Расул Гамзатовдун Тбилисидеги сүйүүсү же эски  китепкөйдүн арманы

  • 18.09.2020
  • 4903

I

Кыргыз бийлиги калктын китепкөй, илим-билимдүү болуусуна кызыкпайт. Эгер чындап кызыкса, эрктүү өлкөбүздүн акындары менен жазуучулары өз китептерин өздөрү сатып калат беле? Курагы эл ортону элүү жашка чейинки чоңдорубуз менен депутаттарыбыз  келегей сүйлөп, не оюн ачык түшүндүрө албай, не туура жаза албай кыйналат беле? Өнүккөн өлкөлөрдү мисал кылбайлы! Аларга качан жетерибиз белгисиз!? Ошон үчүн өзүбүздүн эле күнөстүү Кыргызстаныбыздын  1960-1990-жылдарына кайрылып көрөлү.

Ал кезде китеп дүкөндөр шаарлар менен район борборлору түгүл чоң айыл-кыштактарда да бар эле. 1990-жылы бүгүнкү Кадамжай районунун борбору Фрунзе посёлогунда (азыр Кадамжай шаарчасы) үч китеп дүкөн, Үч-Коргон кыштагында эки, шаар тибиндеги Айдаркен посёлогунда эки, республика борбору Бишкекте (ал кезде Фрунзе) кеминде 30 китеп дүкөн бар болчу. Ордолуу шаардагы китеп дүкөндөрдүн арасында  атайын адабият менен соода кылгандары да бир топ эле. Мисалы, “Академкитеп”, “Искусство”, “Техникалык китептер”, “Саясый китептер”, “Кыргыз китеби”, “Дом военной книги”, “Подписные издания”, “Иностранная литература”,  “Букинист”.

Борбордон алыста жашагандар акчасын жиберип, каалаган китебин почта аркылуу колуна алчу. Ал кызмат “Книга-почтой” аталчу.

Бүгүн калкы 1 миллиондон ашуун Бишекте 16 китеп дүкөн бар. Алардын көбү акыркы төрт-беш жылда ачылды. Соңку кезде жеке ишкерлер ачкан китеп дүкөндөрү өлкөнүн башка бөлүктөрүндө да пайда болууда. Тилекке каршы, алардын ассортименде көркөм адабият 20-25% араң түзөт. Ал эми илимий-техникалык китептер кыргыз тилинде дээрлик жокко эсе. Бул боштук – илим, техника жана технология, медицина, курулуш жана архитектура, айыл чарбасы (багбанчылык, дыйканчылык, зооветеринария ж.б.) жөнүндөгү адабияттын  жоктугуна байланыштуу. Илимий-техникалык адабиятты чыгарууга авторлорду шыктандырып, материалдык жактан кызыктырууну жана чыгарууну, өкмөт өзү колго алуусу абзел. Ошондой эле китеп менен соода кылган ишкерлерге салык жагынан жеңилдик берип, ирденип кетүүсүнө көмөктөшүү, Батыш өлкөлөрүндөгүдөй арзан китеп сатылчу бюджеттик китеп дүкөндөрүн ар бир шаар жана район борборлорунда ачуу зарыл.

Чехиянын 13.5 миң элдүү Збржег шаарынын темир жол вокзалындагы арзан китептердин дүкөнү. 

Мына ошондо илим-билимге кызыкдар жарандарда өзүн өзү китеп аркылуу тарбиялоого, илим жана техникадагы, технологиядагы жаңы тенденцияларды үйрөнүп, көзүн ачууга, көкүрөгүн агартууга, кесиптик жактан өсүүгө кенен мүмкүнчүлүк түзүлөт. Анткени, өлкөдө алтымыштан көп жогорку окуу жай болгону менен алар даярдаган адистердин көбү чала сабат экенин турмуш көрсөтүүдө. Өкмөттүк мекемелер даярдаган ырасмий кагаздар, Жогорку Кеңеш бекиткен чийки мыйзамдар, парламенттеги жарыш сөздү сүйлөгөн депутаттар көрсөтүүдө.

Илимий жана техникалык сабаттуулуксуз экономикада, социалдык инфраструктурада жана үй тиричилигинде өсүү “жаңылуу-үйрөнүү” жолу менен жүрөт.  Аң-сезим илимий негизде өспөйт. Натыйжада эл диний догмага ишенип, коом деградация болору дүйнөлүк тарыхтан маалым. Илимий сабатсыздыктын же түркөйлүктүн кесепетинен динзарлар арасында фатализм күчөп баратканына соңку учурда жергиликтүү эксперттер дамамат көңүл бурушууда.

Эми китеп маселесине кайра кайрылайын. Эгер 1990-жылы Бишкекте 620 миң же азыркыдан эки эсе көп эл жашаганын айтсак, советтик чен өлчөм менен алганда, өлкө борборунда бүгүн кеминде 60 китеп дүкөнү болуш керек.

Жогорудагы статистикалык маалыматтар совет бийлигин мактоо, даңктоо үчүн эмес, ал кездеги коммунисттик жетекчиликтин жарандардын көркөм адабияттан башка да илим, техника, саясат, маданият салаасындагы китептерди окуусуна жана идеологиялык тарбияга чоң маани бергенин, эл китеп сатып алуусу үчүн түрдүү китептер дүкөндөрдө болушу зарыл экенин терең аңдап түшүнгөнүн күбөлөйт.

Өкүнүчкө карай, республика төбөлсүз болгону бул маанилүү тармак өлкө жетекчилери же Кыргыз өкмөтү тарабынан унутулду. Эгемен өлкөнүн өзүн либерал деп эсептеген тунгуч жетекчиси жана аны менен кошо өкмөткө келген илимий даражалуу чоңдор өндүрүштү, анын ичинде китеп чыгарууну жана китеп соодасын базар өзү, суроо-талап жөнгө салат деп ишенип, китеп дүкөндөрдүн имараттары сатылып кеткен. Ал себептүү китепти мамлекеттик медиадан ырааттуу пропагандалоо иши да токтогон. Бүгүн да бул түшүнүк өзгөрө элек.

II

Мындай шартта китеп чыгаруу, окурман журтка тааныштыруу, сатуу - баары авторлордун мойнунда. Акыркы айда акын Азамат Омош “Мен бүгүн” деген жаңы ырлар жыйнагы, ал эми адабиятчы, жазуучу, публицист, окумуштуу – педагог Абдыкерим Муратов “Жылдыздар тараган таңда” деген жаңы романы басмадан чыканын фейсбукта жарыялап, кызыкан окурмандар китепти кайсы даректен сатып алса болорун кулак какты кылышты. Эгерде китеп менен республика аймагында соода кылган фирма же компаниялар жана жаңы китептерди окурман журтка тааныштырчу журналдар болсо, акын-жазуучулар минтип убара тартып, кеткен чыгымын аз да болсо кайтарып алуунун амалын ойлоп, убайым тартмак беле? Албетте, жок!

Калемгерлердин өзүнөн башка да калың журтту көркөм адабияттын мыкты үлгүлөрү менен ыктыярдуу тааныштырып жүргөн бир ууч эр азаматтарыбыз да бар.

Акын-жазуучулардын чыгармаларын көркөм окуп, аудиокитептер менен аудиоаңгеме, жомокторду, ырларды Интернет мейкиндигинде, анын ичинде ютубда (YouTube) жайылтышууда Олжобай Шакир жана жубайы Назгүл Бодбоева, Төрөкул Дооров, Эрнис Кыязов сыяктуу ынтызар журналисттер, Кыргыз Эл артисти Марат Алышбаев өз убакыттарын аябай чоң эмгек кылышууда.

Совет заманында калемгерлердин жана профессионал артисттердин радиодон жана көгүлтүр экрандан, концерттик залдарда, лекторийлерде, окурмандар менен кездешүүдө  жаңы жана белгилүү чыгармаларды окуусу (көркөм окуусу) көндүм көрүнүш болчу.  Көркөм окуу түрдүү окуу жайлардын, анын ичинде мектеп оуучуларынын күчү менен коюлган концерттердин программасына сөзсүз кирчү. Андан башка да залкар калемгерлердин өмүр баянын, белгисиз көркөм мурастарын изилдөөнүн жүрүшү жөнүндө академик Дмитрий Лихачёв (1906-1999), филология илимдеринин доктору, көй кашка лермонтов изилдөөчү Ираклий Андроников (1908-1990) жана башкалар Борбордук телевидениеден кызыктуу аңгеме курушчу. Мындай жөрөлгө бүгүн Орусиянын “Культура” телеканалында жана ютубда жигердүү улантылууда, а бизде жок.

Мен билгенден, алдагыдай маданий агартуучулук ишин фольклорчу-этнограф, филология илимдеринин доктору Сулайман Кайыпов, акын-жазуучу, журналист Нуралы Капаров, карыя журналист Тилектеш Ишемкулов сыяктуу жорго сөздүн чеберлери жогорку деңгээлде аткарарына мен бөркүмдөй ишенем. Алар Түгөлбай Сыдыбеков, Аалы Токомбаев, Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев, Муктар Борбогулов, Төлөгөн Касымбеков, Камбаралы Бобулов, Мурза Гапаров, Салижан Жигитов жана башка өздүрү көргөн жана билген даркан калемгерлер, акындар, адабиятчылар жөнүндө эчен-эчен кызыктуу аңгемелерди билери калетсиз. Бирок мен байкагандан С. Кайыпов, Н. Капаров, Т. Ишемкуловдун андай жөндөмү бүгүн пайдаланылбай турат. Непада пайдаланылып калса, алар береги жазуучуларга, эң негизгиси, алардын чыгармаларына болгон кызыгууну өстүрмөк.

III

Ираклий Андрониковдун ысымын өйдө жакта бекер оозанбадым. Анын легендарлуу опера ырчысы Фёдор Шаляпин, соцреалимдин негиздөөчүсү, беш жолу Нобель сыйлыгына номинант болгон Максим Горький, тагдыры Кыргызстан менен байланышкан балкар акыны Кайсын Кулиев, атактуу балдар жазуучусу Корней Чуковский жана башка көй кашка замандаштары жөнүндөгү эскерүүлөрүн учурунда көгүлтүр  экрандан көп жолу укканмын, “Все живо...” деген бир томдугунан да окудум, ютубдан маал-маал көрүп турам.

Ираклий Андроников

Көркөм сөздүн касиетиби, айтор, кара жаак, жез таңдай Ираклий Луарсабовичтин аталган китебинен “Расул Гамзатовдун сөзү” деген аңгемесин которуп, сиздер менен тең бөлүшүүнү туура таптым. Аталган аңгеме жазуучунун аудиторияга кыраат келтирип айткан көп аңгемелеринин бири болгондуктан, кагаз бетинде анча көркөм эместей туюлушу мүмкүн. Деген менен, окурман үчүн ысмы мурдакы СССРде таанылып калган Расул Гамзатов 1955-жылкы Тбилисидеги адабий мааракеде кандай көркөм сүйлөгөнү, мааракенин себепчиси Давид Гурамишвилинин тагдыры кызыктуу. Арийне, котормо  текст И. Андрониковдун кишини арбап алчу артисттик чеберчилигин бере да, көз алдыңыздарга элестете да албайт. Дагестан акыны ал кезде “Мен туулган жыл” (Год моего рождения) деген ырлар жана поэмалар жыйнагы үчүн СССРдин үчүнчү даражадагы Сталиндик сыйлыгы менен сыйланып, поэзия мейкиндигинде көкөлөп бараткан. Береги сыйлыктын аты 1961-жылы Мамлекеттик сыйлык деп өзгөртүлгөн.

IV

Расул Гамзатовдун сөзү

Ираклий Андроников

Расул Гамзатович Гамзатов, Дагестан жазуучулар союзунун төрагасы, кишиден башкача акылдуу жан, атак-даңктуу акын Гамзат Цадасанын уулу жана өзү да теңир даарыган акын, - менин досум. Досум деген сөзүм Расулдун мүнөздөмөсүнө  эч нерсе деле кошпойт, себеби Москва, Ленинград жана башка шаарлар менен республикалардын көптөгөн адабиятчылары аны өз досу деп атай алышат. Бирок мен анын даңкы таш жарган зоболосуна балким сиздер уга элек дагы бир эпизодду кошкум келет. Ал окуя Расулдан чукугандай  сөз тапкан кара жаактыгын айкын элестетүүгө мүмкүндүк берет. Акындын чечендигин жакшылап баалоо үчүн аңгемени бир кыйла узун кириш сөз менен коштойм.

Улуу грузин акыны Давид Гурамишвили 1705-жылы Тбилисиге чукул Сагурамо деген кыштакта туулган. Ал убакта Гурамишвили акын да, улуу да боло элек али.

Грузияга Иран жана Түркия кысым көрсөтүп турган кез. Сагурамо кыштагынын үстүндөгү Зедазани тоосун лезгиндер - “лектер” жабыт кылып жүргөн. Алар Арагви өрөөнүнө жортуул жасап, мал-жандыктарды жана адамдарды алып кетип турушкан. Гурамишвили өзү  туулган үйүн таштап, ушул эле Картли аймагындагы Ламискани деген жерге күйөөгө чыккан эжесине кетүүгө аргасыз болот. Азыр Ламисканиге машине менен жүрсө,  спидометр алтымыш бир чакырымды көрсөтөт. Бирок Гурамишвили өз поэмасында  көз жашын көлдөтүп, Ата журтун таштап, бөтөн жерге кеткенин жазат...

Жер которуудан пайда болбоду. Ал орокчуларга суу алып келгени дарыяга барып, куралын даракка жөлөп, кумура менен суу сузганы жатканда жашырынып турган лезгиндер аны баса калып, ээрге байлап, Кавказ тоосунун артындагы Дагыстанга ала качышат. Бутуна жыгач каамыт кийгизип, орго салып коюшат. Гурамишвили жыл бою качып кетүүнүн амалын ойлойт. Акыры бир күн каамытты сындырып качат. Качкынды кармап келип, дагы терең орго салышат. Ал эч качан Грузияны кайра көрбөсүн, канча качпасын, аны жолдон кармап келишерин түшүнөт. Ошон үчүн куугунчуларды алдамак болот: каамытты сындырып, Грузияны көздөй эмес, түндүккө карай качат. Кармалбай он күн жылаң аяк, ач тентип жүрүп, тикенектүү бадалды жылдырып, боо-боо буудайды токмоктоп отурган адамдарды көрөт. Алардын бири Гурамишвилини байкап, жанындагылардын бирөөнө: “Лазарь, тиги немеге нан бер!”- дейт. Качкын орус тилинде билген жалгыз сөзү – “хлеб” болот. Ал денеси солкулдап ыйлап жиберип, эстен танат.

Булар тер орус казактары экен. Алар Гурамишвилинин курсагын тойгозуп, Астраханга жетүүгө жардамдашат. Астрахандан Гурамишвили Москвага, грузин падышасы Вахтанг VI нын ордосуна барат.

Вахтанг 1723-жылы түрктөр басып киргенден кийин Петр I ге кайрылып, саясый баш паанек сурайт. Грузиндер Москвага чакырылып, алар азыркы Большой жана Малый Грузин көчөлөрүнүн территориясында жана Всесвят кыштагында (метронун “Сокол” станциясынын жакасы) жайгашышат. Гурамишвили Преснеде жашаган сыягы. Ал падышанын ордосунда акын катары кызмат кылат.

Петр өлгөндөн кийин ал баштаган перс жүрүшү кийинге жылдырылып, Бакы жана Дербенттеги орус аскерлери Түндүк Кавказга кайтарылат. Орус аскерлеринин согуштук аракеттери Грузияны тышкы душмандардан сактайт деген үмүт аталбайт. Вахтанг Астраханга кетип, көп өтпөй көз жумат. Аны менен кошо келген грузиндерге орус букаралыгына өтүп, орус падышалыгына кызматка кирүү сунуш этилет. Грузин падышасынын тукумдары, Грузинскийлер менен Багратионилер кийин “светлейший князь” даражасын алышып, аларга Волга боюндагы губерниялардан жер (поместье) берилет. Алардын нөкөрлөрүнө үлүш жерлер Украинадан тиет.

Давид Гурамишвили Грузин гусар ротасына кирип, Хотин чебин алууга катышат; Жети жылдык согушта туткунга түшүп, Магдебург сепилинде отурат жана согуш бүткөндөн кийин Украинанын Миргород уездиндеги Зубовка деген поместьесинде Гоголдун ата-энеси менен коңшу болуп жашайт. Ал өз поэмаларын жана ырларын  грузин тилинде жазат, грузин поэзиясын орус жана украин ырларынын элементтери менен байытат. XVIII кылымдын 90-жылдары дүйнө көчүп, сөөгү Миргород шаардык көрүстөнүндө көмүлөт. Грузияда туулган акын Россияда баш паанек таап, экинчи мекени украин жери болот.

... Гурамишвилинин туулганына 250 жыл толгон. Бул датаны элдердин достугу жана адабияттардын достугу күнү деп белгилейли деп чечилген. Тбилисиге биздин көп улуттуу поэзиянын өкүлдөрү чогулду. Опера жана балет театрында акындар өз котормолорун, ырларын окуп, достук жөнүндө сөз сүйлөп жатышты. Сөз Расул Гамзатовго берилди.

Расул Гамзатов

Ал минбарга чыкты жана залдагы элге кайрылып, сөзүн баштады:

- Кымбаттуу жолдоштор! Мага сиздердин Давид Гурамишвилини уурдаган ошол леки-лезгиндердин атынан сиздерге дубай салам айтууга жана сиздерди куттуктоого уруксат бериңиздер!

 Залда каткырык-күлкү пайда болду. 

- Маселе мында,- деп улантты жүзү жайнаган Расул кууланып,- биз орой тарыхый жаңылыштык кетирдик: биз грузин помещигин уурдадык деп ойлогон элек, көрсө, улуу акынды уурдаптырбыз. Биз өзүбүздүн жаңылганыбызды билгенде, аябай уялдык. Бул бирок Улуу Октябрь революциясынан кийин болду.

Кымбаттуу жолдоштор! Давид Гурамишвили бизден аёосуз өч алды! Биз аны туткунда эки гана жыл кармадык, бактык: туздалган куйрук менен бактык. Ал болсо бизди түбөлүккө туткундады жана ырлары менен сыйлоодо...

- Бирок моюнубузга алабыз,- деди ал үнүн төмөндөтүп,- биздин ага жасаган мамилебиздин прогрессивдүү мааниси болгон! Ошондо Давид Гурамишвилини биз уурдабасак, ал Россияга качып кетмек эмес, Украинада жашамак эмес, өзүнүн тентип жүрүп, башынан кечирген азаптарын жазмак да эмес. Биз анда элдердин достугу майрамын бүгүнкүдөй белгилейт белек? Давид Гурамишвилинин өмүрү сүрөттөлгөн улуу китеп - “Давитианиге” суктанат белек?..

Эми ушу жерде турган, бирок эмне болуп жатканын түшүнбөй жаткан киши менен сүйлөшкөнгө уруксат бериңиздер...

Ал портретке бурулду:

- Биздин кымбаттуу досубуз, улуу Давид Гурамишвили! Сенин бечара Грузияңды душмандар кыйнап жатканда көз жашыңды көлдөтүп төгүп өлдүң. Сен кол жазмаңды чоочун адамдарга калтырдың жана ал өз Ата журтуңа жеттиби, аны билбейсиң да.

Байкуш, андан бери эмнелер болгонун, сен кандай атак-даңкка жеткениңди, биздин элдер жана лектер кандай достошконун, алардын азыркы мээрмандыгын, грузин балдарынын бешигин тербетишкенин да билбейсиң...

Ал элдин баары билген нерсени, бул салтанаттуу кечеде айтылган сөздөрдү сүйлөп жатты. Бирок бул сөздү дагыстандык акын сүйлөп, ал ырасында эле болуп жаткан окуя тууралуу билбеген адамдын портретине кайрылгандыктан, сөз бийик поэтикага айланып, залда жымжырт отурган  элдин баарын толкундатты.

Давид Гурамишвилинин коло бюсту. Скульптор М. И. Бердзенишвили.

Өз сөзүнүн кудуретин сезген Расул Гамзатов кайра аудиторияга кайрылды:

- Кымбаттуу жолдоштор, мен Давид Гурамишвилини аябай сүйөм. Бирок ушу залда отурган грузин аялдары менен бийкечтери андан да көп жагат мага!

Акындын сөзү элдин баарына жакты. Эртеси Расул Гамзатов аны көргөн, билген жана сүйгөн башка жерлердегидей эле Тбилисиде да сүйүктүү жана популярдуу  адамга айланды.

Расул Гамзатовдун сөзү айтылган бойдон изсиз калбады.  Сөзүндөгү соңку сүйлөмдүн табынан, Гамзатовдун өз досу, акын Ираклий Абашидзенин кызына жана грузин кыз-келиндерине арналган ырлары жаралганын көрөбүз.

Силерде ичкен цинандали күргүштөп,
Жигиттерди кыйын мага түшүнмөк.
Мен мас болдум көзүӊөргө бир гана,
А тасмалда мени айтышат кудук деп.

Тоолук авар мюриддери илгери
Атка өӊөрүп алып каччу силерди.
Мезгилдерди эстеп туруп, кашайтып,
Менден катуу өч алдыӊар мына эми.

Неге мындай катуу, таш боор жансыӊар,
Турсаӊар да жайнап жайдар, жаркырап.
Көз ирмемде туткун болду жүрөгүм,
Ажарыӊан согушу жок кансырап.

Жок, акын кыздарды өз бабаларынын жолоюна салып, атка өңөрүп уурдап кетпейт: акын алардын жүрөгүн алып кетет. Алар акындын ырларына киришет, поэзиясында жашашат.

Кусалыктан такыр чөгүп кетпейин,
Акылымдан калбасам деп ажырап,
Тоолук кылып жасандырып силерди,
Поэмага каарман кылып алгым бар.

Капчыгайда булакка жүз сүйдүрө,
Жалгыз аяк жолун басып так, тоонун.
Булуттардын жашайсыӊар үстүндө,
Куттуу үйүндө эрге болуп жар сонун.

Эми алар туткун эмес. Ал, дагыстандык, эркиндикке чыгууну самабаган  туткунга түштү:

Тоо башына от чачырайт жылдыздан,
О грузин кыздар, болсун эсиӊде,
Күнкор жанмын мен силерден жылынган,
Жашасам да Каспий деӊиз жээгинде.

Эсимден эч кетпейт сулуу көздөрүӊ,
Карегиме калыӊ чачыӊ тартылаар.
Бирок да ушул силерге айткан сөздөрүм
Аялым эч билбесин э, алтындар!

Бул эмне, жаманбы? Билбейм, мен баарын эстедимби, ал кечеде стенограмма  болгонбу, билбейм. Кантсе да, бул аңгемени айткан себебим, ушу тамашалуу сөздө кичинекей элдин чоң тарыхый тагдыры чагылдырылгандай сезилет мага!

V

Ираклий Андронников жогорудагы аңгемесинде Расул Гамзатовдун ырын толук бербей, бир топ саптарды аттап кеткен. Ыр акындын бирде поэзия дүйнөсүнө чөмүлүп, бирде сүйүү отуна күйүп, жаны элеп-желеп болгон абалын керемет чагылдырат. Ошон үчүн ырдын чыгармага кирбей калган куплеттерине орун калтырып,  калган бөлүгүн жарыялап коюуну оң көрдүм. 

Чын сүйлөймүн, акын салтын карманам,
Чыгышча да куулук кылбайм, карганам.
А грузин тасмалы азыр алдымда
Жайылуу эмес, муну да эске алгыла.

Ал тасмалдын салтын баары билишет:
Андагы бир тост берилсе кишиге,
Сөз ыгын таап, кошуп мактап коюуга
Акысы бар, аны баары кечирет.

А мен ырда ашыкча айтып мактабайм,
О грузин кыздары, айтсам алдабай,
Алыс жакта ай чырайлуу силерди
Унута алгыс мага азабы калгандай.

.......................................................

.......................................................

Каала айткын тоодон кула деп мени,
Жапайы деп атагыла, эх, мейли.
Үзүр, бирок колдон келсе чадрасыз
Үйдөн такыр чыгарбасмын силерди.

Кудай акы, тамаша эмес. Чынында
Ичим күйөт, да бириӊе мына азыр
Бир бактылуу Руставели наамында
Проспектиде жолугууга баратыр.

..........................................................

.........................................................

Поэманы грузиндер окуйт да,
Тааныйт сени, бирок кабак бүркөбөйт.
Жөндүү себеп табышпайт да айтууга,
Алып качкан аварчыны күнөөлөп.

Жайчылыкта аӊдап билсин анан да,
Карт мезгилдин тереӊинде ой уулап.
Бир өзгөчө кызматы үчүн аларга
Буюрганын керемет бул сулуулар.

..........................................................

.........................................................

Бул ыр “Грузин кыздарына” деп аталат. Расул Гамзатовдун береги ырын кыргыз тилине которуп-которбогонун билүү үчүн фейсбуктагы “досум”, узак жылдан бери ыр которуу менен алпурушуп жүргөн Нурланбек Кайрыевге өткөн жума күнү кайрылдым эле. Ал 15-сентябрда ырдын кыргыз тилиндеги текстин фейсбукта жарыялады. Нурланбек мырза физика-математика илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Орус Славян Университетинин физика жана микроэлектроника кафедрасынын доценти. Көптөн бери орус, казак, түрк акындарынын чыгармаларын түп нускасынан кыргыз тилине которуп жүрөт.

Амирбек АЗАМ уулу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз