Аман Токтогулов: Улуу тамсилчи

  • 03.08.2020
  • 5304

Орус элинин улуу тамсилчиси Иван Андреевич Крылов 1769-жылы 13-февралда (эски стиль боюнча 2-февралда) Москва шаарында туулган. Атасы Андрей Прохорович Крылов өмүр бою армия кызматында жүргөн, солдаттан капитан деген наамга чейин тырмышып олтуруп зорго жеткен, оокат-дүнүйө жагынан чамасы чак офицер болгон. Отставкага чыккандан кийин үй-бүлөсү менен Тверь шаарына көчүп барып, шаар башкаруу мекемесинде иштеп жүрүп, 1779-жылы каза тапкан.

Анын артында бир сандык китеп калган, мындан башка мурас калтырар мүлкү да болгон эмес. Ивандын энеси Мария Алексеевна — кат-сабатсыз карапайым аял — эки баласы менен жесир калар замат жокчулуктун азабын тарта баштаган. Атасы өлгөндө Иван — үйдөгү тун уул — онго жаңы караган эле. Энесине өзүнөн башка ким сүйөк-таянч болмок. Кыстаган турмуштун айынан жаш бала атасы кызмат өтөп кеткен мекемедеги бир кызматкерге жардамчы болуп иштеп, көр тирлик эмне экенин эртелеп билген, турмуштун ак-карасын, өйдө-ылдыйын эртелеп баамдай баштаган. Казына кызматындагы чиновниктердин, помещиктердин, соттордун өзүм дегенде өлүп-талып жан талашкандарын, билимсиз караламан элди каалагандай алдап-жегенин, эл эсебинен байып семиришкенин көргөн өспүрүмдүн көңүлү колунда бийлиги барлардан катуу кайт болгон.

1783-жылы Мария Алексеевна улуу уулунун өтүнүчүнө макул болуп, Тверден Петербургга көчүп келишкен. Крылов бир мекемеге майда кызматка ишке орношкон. Петербургда Мария Алексеевна күйөөсүнө пенсия чектетип алыш үчүн көп аракет кылып, арызданып барбаган жери калбайт, бирок өлөр-өлгөнчө ал тилеги орундабады.

Иван Крыловго ошол учурдун эң мыкты тарбиясын берүүгө ата-энесинин, албетте, кудурети жеткен эмес, бирок өспүрүм таптакыр эле билимге чукак боюнча да калбады: табиятынан акылы зирек, сезими курч, китепке жакын бала колу жеткен билим негиздерин жакшы өздөштүрдү, итальян жана француз тилдерин өз алдынча үйрөндү, математикага кызыкты. Ал орус адабиятын мыкты билчү, музыканы өтө сүйчү. Айрыкча адабиятка кызыгуусу эрте башталган: он төрт жашында ал «Кофейница» аттуу комедия жазган. Ушул эң алгачкы чыгармасында эле Крыловдун дворяндардын, помещиктердин зордук-зомбулуктуу, алдым-жуттум коомуна каршы позициясы ачык көрүнгөн.

Чиновниктердин ач көздүгү, кытмырлыгы, куу чирендиги жагынан Петербург Тверден ашып түшпөсө, кем калган жок. Бирок Петербургда өспүрүм Крыловду дайыма өзүнө тарткан, кызыктырган, адабий талантына шыктануу берген ажайып бир дүйнө бар эле. Бул — театр болчу. Театрга тартылуу менен ал артисттер, жазуучулар чөйрөсүнө аралашкан, көз карашы кеңейген, чыгармачылык ишке талаптануусу күчөгөн. «Кофейница» пьесасы эч жерде жарыяланбай, эч жерде ойнолбой калган. Мүнөзү калбаат, күйүп-бышып, шашкалактоо дегенди эгерим билбеген, анча-мынчаны эч кенебеген, бир нерсени ичтен жеткире ойлонуп, жеткире баа берип коюп жай жүрө берген Крылов ага анчалык кабатыр деле болгон эмес (Белинскийдин айтымында, кенебестигинен пьесанын кол жазмасын жоготуп да жиберген). Андан кийин дагы «Сочинитель в прихожей», «Бешеная семья», «Проказники» деген комедияларды жазган (булар кыргыз тилине которула элек, ошон үчүн аттарын орусча берүү туурадыр). Бул комедияларда Крылов элди эзген төбөлдөрдүн ыплас кулк-мүнөзүн ашкерелеген. Театрдын тагдырын чечүүгө тиешеси бар дворяндык-аристократтык чөйрөнүн чиновниктери жаш Крыловдун демократиялык маанайдагы драмалык чыгармаларын кескин түрдө четке каккан.

Крылов ошол кездин прогрессивдүү ой-пикирдеги алдыңкы адамдары менен жакын, тыгыз байланышта болууга аракеттенген.

Ошондой адамдардын бири — И. Рахманиновдун жардамы аркасында ал 1789-жылдын башында «Почта духов» деген сатиралык журнал чыгара баштаган. Журналда жалгыз гана Крыловдун өзүнүн кара сөз түрүндө, сатиралык повесть же роман формасында жазган «Почта духов» аттуу чыгармасы январдан август айына чейин жарыяланган. Чыгармада жер үстүндөгү, жер астындагы, абадагы «көзгө көрүнбөгөн ар кандай арбактар» өздөрүнүн көргөн-билгендери жөнүндө Маликульмульк деген араб философуна эмне деп кат жазгандыгы айтылат. Мындай аллегориялык форманы колдонуу менен автор ак сөөктөрдүн жедеп бузулуп бүткөн турмушун ашкерелөөнү максат кылып алганын баамдоо кыйын эмес. Франдуз революциясынан улам өлкөдө «тартипти» күчөтүүнү көздөгөн өкмөт журналдын мындай түрүн көрүп, аны жаптырып салган. Жаш журналист Крыловду болсо императорицанын өзү шектүү адамдардын бири катары караган.

XVIII кылымдын акыркы чейреги Россияда самодержавиеге, крепосттук укукка, адилетсиздикке жана эзүүгө каршы чыгуунун өзүнчө бир маанилүү тилкеси болгону белгилүү. Пугачёвдун жетекчилиги астындагы дыйкандар көтөрүлүшү, Фонвизиндин курч комедияларынын пайда болушу, жазуучу Радищевдин революциячыл ишмердиги, сатиралык журналдардын күч алышы — ушунун баары өлкөдө боштондукка, демократияга умтулуу идеяларынын тереңдеп, коомдук ой-пикирдин жетилип баратышын аныктаган.

1792-жылы Крылов «Зритель» аттуу дагы бир журналды чыгара баштаган. Анда ал өзүнүн «Каиб» аттуу повестин жарыялаган. «Чыгыш повести» катары жазылган бу чыгарма Екатерина IIнин өкмөтүнө каршы багытталган курч сатира эле. Ошол эле жылы май айында Крыловдун журналы чыгып жаткан басмаканада тинтүү жүргүзүлүп, Крылов менен анын жакын жолдошу Клушин экөө полициянын көзөмөлүндө калган. «Зритель» да жабылган. Крылов менен Клушин 1793-жылы «Санкт-Петербургский Меркурий» аттуу журналды чыгарууга өтүшкөн. Бирок көп узабай бул журнал да жабылган. Өкмөттүк реакциянын күчөп келатканынан чочулаган Крылов көздөн далдоо элетке кетип калууну туура көргөн.

Ошо менен ал 1794-жылдан баштап он жылча провинцияны кыдырып жүргөн: балдарды окутуп, мугалимдик кылган, Киевге жакын бир селодо Голицын деген князга секретарлык кызмат өтөгөн. Бирок чыгармачылыгын таштаган эмес. 1800-жылы «Подщипа» («Трумф») деген комедия жазган. Комедия ошо кезде самодержавиенин башында турган Павел Iнин тайкылыгын, пруссиялык чиновниктерге жүгүнүп, жагынганын, ал башкарган өкмөттүн чолок акылдыгын катуу сындаган. Саясы жагынан өтө курч жазылгандыгына байланыштуу бул комедия жазуучунун көзү тирүүсүндө жарык көргөн эмес, 1859-жылы гана чет өлкөдө, Берлинде басылып чыккан.

Александр I бийликке келгенден кийин, өлкөдө бир аз «либералдык» мамиле өкүм сүрүмүш болгон. 1804-жылы Крылов провинциядан Москвага келип, «Московский зритель» деген журналга «Дуб менен камыш», «Эр тандаган колукту», «Чал жана үч улан» аттуу тамсилдерди жарыялаган. Булар коомчулук тарабынан өтө чоң ийгилик менен кабыл алынган. Мына ушундан баштап тамсил Крыловдун чыгармаларындагы башкы, негизги жанр болуп калган. Бирок драма чыгармаларын жазууну да токтоткон эмес. 1806-жылы ал Петербургга биротоло көчүп барып, «Модная лавка», «Урок дочкам» деген жаңы комедияларын сценага койдурган. Бул пьесаларда Крылов провинциялык дворяндардын түркөйлүгүн, чет элдик кандай гана нерсенин болбосун астында кулдук уруп турарын, чет элдиктер аларды каалагандай мыш кылып кете берерин айрыкча таамай, жан күйгүзө турган образдар, деталдар аркылуу көз алдыга тарткан. «Модная лавка» комедиясындагы патриоттук мотив Грибоедовдун «Акылдан азабында» андан ары күчтүү өнүктүрүлгөн.

Петербургга келгенден кийин Крылов искусствонун чоң билерманы, кийин көркөм Академиянын президенти А. Н. Оленин менен өтө жакын мамиледе болгон. Олениндин үйүндө ошол учурдун белгилүү жазуучулары, сүрөтчүлөрү, окумуштуулары көп чогулган. Пушкин да барып турган. Алар орус элинин тарыхы, адабияты менен искусствосунун өнүгүшүнүн жолдорун, илгерки классикалык антик формалардын, үлгүлөрдүн негизинде нагыз улуттук чыгармаларды жаратуу маселелери жөнүндө өтө терең ойлорду айтышкан. Мунун өзү Крыловдун чыгармачылык тагдырына таасир тийгизбей койгон эмес.

1812-жылы Крылов Петербургдагы Императордук калк китепканасынын орус бөлүмүндө китепканачыга жардамчы болуп иштей баштаган. Бул кызматта ал баса олтуруп, туптуура жыйырма тогуз жылдан ашуун, 1841-жылы отставкага чыкканга чейин иштеген. Адегенде 4—5 гана китеби бар орус бөлүмүн керектүү китептер менен толуктоодо Крыловдун эмгеги чоң.

1809-жылы Крыловдун тамсилдеринин эң алгачкы китеби жарыяланган. Кийин ал эки-үч жылда бир тамсил жыйнактарын басмадан чыгарып турган (бардыгын кошкондо тамсил китептеринин саны — 9).

Өзүнүн патриоттук духу, демократиялык идеялары, адилеттикке, эркин жашоого умтулуусу менен Крылов ар дайым калың орус элине мүдөөлөш, санаалаш, талапташ болгон. Ырас ал самодержавиеге каршы, маселен декабристтер сыяктуу, ачыктан-ачык саясы революциялык күрөшкө чыккан эмес. Бирок ал өзүнүн тамсилдеринде өз мезгилинин эң башкы, курч проблемаларын чыныгы элдик көз караштан чагылдырган. Ошонусу менен ал орус окурмандарынын урматына арзып, «дедушка Крылов» деген сүймөнчүлүк атка ээ болгон.

Өмүрүнүн акыркы он жылында «дедушка Крылов» карылыкка баш ийип дегендей, басмага көп чыккан эмес. Ал 1844-жылы 21 (9) —ноябрда жетимиш беш жашында каза болгон.

*     *     *

Дүйнөлүк адабиятта Крылов улуу тамсилчи катары белгилүү.

Крыловго чейин орус адабиятында бир топ эле тамсилчилер болгон. Маселен, А. Кантемир Россиядагы эң алгачкы тамсилдерди 18-кылымдын 30-жылдарында эле жазып, андан кийин бул жанрга В. Тредиаковский, М. Ломоносов, А. Сумароков, И. Хемницер, И. Дмитриев ж. б. көптөгөн жазуучулар кайрылышкан. Тамсилдин түбү байыркы легендарлуу Эзопко (мындай адас болгон-болбогону белгисиз) жана индустардын, арабдардын фольклордук тамсил чыгармаларына барып такалары белгилүү эмеспи. Эзоптун тамсилдерин латын тилинде ырга айланткан Фёдр (б. д. I кылымы) болгон. Фёдрдан француз тамсилчиси Лафонтен (1621 —1695), Лафонтенден орус тамсилчилери белгилүү сюжеттерди түздөн-түз эле көчүрүшүп, ар кандай деңгээлде ырга салышкан. Ошону менен бирге эле жергиликтүү окуяларга, көрүнүштөргө байланыштырып, өздөрү да тамсил жаратышкан. Крыловдун да Эзоптон, Фёдрдан, Лафонтенден бери келаткан, жогоруда аты аталган орус акындары өз алдыларынча иштеп чыгышкан даяр сюжеттерге кайрылган учурлары аз эмес. Маселен, «Карга менен Түлкү» аттуу кеңири белгилүү тамсил так эле ушул ат менен Эзопто да, Лафонтенде да кездешет, ушул эле сюжеттин өзүн Тредиаковский да, Сумароков да, Херасков да жазышкан, ушул эле сюжетке, ушул эле наам менен Крылов да тамсил жараткан. Мына ушул жагдайга байланыштуу В. Белинский минтип жазган: «Эзоп биздин учурга жарабайт. Азыр тамсилге сюжет ойлоп чыгара коюу кыйын эмес, а дегинкисинде аны ойлоп чыгаруунун кажаты да жок: даярын эле алгыла: башкысы — ошону айтып бере билиште, колдоно билиште».

Белгилүү сюжеттерди алабы, же турмуштук конкреттүү көрүнүштөрдөн чыгабы, Крылов башка тамсилчилерден айырмаланып, тамсилдин чыныгы элдик, демократтык күчүн бийик деңгээлге көтөрүп чыккан, аны курч сатиралык куралга айланткан, орус тамсилинин накта үлгүсүн жараткан. Анын персонаждары шарттуу аллегориялар эмес, орус турмушунун типтүү образдары. Дагы бир ирет Белинскийге кайрылалы: «Бир кезде, — деп жазат ал, — кимдир бирөө: «Крыловдун тамсилдериндеги аюу — орустун аюусу, тоок — орустун тоогу» деп айтканда, бул сөздөр элдин баарынын күлкүсүн келтирген эле, ырас күлкү келтирерлик айтылган, бирок мында иштиктүү негиз жатат. Кеп мында: Крыловдун мыкты тамсилдеринде албетте, аюулар, түлкүлөр катышып тургансыйт, бирок чын-чынына келгенде сөз алар жөнүндө болуп аткан жок, сөз адамдар болгондо да орус адамдары жөнүндө болуп атат»[1]. Крыловдун Арстандары, Карышкырлары, Түлкүлөрү — эзүүчү таптын эң типтүү өкүлдөрү, алардын кылык-жоругунан дворяндардын, чиновниктерди, помещиктердин, орус падышасынын өзүнүн, алардын кошоматчы ат кошчуларынын, жасоолдорунун зулумдугу, адилетсиздиги, ач көздүгү жазбай баамдалат.

Крыловдун тамсилдеринин күчү алардын реализминде. Кай көрүнүштү же персонажды албасын, Крылов аны өз мезгилинин фонуна коюп, өзүнө тиешелүү касиеттерин, белгилерин, социалдык мазмунуна ажыратпай, мүнөздүү штрихтер аркылуу ачып көрсөтөт. Маселен, ал Эзоптон бери келаткан кеңири белгилүү «Чал менен ажал» сюжетинин негизинде «Дыйкан менен ажал» тамсилин жазган. Тамсилчи мында киши ажалга бетме-бет келгенде кандай жүрөгү түшөрүн айтып гана тим болушу да мүмкүн эле. Бирок Крылов үчүн тамсилге реалисттик мазмун, социалдык маани берүү — башкы максат. Ошон үчүн ал отун көтөрүп келатып, эс алмакка олтура калган дыйкан чалды мындай сүрөттөйт:

Жонунан таштады отунду,
Отундун үстүнө отурду.
Отурду да үшкүрүп ойго чөктү:
«О, кудай, менден өткөн барбы жакыр?
Колдо жок бала-чакам куурап жатыр,
Салык да көп: оброк, түтүн, боярщина...
Деги бир өмүрүмдө чеке жылыр,
Бир күндү жок дегенде көрөмбү акыр!..

Крыловдун көп тамсилдери — турмуштун драмалык сценкалары десе болот. Алардагы турмуштук ситуация да, катышуучулар да — бардыгы реалдуу, бардыгы ишенимдүү.

Тамсилдин бир касиети — айтылган нерседен мораль чыгаруу, окурманга, угуучуга сабак болор насаат айтуу. Бул касиет Крыловдун тамсилдеринде бар, бирок жалгыз мораль менен чектелүү тамсилдин баасын жеңилдетип салар эле. Ошон үчүн бул жанрдын эстетикалык закондорун кылдаттык менен баамдаган тамсилчи моралга курч сатираны, драмалык коллизияны жана сөздүн көркөмдүк күчүн жуурулуштурат, жандуу динамикалуу бир бүтүн көркөм организмге бириктирет да, баарын апкелип, мээлеген жерге тийгендей багыттайт.

Ата-журтка кызмат кылууну улуу тамсилчи эң башкы граждандык милдет деп эсептеген. «Аары менен чымындар» деген тамсилинде ал кай жерде курсагы тойсо ошо жерде дыңылдап ырдап жүрө берген ар-намысы жок Чымындар менен эмгекчил, мекендеген турагына күндөп-түндөп тынбай кызмат кылган, ошол мээнетинин үзүрүн көрүп, бакыбат жашаган Аарыны салыштырат. Мындай Чымындар Ата-Журтту сатып кете бере турганын сатиралык курч формада көрсөтөт.

Крыловдун тамсилдери биздин учурда да өзүнүн тарбиялык маанисин жоготкон жок, көркөм сөз искусствосунун, сатиранын мыкты үлгүлөрү катары дагы да социалдык-нравалык кызмат өтөөсүн улантууда. Мыкты тамсилдин күчү улам кийинки келген мезгилдин тигил же бул кырына туура келип, колдонулуп жүрүп олтурганында эмеспи. Ушул эле «Аары менен Чымындар» азыркы айрым эси жок, Батыштын жалган жылтыраган кооздугуна кулдук уруудан кайра тартпаган жаштарга түздөн-түз айтылган сөз эмеспи. Же болбосо «Дарак» деген тамсилди караңыз. Колуна балта кармап келаткан Дыйканга жаш көчөт жалбарат: «Мынабу менин айланамда турган дарактын баарын кыйып бер, булар мени өстүрбөс, күн көргөзбөс болду» дейт. Тегерегиндеги дарактардын баары кыйылып, жалгыз калган көчөттү шамал да урат, нөшөр да сабайт, акыры сынып тынат. Орусча айтканда, муну түшүндүрүп отуруунун кажаты жок. «Аксакалдар эле жол бербей жатат, болбосо мен небак гений болот элем» деп курулай төш кагып, кээ бир көчөттөр жүрбөйбү адабиятта. Же «Парнас» аттуу тамсилди алыңыз. Атактуу Парнас тоого чыгып алгандан кийин Эшектердин бири калган эшектерге мындай дейт:

Атасынын көрү, бүжүрөбөгүлө,
Мен баштайын, артымдан сүрөгүлө!
Эшектер үйүрүн дүңгүрөтөбүз,
Музыка деген эмне экенин көргөзөбүз,
Өз хорубузду түзөбүз!
А бирок орнотолу момундай тартип,
Биздин ушул биримдик бузулбасын десек:
Эшектикиндей үнү жоктор биерге жолобосун,
Парнаска алынсын жалаң гана Эшек!

Албетте, азыр адабиятта, искусстводо мындай «эшектер» жок. Бирок Крыловдун ушул акылдуу эскертүүсү эскире турган, унутуп коё турган нерсеби?

Крыловдун чыгармалары — дүйнөлүк адабияттагы эң баалуу мурастардын бири: андан керектүү сабак алуу, өсүп келаткан жаш муунга нуска катары көрсөтүү — биздин парс.

*     *     *

Крыловдун тамсилдери дүйнө элдеринин көп тилдерине которулган, которулуп да жатат. Бул тамсилдер окуганга жеңил, сыртынан жөпжөнөкөй көрүнгөнү менен оңой-олтоң эле которула калчу чыгармалардан эмес.. Белинский баш болуп Крыловдун тамсилдери жөнүндө сын жазган, ой-пикир айткан кишинин баары анын көркөм чеберчилиги, башкача айтканда, сөз менен иштөөдөгү таң каларлыктай усталыгын айрыкча баса белгилешкен. Улуу тамсилчи орустун жандуу речин, макал-лакаптарын, учкул сөздөрүн өз-өз орду менен таамай пайдаланган, тамсилдин ички түзүлүшүнө, интонациялардын так коюлушуна өзгөчө кам көргөн, бир эле сапка канча бир ойду батыра билген. Ар кандай баалуу буюм өтө зор кылдаттык, билгичтик, атүгүл аябагандай азап-тозок менен жасалып, бүткөндөн кийин караса көп деле кыйналышы жок, тез эле жасала калгандай көрүнөт эмеспи.

Маселен, айрым чыгармаларды окуп баратып, ушуну жазуучу олтура калып, бир дем менен жазып салган окшойт деп ойлойсуң, себеби баары сыдыргыга салгандай кынтыгы жок, мүдүрүлбөй, такалбай шыр кеткен. Ал эми сураштыра келсең ошо чыгарманы жазуучу үч-төрт сыйра кайра көчүрүп, керектүү сөздөрдү издеп жаны жай таппай кыйналып, азаптанып отуруп жазган болот. Крыловдун тамсилдери да ошондой сыртынан жөпжөнөкөй көрүнгөн, ичинен нечен түрлүү нур чачыратып турган асыл буюм сыяктуу.

Мен Крыловдун тамсилдеринин бир тобун которуп салгандан кийин, эң куру дегенде тектеш элдердин бирөөнүн тилине кандай которулганын карап коюуну туура таптым. Мындайда биз биринчи иретте казак адабиятына кайрыларыбыз белгилүү эмеспи. Менин колума 60-жылдардын башында жарык көргөн «Мысалдар» деген китеп тийди. Крыловду которууну Абай баштаган экен. Кийин көп акындар колго алыптыр. Бир эле тамсил үч-төрт акын тарабынан ар кандай мезгилде ар түрлүү которулган учурлар бар экен. Бирок баарына мүнөздүү нерсе: эч ким Крыловдун өзүнүн ыр түзүү формасын албаптыр; баары казактын элдик фольклорунда, же жазма адабиятында салт болуп калган жети-сегиз, же он бир-он эки муундуу ыр саптарынан түзүлгөн строфаларга келки-келки кылып бөлүп которушкан.

Ал эми Крыловдун тамсилдеринин баардыгына дээрлик мүнөздүү форма бар эмеспи: бул форма элдин сүйлөө речине жакын, бир сабы маселен үч-төрт эле муундан турса, экинчи сабы он-он бир муунга чейин эркин кете берет, окуй келгенде ошонун баары бир бүтүн динамикалуу речитативге айланып, жеңил кабыл алынат:

У кухни под окном
На солнышке Полкан с Барбосом, лежа, грелись
Хоть у ворот перед двором
Пристойнее стеречь им было дом...

(Формасы жагынан жалгыз гана «Ийнелик менен Кумурска» айырмаланып турат. Бул тамсилде муун ыргактары баштан-аяк бирдей десе болот, орустун элдик частушкаларына окшоп кетет:

Попрыгунья Стрекоза
Лето красное пропела
Оглянуться не успела,
Как зима катит в глаза.

Калган бардык тамсилдеринде бул форма колдонулган эмес).

Крыловдун кыргызча котормосу өзүнчө китеп болуп, 1938-жылы Казандан басылып чыккан. Ага Алыкул Осмонов которгон 22 тамсил кирген. А. Осмонов Крыловдун казакча котормосунун нугу менен кетүүнү ылайык көргөн экен. Бул айрыкча «Карышкыр менен мышык» деген тамсилдин котормосунан даана көрүнөт. Сюжети кеңири белгилүү эмеспи: мергенчилерден качкан Карышкыр алактап кыштакка кирип келип, Мышыкка «кимдикине барсам мени калкалап калар экен» дегенде, Мышык тигиге бар, буга бар деп, дыйкандарды чекесинен санап кирет. Карышкыр алардын бирине да жолой албайт, себеби биринин козусун көтөрө качкан, биринин коюн жара тарткан болуп чыгат. Степан, Демьян, Трофим, Клим деген ысымдар казакча котормодо казак аттары менен берилген: Алыкул Осмонов да ошо жолго салып, Калакбаш, Жыламыш, Көпбай, Жаманкул деп которгон. Саптардын муун өлчөмдөрү, ыргагы да казакча котормого дал келет:

«Бара кой, тиги үйдө Көпбай деген
Ак көңүл, жүзү жылма жарык келген,
Унчукпайт беш-алты күн консоң дагы,
Мыкты адам кабак-кашы ирмебеген»,
«Барууга мышык досум, жүрөк даабайт,
Уурдап козуларын далай жегем».

Казак котормочулары да, алардын түздөн-түз таасири астында которгон А. Осмонов да котормону элдин поэтикалык кабылдоосуна ылайыкташтырууну көздөгөнү, ошон үчүн казак, кыргыз ыр түзүлүшүнө жедеп мүнөздүү болуп бүткөн даяр форманы колдонууну туура тапканы көрүнүп турат. Мындагы чоң утуш — Крылов айтайын деген ойду, маанини, башкача айтканда, тамсилдин мазмунун казак, кыргыз окуучулары даана түшүнсө болот. Бирок оригиналдын формасы кандай экендигинен эч бир кабар алалбайт.

1944-жылы И. А. Крыловдун дүйнөдөн кайтышына 100 жыл толушуна карата анын тамсилдеринин котормосу «Кыргызмамбастан» өзүнчө китепче болуп чыккан. Ага А. Осмоновдун жогоруда айтылган котормолорунун бир нечеси, андан тышкары А. Токомбаевдин, К. Баялиновдун жана Р. Шүкүрбековдун котормолору кирген. Бул китепчеде да котормочулар окуучуларга орусча оригиналдын мазмунун, идеясын жеткирүүнү биринчи планга коюп, кыргыздын салтуу ыр формасын пайдаланышкан. А түгүл Р. Шүкүрбеков «Карылыгы жеткен Арстан» аттуу тамсилди кыргыздын кадимки эле баатырдык эпосунун мотивине салып:

Кайраттуу арстан балбаны,
Картайып алдан тайганы
Курч тырмактын күчү жок,
Оозунда бир да тиши жок,
Күркүрөгөн арстандын
Күчү кетип калганы,
Көрүнгөндөн таяк жеп,
Күчөгөн экен арманы... – деп которгон.

Көрүнүп тургандай, улуу-кичүү, жаш-карыга бирдей жеткиликтүү, түшүнүктүү, кыргызга көнүмүш форма колдонулган. Бир гана жери — Крыловду орус тилинде окубаган кыргыз «улуу тамсилчи Крыловдун тамсилдеринин сырткы түзүлүшү кудум биздин «Манас» жомогубуздай экен го» деген ойдо калышы мүмкүн. Крыловду кыргызча жеткирүүдө А. Токомбаевдин, К. Баялиновдун да баалуу салымдары бар. Мисалга А. Токомбаев которгон «Бака менен Бука» деген чакан тамсилди алсак болот:

Жайыттан кытмыр бака көрдү бука,
Теңелем деп букага желди жута,
Улам-улам оп тартып, сурап калды:
«Карап койчу, досум,— деп — болгон алды».
«Жоок,— деди ага досу. — Азыр алыс».
«Эми көрчү, болдумбу бука чалыш»
«Жок, досум, баякыдан артканың жок!
Анчалык арбын аба тартканың жок».
«Эмичи?»— деп күчөндү курган бака,
Күчөндү да, жарылды, болбой бука.

Албетте, форманы бир тилден бир тилге таамай, так өзүндөй өткөрө коюш оңой-олтоң иш эмес. Бир жери көңүлдөгүдөй жаркырап келгени менен, бир жеринен кемибей койбойт. Ошентсе да которуп жаткан акын же жазуучу өзү атайын тандап алган форманы котормодо да сактоого аракет кылуу, окуучу оригиналдын формасын элестете алгыдай жасоо парс. Крыловдун кай тамсилин болсо да кадимки эле элдик фольклордун көркөм каражаттары аркылуу жеңил которо салууга болот, Маселен:

Арсыз бир бака бар эле,
Анын ичи тар эле.
Балчайып жөн жүрбөдү,
Өгүздү көрүп, ошого Теңелем деп сүйлөдү,— деп шакылдатып кете берүү анча деле кыйын иш эмес. Ал эми Р. Шүкүрбеков которгондой:

Өгүз оттоп жатты өлөңдүү сазда,
Кыжырланат ичи тар Бака карап турат да.
Мен өгүзгө теңелейин деген ойго келди,
Ичине толтура баштады желди, чыгарбай демди,
«Кана өгүздөй болдумбу?» дейт чулчуюп туруп,
«О, али кайда!» деди экинчиси угуп[2],— деп которсо, албетте, кыргыз окурманга тиги көнүмүш жамактай шыр кабылданбастыр, өзүнчө интонация менен саал токтолубураак окууга мажбурлар, бирок кантсе да оригиналдын өзүнүн формасынан кабар бербей койбойт.

Крыловдун тамсилдеринин мазмунун да, ыр түзүлүш формасын да котормодо бирдей сактоого Р. Шүкүрбеков көп аракеттенген экен. 1944-жылы чыккан китептеги айрым тамсилдерди, маселен:

Жемиштүү өскөн экен бир зор дарак,
Кайдандыр кынык тапкан арсыз чочко,
Терип жейт жемиштерин ылдый карап,
Тойгон соң бак түбүндө уктап жатып,
Ойгонуп түбүн казды, тамыр тарап,— деп которгон тамсилди («Чочко бак түбүндө») кийинчерээк:

Кылымдар бою турган Эмен жыгачтын түбүнөн Чочко,
Анын уругун жеп өлгүдөй тойгон,
Шашпай көлөкөсүндө уктап алып.
Түбүнөн тамырын жула баштады ойрон[3], – деп Крыловдун өзүнүн формасына жакындаштырып кайра которуп чыккан.

Демек кыргыз адабиятында Крыловду которуунун аздыр-көптүр тажрыйбасы бар. Бул тажрыйбада үйрөнө турган үлгүлүү жактар көп, кемчиликтер да жок эмес. Атактуу Райкан Шүкүрбеков өзү «Тришканын кафтанын» «Тришкиндин кафтаны» (орусча «Тришкин кафтан» эмеспи) деп, ал эми жогоруда мисал келтирген «Бака менен өгүз» тамсилиндеги:

Пример такой на свете не один:
И диво ли когда жить хочет мещанин
Как именитый гражданин:
А сошка мелкая как знатный дворянин,— деген саптарды:

Дүйнөдө мындай мисал абдан арбын,
Далбасы дал ушундай мещандардын.
Обу жок ойку-кайкы баш аламан,
Буттары чийдей болуп дворяндын,— деп таптакыр эле теңирден тескери которуп салган жерлер учурайт. Крыловду которуу татаал, чоң иш. Чоң, иште кемчиликтер кетпей койбойт. Биз кетирген кемчиликтерди эске алуу менен көбүнчө аты аталган котормочулардын алгылыктуу, жакшы жактарына, сиңирген эмгегине көбүрөк көңүл бурдук. Эки жол турду. Бири — Крыловдун айтайын деген оюн, идеясын гана алып, аны өзүбүздүн кадимки эле төрт, алты, же сегиз саптан турган ырларыбыздын формасына куя коюу.

Бул окурманга жакшы жетиши, а түгүл жатталып кетиши да мүмкүн. Бирок анда оригиналдын формасына кол шилтелип калган болот. Экинчиси, Р. Шүкүрбеков аракет кылгандай, оригиналдагы мазмунду да, форманы да өзүндөй берүүгө умтулуу. Так өзүндөй берүү, балким, мүмкүн эместир, бирок ошого жакындатууну көздөө. Биздин оюбузча ушу экинчи жол туура. Балким мен бул котормодо өз каалаганымдай деңгээлге жете албай калгандырмын, кээ бир жерлерде формасы окшошкон менен көркөмдүгү, жатыктыгы, экспрессивдүүлүгү өксүп тургандыр, кээ бир жерде формасы да, мазмуну да аксап калгандыр — мен катардагы бир котормочу, Крылов деген улуу классик — кемчилик болбой койбостур. Бирок да бул улуу тамсилчинин келечектеги мыкты котормосуна биздин ушул жупуну эмгек чын дилден жасалган тажрыйба катары кызмат өтөсө, окурмандар бул тамсилдерден өзүнө керектүү турмуштук сабагын тапса, анда короткон күч-аракетибиздин текке кетпегени.

[1] В. Белинский. Избранное. М., «Художественная литература», 1959, т. I., 114-бет.

[2] И. Крылов. Тамсилдер, Фрунзе, «Кыргызстан» 1977, 46-бет.

[3] Ошонун эле өзүндө.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз