Шайлообек Дүйшеев: Досторго

  • 19.02.2024
  • 3435

АЛП МИДИНДИН ТҮБҮН ИЧКЕН МИДИНИМ

Жолоочу Рысбаевге

Айлың аман, айлыңдагы төр аман,
Аласалып оонап жаткан көл аман.
Аман жүрүү кыйын болгон заманда,
Алтымышка чыга бербейт жөн адам.

Элиң аман, эл сыйлаган төр аман,
Эл деп толкуп, эл деп жаткан көл аман.
Мыйзамынан мылтыгы көп заманда,
Мындай жашка чыга бербейт жөн адам.

Бажырайып алтымыштын кырында,
Балдарыңдын жүргөн менен сыйында
Баарысынын тынчын алган үйдөгү,
Бала жоктур сенден чыргоо чынында.

Атагы зор, алтыны нөл, асыл баа,
Алты ыр тапса чыгып кетип чатырга.
Түшпөй койгон сенден жинди жок чыгаар,
Азап, азап... аял болуш акынга.

Жыйганы нөл, жылдызы мол, асыл баа,
Жылаңайлак жашаса да чатырда.
Жыртык күнүн падышага алмашпас,
Жыргал, жыргал... аял болуш акынга.

Аялдардын улуулугу затында,
Аял болуш андан улуу акынга.
Бейшекандын канча чачын ак чалса,
Так ошончо Жолоочу бар чачында.

Алтымыштын көз кайкытаар кеңдиги,
Аргымактын кургабайт да тердиги.
Алтымышка Жолоочуну апкелген,
Анын эмес, Бейшекандын эрдиги.

Асыл курбум! Ачуу-таттуу тилиңин,
Арасында жүргөндөрдүн биримин.
Аман болсун кабыланы тамсилдин
Алп Мидиндин түбүн ичкен Мидиним.

Көл башында алыс жаткан айлыңдан,
Көкө Теңир Сары Өзөнгө алдырган.
Аман болгун сатиранын арстаны,
Байдылданын түбүн ичкен Байдылдам!

О, АЗАБЫМ! О, ТОЗОГУМ! КАЗАЛЫМ!

Баратбай Аракеевге

О, азабым! О, тозогум! Казалым,
Сен жөнүндө эми эмне деп жазамын?
Аныңды да, мунуңду да эл билет,
Ансыз деле айтып бүткүс атагың.

О, чатагым! О, ойронум! Кайраным,
Эки күн иш, беш күн кылган майрамын.
Шыйпанарга куйругу жок заманды,
Шырдакбектин жоргосундай айдадың!

О, кырааным! О, кыраарым! Мүшкүлүм,
Гезитке арнап келе жаткан бүт күнүн.
Билди бүттү, кечирбеген эч качан,
Бир Кудайдан башкасынын иттигин!

О, береним! О, жемегим! Көк жалым,
Өмүрүндө ойлонбогон өз жанын.
Ишембиден ишембиге чейин ал,
Ичип алып салып турган өрт жалын!

О, жазгычым! О, мас кычым! Ачкычым,
Карылыктын аябасын бактысын.
Татып алса чала берип түн бою,
Таза мээни таңатканча чаккычым!

О, айдыңым! О, байлыгым! Алгырым,
Обо Атадан калган жалгыз калдыгым.
Аман болсок, дагынкысын дагы айтам,
Азыр айтуу мүмкүн эмес бардыгын!..

ЖООГО САЛАР ЖАЛГЫЗ ЧОРОМ СЕН ЭЛЕҢ

Жаныбек Өмүралиевге

Кайда жүрсөм жанда жүргөн жаш ышкын,
Канча ирекет ырын жаздык бакыттын.
Окуйбуз деп канча жылы жол бассак,
Ошончо ирет сени вино ташыттым.

“Жарайт Шаке, баштык бер?” деп калдаңдап,
Жөнөп кетсең балдар калып далдаңда.
Жаадай сызып алып жетип келчү элең,
Жабылаарга беш минута калганда.

Эпкининен муштумуңун чайнектей,
Эчен жолу күбүлдү эле айнектер.
Эски ырымдын сабына окшоп эми азыр,
Эске түшө калып жатат ал кездер.

Шыбыр укса шырп эттирбей улачу,
Экзаменде ооздон түшүп дубасы,
Токтосундун токтомунан токмок жеп,
Тоонун ташы кулагандай кулачу.

Карасы жок, ала көөдөн жан элең
Кайыңдымдын суусуна окшоп шар элең.
Жаман көрсө көргөн чыгаар бирөөлөр,
Жакем бирок жаман көрбөс бала элең.

Киного же пивого алып кетем деп,
Кире калсам убадамды бекемдеп.
Жатычу эле жаап-ачып “Манасты”,
“Жарыктыкты көргөн эмес экем” деп.

Ошондо да кыздар сүйүп “талашчу”,
Ойдологон чачы өңүнө жарашчу.
Чыдап жүрүп бүткөн менен филфакты,
Чыдап беш жыл бүтпөй кетти “Манасты”.

Ат-Башыны көргөзгөнү барганда,
Алдыбыздан орус чыга калганда.
- Кандай Шаке?- деп кыргызча сүйлөсө,
Оозун ачып, о, аябай таң калган.

“Тааныш тапсаң, тааныш тапсаң танкасың,
Таанышыңды табалбасаң маңкасың”.
Кийип чыга калам кээде мен дагы,
Сен токуган макалдардын майкасын.

Ээн жердин шамалындай кең элең,
Эки ыр жазсаң эргип турган шер элең.
Жоого салбас кырк чоронун ичинен
Жоого салар жалгыз чором сен элең!..

АТ-БАШЫБЫЗ, ДҮЙШӨН БИЗ, АТ_БАШЫБЫЗ

Дүйшөн Жапаровго

Көгүш-жашыл көздөрү бакырайган,
Көөнө чачы, көөнө өңү атырайган.
Дүйшеевдин иниси Дүйшөн акын,
Дүмбүлүндөй маканин жапырайган.

Чылбыры жок бараткан басышынан,
Чыга калсам көчөдөн капысынан.
Калдалаңдап байкушум токтой калат,
Колго көнгөн колхоздун аты сыңар.

Ырың кандай, сураймын, жайың кандай,
Ыдыраган заманда шайың кандай?
Дүйшөн иним “жакшы” деп көзүн бардайт,
Дүкөнү бар аялга кабылгандай.

Билем иним, үйүң жок экендигин,
Үйсүз жазган ырлардын бекемдигин.
Балдарыңды жетелеп батир издеп,
Баш аяксыз түгөрүн эчен күнүң.

Өтүк менен кээде суу кечериңди,
Өлүп-талып өп-чапка жетериңди.
Келин бала болбосо келбес жакка,
Эбак эле кезексиз кетериңди.

Аарчып терин жаагынан аккан чубап,
Анткен менен өзүнө батпай турат.
“Бүгүн бир аз ичсекпи?” десем эле,
Бүт дүйнөнү калтырып баскан турат.

Аман болсом ичерсиң арагымды,
Андан көрө айта жүр саламыңды.
Сары-Коонун талаасы күтүп жатат,
Сагынычтуу сап толгон барагыңды.

Дүйшеевдей мас жүрдүң, таза жүрдүң,
Дүйнөң түгөл, антсе да таза жүрдүң.
Мен унуткан кездери Чеч-Дөбөнүн
Сен унутпай бир жагын жаза жүргүн.

Туяк сынса тулаңы кепил болот,
Тузун таткан турпагы кепин болот.
Тууганынан айрылган жетим эмес,
Тууган жерден айрылган жетим болот.

Ай, Күн өчсө асманы кепил болот,
Ак кар тунган адыры кепин болот.
Атасынан айрылган жетим эмес,
Ата Журттан айрылган жетим болот.

Биз экөөбүз балдардын башкасыбыз,
Бир жыгачтын кошулган ашташыбыз.
Билгендердин көзүнө кетер кезде,
Бир көрүнүп жок болчу ак казыбыз.

Күнөө болот жазам деп жазбашыбыз,
Күндөй ысык, желдей курч максатыбыз.
Сен сарбагыш, мен черик болгон менен,
Ат-Башыбыз, Дүйшөн биз, Ат-Башыбыз!..

АКЫНДАРДАН АРАК КАЛБАЙТ, ЫР КАЛАТ

Алик Акималиевге

Же “карс” этип жаңгак чагар тиши жок,
Же элчилеп акча табаар иши жок.
Желип-жортуп жашап жүрчү ыр жазып,
Жепирейген жер тамында киши жок.

Күнү болбой тыңыган же жылыган,
Жүрсө дагы жалын дуулдап ырынан.
Чыгып турчу Рубцовдун китеби,
Үтүк көрсө үркүп турган шымынан.

Алты тыйын болбосо да өзүндө,
Азыткысы бийлеп турчу төшүндө.
Ат башындай алтыны бар немече,
Аялы иштеп, жатычу эле өзү үйдө.

Андыктанбы, кызык нерсе таза көп,
Айтыш кыйын ката эмес, же ката деп.
Чурулдашып ал келатса балдары
Чуркап тосчу “Алик апа, апа!” деп.

Арак достор аңыраңдап кирчү эле,
Аялы анын завод ишин сүйчү эле.
“Атакелеп!” балдар тосуп апасын,
“Апакелеп!” Аликти ээрчип жүрчү эле.

Жаман жазбай, жакшы жазчу жазарын,
Жагалдантып элет жыттуу казалын.
Аттиң бирок жок кылчудай дүйнөдөн
Арактын ал берди белем сазайын!

“Барматуха!” жутуп алган күндөрдө,
Байрон болуп батпай турчу сүйлөмгө.
Көйнөк кийип декабрда жеңи жок,
Көнгөн, көнгөн чылбыры жок жүргөнгө.

Оңду-солду оодарылды иш таппай,
Оңдоосунан омкорулган тиш каптай.
Камоктордон түтөп чыга калганда,
“Дыр” беришчү орус, кыргыз ит каппай.

Алик менен тозок болчу бир болуу,
Ашты тепсеп кирип кетчү кир-когу.
Тим койбосоң бомба болуп жарылчу,
Мүмкүн да эмес болучу аны тим коюу.

Азуулуулар “кийиз кылып” басчу эле,
А бизге анын “жиндилиги” жакчу эле.
Айрымдарга Алик жаман болсо да,
Адабият үчүн кымбат, жакшы эле.

Керимбайдын кези болсо келтек жеп,
Кетмек небак о дүйнөгө телтектеп.
Кадырлаштар кармап жүрчү акын деп,
Катыны аны кармап жүрчү эркек деп.

Баштаган үй болбогондой далиссиз,
Бак-дарактар болбогондой бариксиз.
Көралбастык тонна менен бассаң да,
Көркөм дүйнө көркөм эмес Аликсиз.

Аргымактын алдын тоскон кер болот,
Акындарын баалап алчу эл болот.
Арак калбайт, таланттардан ыр калат,
Алиги жок адабият кем болот!..

КАЙРАН ИНИМ, КАЙРАН ДОСУМ, КОШ БОЛГУН!

Жолдошбек Зарлыкбековго

Кайран иним, кайран досум, кош болгун,
Карсыз өскөн шамалы элең Кочкордун.
Тирүү жүргөн кезиң түшүп эсиме,
Тигил жактан козголгондой козголдум.

Кайран акын, кайран калем, кош болгун,
Кайрыгы элең хан-беги көп Кочкордун.
Он бешиңде ырым менен таанышып,
Он жетиңде мени менен дос болдуң.

Сапары бир санаалаштар азайып,
Сагынтканда кээде көзгө жаш алып,
Ак Өргөдөн келаткансып кетесиң,
Адатыңча чала-була жасанып.

...Көпкүлөң кез... өтө көркөм болчусуң,
Көп селкинин көңүлүнө толчусуң.
Өргөн талдай кара пальто адеми,
“Өпкөсү жок” өтүк кийип кончу узун.

Мойнорочту узун таштап, оронбой,
“Провинциал” болгуң келбей “долондой”.
Жүрөр элең кооз басып койкоңдоп,
Жүрөр элең кооз жазып Омордой.

Суулугу жок сулуу болчу саптарың,
Сурайылдай суктантчу эле жазганың.
Коюнуңдан китеп чыкчу дайыма,
Уурдап алган Рильке же Кафканын.

Кара шамал... Алыс өстүң муз-кардан,
Кайдан анан жүрөгүңдө кыш калган?
Билимсинген жазгычтардан каччу элең,
Бирөөлөрдүн жугундусу жыттанган.

Жазганыңды жаман-жуман алгыс кол,
Жайыты кең аялга окшоп жалгыз бой,
- Ат коюп бер?- деп келгенде айткамын,
Атайбыз деп жыйнагыңды “Жалгыз жол”.

- Жарык көрөт, алам,- дедиң,- Кочкорду,
- Жардам берет, табам,- дедиң,- досторду.
“Жалгыз жолуң” жарык көрбөй жоголду,
Жалгыз жолдой сен да Жоке жок болдуң.

Каргадайдан кечтиң эле ыр жолду,
Карышкырдай кездиң эле кыр-жонду...
Сепкил басты далай ирет жер бетин,
Сен өзүңө тапкычакты чын жолду.

Багалчагың батчу жерди басчу элең,
Бажырайган баладай ыр жазчу элең.
- Барды-келди жашоо деген өзгөрөт,
Бала багып алгыла?- деп айтчу элем.

Багып алган жоксуң, Жоке, баланы,
Бала болуп калды ырыңдын барагы.
Кубаарынан эч нерсесин аябас,
Кудай неге сенден бала аяды?

Эстей берем дей албасмын күндөле,
Эми сенден бейит калды бир дөбө.
Эрте кетип калганыңа өкүнөм,
Эртең биз да  кете турган дүйнөгө.

Жоодур карек жоомарт эле күлүшүң,
Жомок эле жол жүргөндө жүрүшүң.
Ичип алып макала да жазчу элең,
Ичип алып ыр жазчу элең күнү-түн!..

КИЛЕЙГЕН БИР АКЫН ЖАТАТ МАНТЫШТА

Барчынбек Бугубаевге

Жакшы көрүп жактырчу элем боорумдай,
Жакынымдай, жеңилимдей, оорумдай.
Саягымдын жакшы акыны дечү элем,
Сары Өзөндү жарып чыккан Боомумдай.

Беттин түгү түшөлекте ээрчиштик,
Бегенастын ийриминен телчиктик.
Жал-куйрукту тарап калган кези эле,
Жазгандарда боло жүргөн берки иттик.

Арылтат деп жан дүйнөнү кир болгон,
Театрдан же бир жакшы кинодон,
Же болбосо китеп саткан жерде эмес,
Сен экөөбүз көп кездештик винодон.

Бирөө “кой-ай” десе качан көнчү элек,
Бир кеткенде жеткен жерден “өлчү  элек”.
Бир көбөйүп, бир азайып турсак да,
Биз баарынан ырды жакшы көрчү элек.

Сен өзүңдү Фрунзе эмес, Ташкендей
Сезип алган кезде эчкимге баш бербей.
Жепирейген үйүң тургай ошондо
Жер шарына кетер элең чак келбей.

Аккан жылдын алай-дүлөй кечинде,
Ар бир акын болот шундай сезимде.
“Баарын кайра баштайм, байке” дегенсиң,
Батаар Күнүң аз-аз калган кезинде.

Бөлөк элең, бөлөк элең, байкалбай,
Бөлөкмүн деп айтарыңды айталбай.
Бөтөгөңдү жардың дагы жок болдуң,
Бөтөлкөдөн өзү атылган шампандай.

Жаның тынчыыр “жакшы эле” деп айтышса,
Жайдасың сен болбой турган кайтышка.
Килейген бир акын жатат дейли биз,
Киндик каның тамган жериң Мантышта!...

Сергиттирбей жааган сөздүн калпын жеп,
сен жөнүндө жүрүп турар ар кыл кеп.
Жакшы-жаман жүрүп турар ар кыл кеп
Жазганыңдын кылсын эми артын бек!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз