Амирбек Азам уулу: Пайгамбардын «кыргыз үмөттөрү» же элди азгырган жаңы мифтер

(Коомдук талкуу үчүн)

Акыркы жылдары Кыргызстандагы жер-суу аттарын ар кандай уламыштарга шилтеп, Орто Азия чөлкөмүнө ислам динин обол жайылткан арап ташбыйкатчылардын ысымдарын даңазалоо адатка айланды.

Юрий Беляков Кыргызстандагы жер аттарын тыкат изилдеп, ага байланыштуу макалаларын үзбөй жарыялаган эмгекчил калемгер, изилдөөчү. Изилдөөчү дегеним, Беляков мырза “Словарь топонимов Кыргызстана” (Бишкек-2013) аталган илимий-популярдуу китептин түзүүчүлөрүнүн бири. Арийне, ал өз макаларында жерлердин аталыштары жөнүндө эл арасында айтылып жүргөн түрдүү уламыштарды, мифтерди, легендаларды өтө эптүү пайдаланат. Аксакалдын быйыл 28-февралда “Слово Кыргызстана” гезитинин сайтына чыккан “Первые проповедники ислама на территории Кыргызстана” (Исламдын Кыргызстандын территориясындагы биринчи ташбыйкатчылар) деген макаласы менде бир топ суроолорду жаратты.

Эгерде аталган макалада мусулман ташбыйкатчыларына тиешелүү икаялар эл арасындагы уламыштарга таянып жазылды деп кашкайтып көрсөтүлсө, анда дасыккан калемгерге Мухаммед пайгамбардын сүрөтү жана пайгамбардын маңдайында турган алты кишиге байланыштуу гана суроо бермекмин.

Айтылуу Арыстанбаба, Ю. Беляковдун икаясына ишенсек, Мухаммед пайгамбардын көзү тирүүсүндө Арап халифаты үчүн көп белгисиз жерлерди, анын ичинде бүгүнкү Кыргызстандын аймагын изилдөөгө жана чалгындоого жиберилген биринчи ислам ташбыйкатчысы болуптур. Ал Фергана кырка тоосунун түштүк капталындагы ажайып кооз аймакты изилдеп, анын урматына Арстанбап дарыясы, Арстанбап өрөөнү жана жаңгак токою аталыптыр.

Автор макалада өзү ойлоп тапкан легендага абдан ишенип алган. Ошого андан ары араптар Орто Азияны басып алган 654-683-жылдары шах Жарир (сахиб Мухаммед Хазрет шах-и Жарир) баштаган колдун курамында келген исламга үгүттөөчү отрядды жаш жагынан баарынан улуу жана тажрыйбалуу ташбыйкатчы Бабаш баштап келген деп улантат.

Жарир баштаган отряд курамында Бозбу, Падыша, Тоскоол жана жээни Кожо, Ыйман (Ыман, Иман), Вали (Афлатун) дагы башка белгисиз дааватчылар менен миссионерлер да болушкан экен. Алардын баары Меккеде туулуп өсүшүп, Мухаммед а.с. каапырларга каршы баштаган 27 (жыйырма жети) жортуул жана салгылашууга катышышыптыр. Алардын арапча аттары ким болгонун эч ким билбейт.

Ага карбай жергиликтүү эл дааватчы-миссионерлердин эмгегин келечек муун билүүсү үчүн бир топ жерлерди алардын лакап аттары менен аташыптыр.

Мисалы, Ноокен жана Базар-Коргон райондорунда орун алган Бабаш-Ата чокусу (бийиктиги 4427 м) ошол VII кылымды элди мусулманчылыкка ташбыйкаттаган Бабаш атанын урматына коюлуптур.

Аксы аймагандыгы Бозбу-Тоо болсо Бозбу атанын урматына, Тоскоол атаны эскерип Тоскоол көлү (Сары-Челек) жана Тоскоол суусу аталыптыр. Чаткалдагы Падыша-Ата дарыясы Саид Камал ад-Дин Салмани ал-Фарси деген ташбыйкатчынын, Тоскоол атанын жээнинин урматына Кара-Суу дарыясына кошулчу Кожо-Ата суусу аталса, Вали атанын урматына Ит-Агар дарыясына куйган Авлетим суусу менен Авлетим кыштагы аталган деген божомолдор бар деп жазат С. Беляков. Атүгүл Валинин ысымы арап грамматикасынын таасир астында Афлатун болуп өзгөрүптүр.

Атүгүл Тоң аймагындагы Манжылы-Ата өрөөнү менен Сары Өзөн Чүйдөгү Аламүдүн (азан чакырып коюлган аты шейх Алам ед-Дин) дарыясы да ошол доордогу ислам ташбыйкатчыларынын ысымдарын алып жүрөт экен.

Калемгердин фантазиясы муну менен эле чектелбейт. Ю. Беляковдун ырасташынча, Мухаммед пайгамбардын жанында турган адамдар Бабаш ата, Падыша ата, Бозбу ата, Тоскоол ата, Ыман ата жана Вали ата экен. Таң калыштуусу: алардын ар бирин “Куран бир китеп ирети жыйналганга чейинки сүрөттөн” так көрсөткөнү.

Пайгамбардын биринчи үмөттөрү түшүрүлгөн сүрөт Кураны керим бир китепке чогултулганга чейинки же Мухаммед а.с.ислам динин эми ташбыйкаттай баштаган кезге таандык имиш. (В настоящее время изображения этих первых слушателей пророка Мухаммеда сохранились на картине периода его начальной проповедческой деятельности, ещё до составления Корана.) Тактап айтканда, береги сүрөт биринчи халиф Абу Бакирдин тушунда 632-634-жылдары Зайд бин Са́биттин жетеги астында Курандын тексти бир китепке чогултулганга дейре тартылыптыр.

Ю. Беляков 2019-жылы 2-августта ушул эле сайтта чыккан “Легенда о святом Тоскоол ате” (Касиеттүү Тоскоол-Ата жөнүндө легенда) деген макаласында быйылкы макаладагы сүрөткө байланыштуу ырастоосун өзү жокко чыгарган. (Караңыз: Юрий Беляков: «Первые проповедники ислама на территории Кыргызстана», «Слово Кыргызстана» 29-февраль 2020-ж.) Тоскоол-Ата жөнүндөгү макалада Жарирди Орто Азияга үчүнчү халиф Осмон ибн Аффан жибергени; Жарирдин колу менен Бабаш-Ата, Бозбу-Ата, Иман-Ата, Падыша-Ата, Кожо-Ата, Тоскоол-Ата, Вали-Ата жана башка миссионерлер өмүрүнүн акыркы жылдары жашаган жеринде өлүшүп, жайран болгон жерлеринде жайга берилип, кийинчерек жергиликтүүлөр тарабынан мүрзөлөрүнө күмбөз тургузулганы айтылат.

Үчүнчү халиф дегенден көрүнүп тургандай, Осмон халифалык орунга Мухаммед пайгамбар, Абу Бакир жана Умар о дүйнө салышкандан кийин келгени тарыхтан маалым.

Ал эми Мухаммед алейсаламдын жүзү жана тулку бою түшүрүлгөн миниатюралардын эң эскилери XIII кылымга таандык экенин америкалык окумуштуу, Мичиган университетинин доценти Кристиан Грубер айымдын (Christiane Gruber) изилдөөлөрүнөн маалым. Андай миниатюраларды тартуу салты Арабия жарым аралында болгон эмес.

“Исламдын Кыргызстандын территориясындагы биринчи ташбыйкатчылары” деген макалага тиркелген миниатюра Абу Рейхан Берунин (973-1048) “Өткөн муундардын эстелиги” деген эмгегинин XIII кылымга таандык көчүрмөсүнөн алынган. Бул миниатюра бүгүн Шотландиянын Эдинбург университетинин китепканасынын корунда сакталуу. Сүрөттү ким тартканы белгисиз. Бирок ал XIV кылымдагы илханиддик кол жазманын XVII асрда Осмон империясында жасалган көчүрмөсү деп саналат. Ушул эле миниатюранын башка художник тарабынан көчүрүлгөн экинчи көчүрмөсү Франциянын улуттук китепканасынын корунда азыр. Бир булактарда миниатюрада Мухаммед пайгамбар Арафат тоосуна акыркы зыяратка жөнөр алдында мусулманчылыкты эң обол кабыл алган колдоочулары же сакабаларына кутпа окууда деп айтылса, экинчи булактарда пайгамбар мушриктер менен түзүлгөн шерттешүү жокко чыгарылганын жарыя кылган учур тартылган деп айтылат. Бул эмне болгон келишим же шерттешүү экени Кураны каримдин “Тообо” сүрөөсүндө кеңири баяндалат.

Эң биринчи болуп ислам динин ыйман кылып алгандар: Хадича (биринчи мусулман жана исламды тааныган биринчи аял; пайгамбардын биринчи зайыбы), Абу Бакир (22 жашта) (исламды кабыл алган биринчи эркек), Зайд бин Хариж; (23 жашта), таякеси Абу Талиптин уулу Али болушкан. Бул 610-жыл эле. 616-жылы обол Мухаммаде алейсаламдын өгөй агасы Хамза бин Абдимиталип, анан Умар бин Хаттаб мусулманчылык жолуна түшүшөт. (Караңыз: https://www.alsirah.com/the-life-of-muhammad-pbuh-a-timeline/)

Ошондуктан Ю. Беляковдун макаласына тиркелген сүрөт Мухаммед пайгамбар маалында тартылган деп ырастоо жана Бабаш-Ата башындагы беш дааватчыны Мухаммед пайгамбар менен кошо тургузуп коюу окурманды алдоо, профанация деп айтар элем.

Эми калемгер-топономисттин Аламүдүн насилинде шейх Алам ед-Дин деген диниятчынын атына коюлган деген ырастоосуна кайрылалы. Филология илиминин доктору, профессор Курманбек Токтоналиев “ала” сөзү Алтай тил тобунун лексикасында “жайылган тоо, тоо кыры деген маанилерди билдирсе, "модун" деген сөз тунгус-маньчжур тилдеринде ийри-буйру, тал-теректүү, бадалдуу, арчалуу жер” деген мааниде айтыларын, ушу “эки компоненттин айкашуусунун негизинде Аламүдүн деген топоним жаралган. Аламодун деген ат кыргыз жергесиндеги эӊ байыркы аттардын катарына кирет. Бул тарыхый факт” деп жазганы бар. (Караңыз: Би-би-си. 23.04.2018-ж. “Ала-Тоо, Аламүдүн, Ала-Арча – жериӊдин атын билесиңби?”)

Буга бир нерсени гана кошумчалап койоюн. “Модун” сөзү монгол тилинде уй, сыйыр деген. Эгер Кыргызстан аймагындагы көптөгөн географиялык аталыштар жан-жаныбарлардын жана канаттууларга байланыштуу экенин эстесек, Аламүдүн дегенди  “ала уй” деп да чечмелөө мүмкүн.

Баса, жогоруда аталган Топономикалык сөздүктө да Аламедин же Аламүдүн аталышын жаралуу таржымалы араптарга барып такалат. Теги арап тилинен келген сөздөн алынган деп чечмеленет: Алам (баарынан жакшы билүүчү), үд (артикль) жана дин (ишеним) деген үч компоненттен турат деп түшүндүрүлөт.

Ал эми Манжылы-Ата деген топоним үй-бүлөдөгү бак-таалайды колдоочу касиеттүү адамдын, пирдин аты деп айтылат береги сөздүктө. Бул миф орус тилдүү массмедиада көп кайталанат.

Ошон үчүн “манжылы” сөзүнүн мазмунуна токтолуум абзел. Себеби, Шаакан Токтогул ысымдуу колумнист “Манас жылга” дегенден кыскарып отуруп “манжылы” болуп калганын уламышка шилтеп түшүндүрөт. Ал эми Ю. Беляков “Касиеттүү колдоочулар жөнүндө легендалар” (Караңыз:“Легенды о святых покровителях”, http://www.literatura.kg/) деген эмгегинде Манжылы-Ата тянь-шань говорундагы “манжы” – “алсыз борук(ирик)” сөзүнөн алынган деп түкшүмүлдөйт.

Монголдор шаман-бакшылардын жеңиндеги салбырап турган чачысын “манжылы” дешет. Элибизде эзелтен эски күмбөзгө (мазар), касиеттүү, азиз жерлерде өскөн бак-дарактарга чүпүрөк байлоо салты бар экенин эстесек, “манжылы” бутак-шактарында кыйык, чүпүрөк, жип салбырап турган даракка карата  айтылганы айкын  болот.

Топономист ушул эле эмгегинде Арстан-Баба жөнүндөгү мифин улантып, Мухаммед а.с. жакын өнөктөштөрүнүн бири, бир да салгылашууда жоого жеңилбегени үчүн “арстан” деп аталган баатыр, эр жүрөк аскер башчы, Арстапбап кыштагынын жана Арстанбап жаңгак токоюнун түптөөчүсү деп сыпаттайт.

Ю. Беляков жана башка авторлор тарабынан Бабаш-Ата, Бозбу-Ата, Иман-Ата, Падыша-Ата, Кожо-Ата, Тоскоол-Ата, Вали-Ата деген жерлерди арап миссионерлеринин урматына аталган жана жергиликтүү калк ичиндеги аңыз кептерге таянып, халифтердин же арап кол башчыларынын кабыры же күмбөзү деген сыяктуу мифти илимий комментарий жок бойдон улам-улам окурман журтка сунуш кылуу, ар кандай жер аттарына байланыштуу сөздүн этимологиясын түрк (кыргыз) сөздөрүнөн мурда арап сөздөрүнөн издөөнүн өзү аста-секин кыргыз же түрк элдеринин өзөк сөзүн арапташтырып, элдин аң-сезимин өзгөртүүгө алып барарын соңку бир кылым ашык тарыхыбыздан да билебиз. Алсак, орус оторчулугу кезде көптөгөн жерлер орусча аталып, бүгүнкү жаш муун түгүл улуу муундагылар да көп жердердин эзелки аттарын билишпейт. Кыргызстандагы жерлердин аттарын арап баскыны менен кошо келген ташбыйкатчы молдо-кожолордун, сакабалардын, аскер башчылардын ысымдарына байлап, элди аларга сыйындырып, анан элибиздин эзелки көөнө тарыхын акыл эстен жууп салуу үчүн кыртыш даярдалып жаткан жокпу деген суроо туулат.

Жогорудагы топонимдердин түрк же кыргыз тектүүлөрүнүн таржымалын кийинки макалада кеп болот. Ошого аларга токтолбой эле ата сөзү арап тилиндеги шейх аксакал жана перс тилиндеги пир, муршид сөздөрүнүн синоними экенин, бул сөз диний адабиятта негизи Орто Азиядагы суфийлердин (сопу) устаздарына, аксакалдарына карата колдонуларын эскерте кетмекчимин.

Суфийлердин устаздарын же көсөмдөрүн ата деп атоо XI–XII кылымдарда Кудайды тарика жолу менен таануу чөлкөмдө кеңири жайылган кезде башталат деген жоромолдор бар.

Тарикат – бул Аллага сыйынууда тассаввуф, мистикага өзгөчө орун берген, тутунган уникалдуу усулу менен башкалардан айырмаланып турган топ/көпчүлүк түзгөн диний жол. Тарикатчылар үчүн тассаввуф, мистика ажырагыс атрибут. Мистикалык жашоо таризин тандаган сопулардын ишениминде бул жол аларга жан дүйнөсүн тазартып, акты түшүнүп билүүсүнө, ага дилинде жакындашуусун мүмкүн кылат. Сопулук жашоону тандаган момундар менен шариатка ылайык жашаган мусулмандардын айырмасы ушунда.

Ислам динине байланыштуу англис, орус тил жана башка тилдердеги илимий булактарда сопучулук тээ VII-VIII кылымдардан эле башат алганы орто кылымдардагы арап жана перс аалымдарынын эмгектерине шилтеп жазылат.

Немис мамлекеттик ишмери Геббельс айтса керек эле: “Миң жолу кайталанган калп чындыкка айланат”. 

Жогорудагыдай ислам экспанциясы кезде Орто Азияга келген дааватчы-миссионерлерге байланыштуу легендар улам айтылып отуруп, аны ойлонбой “кулакка куйган” адамдар үчүн чындыкка айланарына мен өзүм бир эмес, бир нече жолу күбө болдум.

Мисалы, Ала-Тоо, Аламүдүн деген сөздөрдөгү Ала кудайдын аты экен; төртүнчү халиф Али бин Абуталип, пайгамбарлар Сулайман, Дөөтү (Даут, Давид) Аюп илгери заманда Кыргызстанда болгон экен, ошон үчүн алардын ысмын алып жүргөн жерлер бар; атүгүл Нук пайгамбардын боюнун бийиктиги 50 м болуптур дешип, алдагыдай мифтерге “бөркүндөй ишенген” карпайым да, жогорку билимдүү да адамдарды жана дааватчыларды кезиктирдим.

Ушундан келип, өйдөдө аталган топонимдердин келип чыгышын Мухаммед Хазрет шах-и Жарирдин жортуулу кезде келген алгачкы дааватчылардын ысымдары деп айтуу же боолгоо жана мындай мифтерди улам-улам кайталоо: өлкө тарыхын билбегендин кесепети жана акырындап элдин тарыхый эс тутумун өзгөртүүгө багытталган идеологиянын алкагында жасалган кадамдар деп түшүнөм. Балким мен жаңылармын...

Амирбек АЗАМ уулу, "РухЭш" сайтынын "Казына" адабий эксперттер тобунун мүчөсү

 

Окшош материалдар

comments (1)

  • - Чынгыз Баймурза

    Валинин ысымы арап грамматикасынын таасир астында Афлатун болуп өзгөрбөйт. Вали башка Афлатун башка сөз. Араптарда п тамгасы болбогондуктан грек философу Платонго (πλατων) Афлатун деп коюшкан. Вали - авлия деген сөздүн жекелик түрү. Авлия (достор) кыргыз тилинде олуя болуп өзгөрүп кеткен.

Комментарий калтырыңыз