Кайталап окуйбуз: Рамис Рыскуловдун учкул ойлору

  • 20.12.2023
  • 4973

Ушул жашка келгиче бөкчөйүп чал болбогон себебим, мен эч качан тамакты тойгончо жебейм. Эртеден-кечке шаар аралаганым эле жеңил гимнастика. Шаар кыдыруу деле марафондо жиниккендей.

*      *      *

Бир кабарчы:

— Иттей шыйпаңдаган арзымат акындар көбөйүп кетти, — дейт.

— Колуңдан куу сөөктү көргөн ит тикесинен тик туруп бийлеп жиберип атса, карта-чучук бар жерди көргөн акын кантип шыйпаңдабасын, — дедим.

*      *      *

Заман жакшы экенинде чөнтөк дептерим жука болчу. Кыйын заман келип, мени кыйын акын чыгарды. Калың дептер алалбай жүрөм. Идеялар көп.

*      *      *

Гезиттерге көп барбай калган себебим, идеяларымды уурдачу журналисттер толуп кетти. Мени эле кайтарып турушат. А мен барган гезиттердин нускасы кудайды карабагандай өсүп кетет, ошон үчүн эч бир гезиттин эшигин аттабайм.

*      *      *

— Денсоолугуңуз жакшыбы? — дейт бирөө.

— Мен куландан соомун, — дедим, — болгону өмүр бою жин оору эмес, сөз оорусу менен алыштым. Акынга сөз оорусу келмейин акын болбойт.

*      *      *

Кээ бир сөздү толкундабай айтыш кызыксыз.

*      *      *

Котормого окшобой, түпнускалуу болуш керек.

*      *      *

Аксак бүркүт катуу шаңшыйт дейт. Мунун түп мааниси терең. Ким ак жеринен күйсө же тубаса кемчилиги болсо, элден башкача чыркырайт. Андайлардын үнү чын жүрөктөн чыгат.

*      *      *

Шамал, добул, элет жыттанып туруш кандай сонун. Аны мээнеткеч кумурска менен аары да билет.

*      *      *

Турмуш өзү чоң мектеп, чоң университет. Ким турмуштан башын калкаласа, артына чоң из калтырбайт.

*      *      *

Кичинекей, атүгүл майда нерселерден да бактымды курап жашадым.

*      *      *

Кээ бир жолдошторду атайылап жүрөгүмө жакын жибербей, одоно мисирейип, түссүздү буруп жооп кайтардым.

*      *      *

Бир сонун жолду табыш үчүн канча кыйын жолдордо адашабыз!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз