Тайир Аширбай: Рамис

Дүк! Дүк! Дүк! Ойгон, Шык!  
Уктабай үйдөн чык!  

Рамисти тапкыла, 
Кайрадан ачкыла!  

Айткыла,   Рамис ким?  
Көктөгү Айбы, Күн?  

Ал деген - Ыр Аңыз, 
Улуттук Уламыш!  

Тамшанткан табышмак, 
Жообу жок жандырмак.

Кыргыздын багына
Жаралган казына.  

Манастай анык шаа,
Алмашкыс падыша.  

Биз билген пенде эмес, 
Төрөлгөн жерде эмес, 

Алыскы жылдызда, 
А бирок, кыргыз да!  

"Кыргызча - жылдызча"
Сөздүктү кыпкыска

Мезгилде түзгөн ал, 
Асмандан түшкөн ал.  

Миң тамыр - дареги,
Жалбырттайт кареги.  

Тик учкан чачын айт,
Тим эле чачырайт.  

Бир көрсөң - жаш бала,
Кыялы - ай-талаа!  

Ойкуган, кайкыган, 
Толкуган,   чалкыган

Ойлору деңиздей,
Мухитке эгиздей.  

Тентектик,   өжөрлүк
Нөшөрдөй көшөрүп,

Ракеме жармашкан, 
Жанаша кармашкан.  

Обонду созот ал,
Шамалдан озот ал!  

Кыргыздын чолпону, 
Тултук бет болпогу.  

Бакчада ойногон,
Бакытка тойбогон 

Бөбөктүн торпогу,
Коёндун коркогу.  

Жүрөктүн толтосу,
Так, таамай ортосу.  

Жигиттин жолборсу, 
Кыздардын жолдошу.  

Рамис ким? Ал - акын,
Теңдешсиз алп акын.  

Адамзат акыны, 
Кудайдын жакыны.  

Эргүүнүн баатыры, 
Ээлигип жатыры.  

Көзү да,   өзү да, 
Балп эткен сөзү да

Жаңырат кызыктуу, 
Кыпкызыл сызыктуу!

Түш көрүп тартылган, 
Арзуулар артылган

Оймосу омоктуу, 
Чиймеси жомоктуу.  

Ааламдык сүрөтү
Аябай күнөстүү!  

Сезимдин данегин, 
Баткендин баргегин
Жөжөдөй чокуган, 
Маскөөдө окуган.  

Мынакей Ыр Акем,
Төгүлгөн Нур Акем.

Келатат дуулдап, 
Зуулдап,   шуулдап!  

Жыйырма жашында,
Булактын башында

Күмүштөй көрүнгөн,
Жибектей өрүлгөн.  

Отузда оргуштап, 
Кеңдикти колтуктап, 

Кыраңда секирген, 
Эх,   кандай эсирген!  

Кырк жашта кычырап,
Укмушка учурап, 

Беймарал каткырган, 
Жашоону жактырган.  

Рамис ким? Ким өзү? 
Миң кырдуу мүнөзү...

Жалганды жек көрөт,
Май токоч жеп көрөт.  

Ракенин жазганы -
Жупуну,   жайдары.  

Жар салып жалпыга,
Жетели баркына!  

Оо, анын ырлары -
Өмүрдүн жыргалы.  

Ар дайым жапжаңы, 
Баш багат ак таңы.  

Сөздөрү - чагылган, 
Күйгөн чок тагынган.  

Анан да жөнөкөй, 
Карайсың жөн өтпөй!  

Элүүдө эргиген,
Куш сымал сергиген.  

Бир гана Ыр үчүн
Жумшаган бар күчүн.  

Ыр дүйнө кыймылын, 
Тагдырдын ый, муңун 

Ээлеген биринчи, 
Бергиле сүйүнчү!  

Алтымыш жашында, 
Калкынын кашында

Айбаттуу ат минди,
Бакайдай бат минди.  

Жетимиш жаз тосуп, 
Шаттыкка баш кошуп, 

Жетиген жылдызды
Бутуна тургузду.  

Эй, менин Ыр Акем, 
Сыйкырдуу Сыр Акем!

Сексенди сермедиң, 
Тизгинди бербедиң.  

Бербегин эч кимге, 
А түгүл Пушкинге!  

Тоодогу кийиксиң,
Лоркадан бийиксиң!  

Кытайдан кыйынсың, 
Кыргызга кылымсың.  

Жапандан чеченсиң, 
Намыска бекемсиң.  

Галилей издеген, 
Коперник көздөгөн

Чеги жок кыйырсың,
Бүтпөгөн чыйырсың.  

Саманчы Жолундай, 
Сан жылдыз тобундай 

Санжыра санатсың, 
Кайрылбас канатсың.  

Аймаран... Атың көп, 
Өзүңө баары төп!  

Сальвадор Далини, 
Мухаммед Алини 

Көтөрүп жыгасың, 
Чокуга чыгасың.  

Байрондон башкасың, 
Сарала кашкасың.  

Пикассо,   Ван Гогду,
Ницшени,   Тагорду, 

Байыркы Гомерди, 
Өзгөчө Гогенди 

Үңүлүп үйрөндүң, 
Күпүлдөп күүлөндүң.  

Геннадий Айгиге -
Жаштыгың айгине!  

Эй, Чаанын тукуму, 
Уча бер утуру!  

Эр Рыскул Атанын,
Уултай Апанын 
Ишенген уулусуң, 
Сен Ырдын кулусуң!    

Жарыкка бир келдиң, 
Бир өзүң - миң элсиң!  

Сүйөркул,   Оморго, 
Турарга,   Жолонго

Киндиктеш дос болдуң, 
Өрт чайнап оштондуң.  

Токсонду томкоргун, 
Тозбогон тоо болгун.  

Миң эсе мыктысың,
Шоктукка шыктуусуң.  

Болбостон ич күйдү, 
Маяковскийди

Кыргызча сүйлөттүң, 
Араба сүйрөттүң.  

Орустун кышына, 
Моңголдун кызына

Арбалган ашыксың,
Ышкыга машыктың.  

Кыштагы көктөмсүң, 
Сен Күндү өпкөнсүң.  

Жүз жашты багындыр, 
Көз жашты сагындыр.  

Ырдагы Кум-Төрсүң, 
Пайдаңды журт көрсүн!  

Асаба,   байраксың,
Кажыбас кайратсың.  

Өйдөдө өбөксүң,
Ылдыйда жөлөксүң.  

Чоң ата болсоң да, 
Миң жашка толсоң да 

Жүрө бер жаш бойдон, 
Жапжашыл жаз бойдон!  

Чарчаба,   чаалыкпа, 
Эч качан талыкпа!

Сен - Ырдын пирисиң, 
Түбөлүк тирүүсүң.  

Тайир Аширбай, акын

Лейлек району.

"РухЭш" сайтынын "Казына" тобунун мүчөсү

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Тайир Аширбай

    Ушул поэмага экинчи өмүрдү тартуулаган "РухЭш" сайтына ырахмат !

Комментарий калтырыңыз