кошпойбуз.

*     *     *

Суроо – мерчемдүү жерге тиер деп, кайдадыр аткан жебе. Суроо – белги – илеп белги. Өткөн күн – суроо, азыркы күн – жооп.

*     *     *

Саптар аралыгындагы ачык жер – ашык жарыңдын үйү турган көчөгө окшош.

*     *     *

Ырдалбаган ыр – канатсыз куш, какпаган жүрөк.

*     *     *

Ырлар бул – тилдин жашыруун сандыктарын аччу ачкыч.

*     *     *

Ырлар – тоо ылдый кулаган дайра. Ырлар – майдан талаасынан кабар алып, шамал менен жарышып келаткан чабарман. Ырлар – капыстан үйүңө келген ынак досуң, азиз мейманың.

*     *     *

Кылымдар өтөт, а ырлар кала берет, жашай берет. Аларды ырчылар жаратат, кезегинде ырчыларды алар жаратат.

*     *     *

Өзү алп болгону менен өмүрүндө сүйүү эмне экенин билбесе, анда ал мажнун адамдын бир санына тең келбейт.

*     *     *

Жөн конок – сенин үйүңдүн гана коногу. Ал эми конок ырчы болсо, өнөрү болсо – бүт айылдын коногу.
Гамзат Цадаса

*     *     *

Ыр билбеген эне болбойт. Жан дүйнөсүндө акын эмес эне жоктур.
Гамзат Цадаса

*     *     *

Энесинен ыр укпаган баланын жетим өскөндөн айырмасы жок. Атасы, энеси жок болсо, аны ким ырдайт? Дагстандын өзү аска-тоолор, тоо ылдый кулаган дайралар, тоо арасында жашаган адамдар ырдайт.

*     *     *

Бешик ырлары болбосо, дүйнөдө, балким, башка ырлар да болбос деген ой келет. Анда адамдын жашоосунан ажар качмак, эрдиктер да аз жаралмак, турмуштун кунары кетмек.

*     *     *

Энелер... акындардын башталышы ушулар. Алар уул-кыздарынын жандүйнөсүнө поэзиянын данын таштап, ошол дандар анан өнүм берип, гүл ачат. Башка күн түшкөн, тагдырдын оор минуталарында эркектер бешик ырларын эстейт.

*     *     *

Эненин ыры – адамзаттын бардык ырларынын башталышы, башаты. Ал – адамдын эң биринчи уурт жайып жылмайышы, эң акыркы көз жашы менен тең.

*     *     *

Ыр жүрөктө жаралат, жүрөк тилге берет, тил бардык адамдардын жүрөгүнө жеткирет, а адамдардын жүрөгү ырды кылымдарга калтырат.

*     *     *

Карылык адамды канча кубаныч-шаттыктан кагат. Каруу-күчтү, көздүн курчун алат, кулакты каңырыштатып, дүйнө менен сенин ортоңо күүгүм көшөгө тартат. Кээде шарап куйган чөйчөккө колуңдун алы жетпей калат.

*     *     *

Көңүлүңдө ыр курап жатып, капысынан бир сабын унутуп калсаң, ошол баарынан мыкты чыккандай көрүнөт.

*     *     *

Ара төрөлгөн, а түгүл өлүк түшкөн ырлар, кан-сөөлү жок, араңжан, чолок ойлорго келгенде да айрыкча ырайымдуулукту көрсөтүп жатабыз бейм. Бардыгы китепте сакталып, кагазга жазылып калып жатат. Бардыгынын жанын сактап китепканалар турат.

*     *     *

Айтылган сөз – унут, жазылган сөз – эстелик. Эми тескерисинен кетпегей эле.

*     *     *

Өзүңдү өзүң билүү үчүн – китеп керек. Башкаларды билүү үчүн – китеп керек. Китепсиз эл көзүң таңып алып, темселеген кишиге окшош – дүйнөнү көрбөйт. Китепсиз эл күзгүсү жок адам мисалы – өз жүзүн көрө албайт.

*     *     *

Тамгалар, саптар, барактар. Мындай карасаң, жөпжөнөкөй барак. Бирок мында сөздүн музыкасы, тилдин ыргак күүсү, ой бар.

*     *     *

Эгер тарых бизди түркөйлүгүбүз үчүн далай кылымдар бою катаал жазалап келген болсо, демек, түркөйлүктүн өзү – анык кылмыш.
Гамзат Цадаса

*     *     *

Кылыччан жоокердин ордуна ким болсун табылат, а тарых жазган адамды табуу кыйын.

*     *     *

Өз таланттарын дүйнөгө таанытып чыга албай канча ырчылар, жоокерлер, сүрөтчүлөр, балбандар кара жерге кете берди.

*     *     *

Өзүң билгенди, колуңан келгенди жаз. Өзүң билбесең, колуңан келбесе – башка китептен оку.
Гамзат Цадаса

*     *     *

Жазуучунун китеп окушу – анын иштеп атышы.

*     *     *

Сол жакта жүрөк бар, эргүү бар. Эң кымбат нерсени билдиргенибизде көкүрөгүбүздүн сол жагын басып, ишаарат кылабыз го.

Күч адамдын оң жагында. Оң колуңарды карабайсыңарбы?

Расул Гамзатовдун “Менин Дагстаным” китебиндеги учкул ойлор. Китепти кыргыз тилине которгон Аман Токтогулов

Топтогон Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз