Ыракенин ой дүрмөттөрү

  • 03.09.2021
  • 2927

Рамис Рыскуловдун көчө философиясынан үзүндүлөр...

Турмуш дудукту да кол жаңсатып сүйлөтөт. Чолокту да чолоңдотуп, бир жакка шаштырып жүрөт.

* * *

Турмуштун баардык тозогуна төшүм ачык. Болбосо акын болот белем.

* * *

Табигаттын аптекасы – мөңгүлүү Ала-Тоо.

* * *

Көчөдөн текирең-таскак салган бир келин оймоктой оозун чормойтуп:

- Сен акын болсоң эле Пушкиндей болмок белең. Эптеп-септеп ыр жазып жүргөнүңү колкоо кылба! Дөңдөн түшкөн арабадай болбой, бараткан жолуңа түш, - деп ичимди аябай күйгүздү.

* * *

Көчөдөн дагы бир келинге тийишсем:

- Жугунду аңдыган ит ко мобу, - дейт.

Ошол келинге кийин жолуксам:

- Сен мага жагып калдың, - дегенде мен:

- Анара, мен эми сенден башка сулуулардын көңүлүнө жагып калдым, - деп карабай басып кеттим.

* * *

Көнөктөгөн жамгыр алдында калганымда кол чатыр көтөргөн бир кызга:

- Кол чатырыңыздын алдына квартирант болуп кирип алайынчы, - десем чунаңдап жолотпой койду.

* * *

Саясат дегениң асмандагы булуттай тез-тез удургуп, өзгөрүп турат.

* * *

Мага калем алдырган мен эмес, мендеги жүрөк толкуну.

* * *

Иштен кийин окуудан тараган студенттер менен ары түртүшүп, бери түртүшүп алганда денем жакшы бир машыгып алгансып, алардын деминен, күчүнөн чоң ыракат алам.

* * *

Бир сулуунун жанында жүз аламан шайтан бар.

* * *

Бул дүйнөдө тунук шайтандар көп. Туптунук сулуу кыздар анык шайтан, анан арак. Тунук арак ичке киргенден кийин соо адамды жиндиге айлантат.

* * *

Иттер, куштар, чымчыктар менин ырларымды жатка билет. Алар менин ойлорумду тыңшап жашайт.

* * *

Кээде биз кудум эле айнектен чыгалбай дыңылдап аткан аарыга окшоп, жөнөкөй тоскоолдукту да жеңе албайбыз.

* * *

Турмуштун түзүлүшү шахматтай да, шашкидей да. Шашкинин фигураларынын баары тегиз болсо да, дамкеге чыкмайы бар. Шахматта болсо адегенде жүрүштү кичинекей пешкалар баштайт. Алардан аттар гана аттап өтүп, мурда көчүү акысын ала алышат. Жакшылап ойлоп бакса, турмуштун көп мыйзамы шахматта сиңирилген.

* * *

Бир жигит бир кызга:

- Жазуучу Варлам Шаламовду билесиңби? - десем, "Шалгамовдун далайын билем" деди.

* * *

- Эмне арманың бар, Ыраке? - дейт бир келин.

- Буканыкындай энегим болсо деп тилейм, - дедим.

* * *

- Сиз төгүп да ырдап ийесизби? - дейт бирөө.

- Мүдөөм менин – балаган,
Береген колум алаган.
Сокур ит бетим жалаган, - деп төгүп салдым.

* * *

- Милийса эмне үчүн түндөсү хулигандардан коркпойт? - дейт бирөө.

- Өзү хулиган болсо эмнеге коркмок эле, - дедим.

* * *

Душманды алыстан издебеш керек. Ал дайыма жаныңда акмалап жүрөт. Сен жөнүндө сөз ташыйт, сырыңды тыңшайт.

“Де-факто” гезити (№07, 14.02.08-ж.)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз