Мидин Алыбаев: Жейт деген эмне?

ФЕЛЬЕТОН

Биздин жалпы түшүнүгүбүз боюнча бир чыны сууну, же бозону шимирип жиберсе, «ичти» деп айтабыз Бир бөлкөнү же жапкан нанды чайнап жутуп жок кылса, «жеди» деп айтабыз. Ырас, биз жегенди «жеди» деп, ичкенди «ичти» деп түшүнөбүз. Бирок кийинки күндөрдө ушул «жеди», «жейт» деген сөздү ар түрдүү түшүнчү болдук.

Анткени кээ бирөөлөр жегенде 4-5 жапкан нан, же бир табак эт эмес, дардайган өгүздөрдү мүйүзү менен кошо жеп койгонун сезип калуучу болдук. Ал гана түгүл атты төрт бутундагы такасы, астында сүйрөгөн арабасы менен жегендер да учурап калуучу болду. Жутулуп калган аттар жегендердин ичине барып, тыбырабай турган болуп, чайналбай туруп кулк эткен өгүздөр жегичтердин кызыл өңгөчүн мүйүздөрү менен челип чыкпастан өтөт экен.

Ырас, жегичтердин ичинде алды-артын карабастан, кайсай берип жегени жем, ичкени аш болбой же үйүнө жетпей, же өзүнө жетпей, пивной менен арак дүкөндүн түбүндө бир кусса, элинин алдында экинчи кусушуп, бат эле колго түшүп, тергөөчүнүн алдында тебетейин алып коюп, тамтыраса да танып жаткандарын көрөбүз. А кээ бирөөлөрү түшө турган капканга таш ыргытып көрүп туруп, анан «жемди» сугунушат экен. Мындайларды колго түшүрүү эң кыйын болот. Кыйын гана түгүл, алар айдан жарык, күзгүдөн тунук болушуп, кайра текшерүүчүлөргө акыл үйрөтүп калышат. «Караңгыда калт этпес, жонго чапса былк этпес» сол колу менен алганын оң колу менен жаап, кекирсе бирөөнүн мурдуна кекирбей, өзүнүн жеңинин ичинде кекирген, «Паланча мүлк желип калган турбайбы?» десең: «Кокуй муну ким кайсады экен?» деп сага кошулуп секирген жегичтер бар. Буларды «эпчил жегич» дейбиз.

Так ушулардын бири Кант районундагы Карл Маркс колхозунун башкармасы Чуприн Максим Васильевич болуп саналат.

Бул жолдоштун жоругун айтуудан мурун өзүн сиздер менен тааныштырып өтөлү.

Ал Карл Маркс колхозуна башкарма болордон мурда бир гана кунаажыны бар болучу. Азыр анда 2 музоолуу уй, 3 кунаажын, 2 ат, бир араба жана 33 чочкосу бар. Согуш убагындагы кыйынчылыкка карабастан, өзүнө 4 комнаталуу үй салдырып алган. Албетте биз: «Кедей турса экен, эки өрдөк, бир короздон башка мал күтпөсө экен» дебейбиз. Байысын! Бирок байыганда ушундай «байыйбы». Ушунча мүлк Чуприндин кайсы эмгегинен табылды?

Бул байлыктар мына мындайча табылды: коомдун мүлкүнө колду кайсы жерден салышты таап бүткөндөн кийин эмнеге тартынат? «Атка жеңил, тайга чак» дегендей кой-эчки бечара «жейм» дегенге насмай саткандардын бир сомдук майдаларындай эле ыктуу болот эмеспи? Ал койдон баштады... Эгизинен эптеп, арыгынан арттырып, адегенде эле 1944-жылы 17 койду өзү сомдоду. Койду колкодон өткөрүп көнгөн кишиге бодону боёмолоо арзан болот эмеспи, 1945-жылы колхоздун мүйүзү шаадай болгон 6 өгүзүн ар бирин 13 миңден сатып, 56 миң сомду араң киришке киргизип, 22 миң сомду шым чөнтөгүнө салдыбы, же жөн эле кончуна каттыбы, айтоор өзү алды.

Эми мүйүздүү өгүздөр алкымынан «Өө!!» дебей, өтүп кеткенден кийин, Камбар атага кол сала баштады. 2 кой, 6 миң сомго бир тору кашка бээни колхоздун ортосунан сатып алып, кайра кап-кайдагы «жел» акчаны «кириш» кылып коюп, бээни азыр өзү менчигим деп алып койду. Дагы бир эч күнөөсү жок каракашка быштыны 6 миң сомго сатып, ушул убакка чейин «Иттен да жок, ит байлаган жиптен да жок» кылып бербей жүрөт. Колхоздун дагы момураган жоош кер аты же отпускада эмес, же командировкада эмес, же окууда эмес, өзү да, изи да жок болду.

Бул колхозду жеке гана өзү жебестен, Тыналиев деген эсепчи да аны менен кошо кашылап келе жатат. Тыналиев ушул азыр да колхоздун эт-майына, тыбыт менен жүндү аралаштыра жеп жана ар дайым, сары чайнекке куюлган арактын күчү менен кишини караганда, батып бара жаткан күндү карагансып, мурду менен карап турган кезек экен. Ал мас болгондо урушаар киши таба албаса, коңшуларынын иттеринин куйругун түйүштүрүп алып сабайт деп уктук. Ушул эле Тыналиев 25-май күнү агасынын атын унутканча мас болуп алып, чаап баратканда жуушап жаткан уйларды аралап кетип жыгылды. Жыгылды да башка жери аман калып... мурду айрылды. Темтендеп араң туруп:

- Чак түштө саан уйларын короосуна байлабай, жолго коё берет. Мунун ээсинин эмгек күнүнөн кыскартыш керек! — деп балдырап бүткөнчө уй кайтарган чал:

- Балам, саан уй эмес. Атың колхоздун күрөң букасына чалынып жыгылды, — деди.

Чамгарактаган карагер кунан тизгинин үзө басып, колхоздун концеляриясына кетти.

Чуприн менен Тыналиевдин кылыктары райондук органдарга билдирилип, нечен текшерүү жиберилген. Бирок алар ар дайым эле камырдан кыл суургандай, тап-таза чыгып кетишет.

Колхоздо районго берилген отчёт боюнча 471 кой болсо, чын колдо кыбырап аман жүргөнү 438. Калган койлордон 27си менчик, 25и «Чоң Далы» колхозунун койлору. Отчёт боюнча 116 жылкы болсо, анык колдогусу 113. Ушул эле берилген отчёт боюнча 181 уй болсо, көзү жалдырап Чуприн менен Тыналиевди карап турган аныгы араң 149. Калгандары менчик жана райондук кызматчылардын убактылуу багуу үчүн кошкон малдарын шаштысы кеткенде кошуп санатып жиберип, көз боёмочулук кылышкан.

Бирок бул амалдары да аман-эсен бойдон өкмөткө билинип калгандан кийин атайын ушул колхоз үчүн партиянын Фрунзе обкомунун тапшыруусу боюнча 10-майда облзонун ревизору Иванов деген жиберилет. Жиберилген текшерүүчү жибектей созулуп, Тыналиевдин арак куйган сары чайнегинин түбүнө 11 күн удаасы менен уктап жатып, «коркунучтуу эч нерсе жок экен» деп өзү коркпостон, төркүндөгөн кыздай төрт пуд ун, он беш кило сары май алып, Тыналиевди жан-жөкөр кылып ээрчитип, 1-майдын түнүндө Фрунзеге жөнөгөн.

Ушул азыр да Чуприн менен Тыналиев: «Мына жегенге жараша так ушундай жеш керек, жээрин жеп алып, милицияга желкелетип жүргөндөр да адамбы?» деп ичинен айтышса, колхозчуларга кыргыйдай тийип кыйкырат:

- Кана, арыз бергениңер ким, айткылачы? Бизди өкмөт кантип эле силерден жакшы көрбөсүн. Эмгегибиз бар үчүн көтөрүп жүрөт. Район эмес, областтан текшерүүчүлөр чакыртып жатып эмне кылдыңар? — деп ачык эле кыйкырып жүрүшөт.

Кант району көп алыс жер эмес! Чуприн менен Тыналиевдин жаагын жап кылуу үчүн 3 күн командировкалык акчаны аябай, 3 кишини Фрунзе областынын тиешелүү органдарынан жиберүүнү биз да ачык сурайбыз. (Бирок Иванов барбасын! Сары чайнек дале бар дейт экен...)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз