Шайлообек Дүйшеев: Роза – гүлдөрдүн канышасы

  • 24.08.2020
  • 4359

Мен Роза Исаковна Отунбаевадан окугам.

Жанкечти көп ушак менен ооруган,
Жамандыкты жасайт тынбай соңуңан.
Акмактардын колунан суу ичкенче,
Акылмандын уу ичкен оң колунан.
Омар Хайам.

Мен Роза Исаковна Отунбаевадан окугам.

*      *      *

1976-жылы азыркы Улуттук университеттин журналистика бөлүмүнүн 2-курсунда элем. Филология факультетинин студенттерине жалпы лекцияны «Диамат» деген сабактан философия илимдеринин доктору, профессор С. Жумагулов агай окучу. Бир күнү эле:

- Эмдиги жумадан баштап силерге лекцияны менин ордума Роза Отунбаева деген эжейиңер окуйт, - деп коштошту акыркы лекциясында.

Филфактын төрт тайпасы, биздин журналистика бөлүмүнүн эки тайпасы, баш-аягы 150 студент жаңы эжейибиздин лекциясына кирдик. Бүтөрү менен:

- Жумагулов агай бизге лекцияны кыргыз тилинде окучу, сиз дагы кыргызча окуңуз, орусча түшүнбөйбүз! - деп жер тепкилеп узаттык. Биз анда маданият деген эмне, этика деген эмне экенин билбеген, окууга өткөнүнө эдиреңдеп, жалаң элеттен келген балдар элек.

Кийинки лекцияда Жумагулов өзү келип:

- Роза Отунбаева деген эжеңер он жыл мектепти жалаң орусча бүтсө, андан кийин Москвадагы Ломоносов атындагы мамлекеттик университетти беш жыл орусча окуса, анан эки жыл Чыгыш Германияда стажировкада болуп, диссертациясын немисче жактаса, окуган китептеринин баары орус, англис, немис тилдеринде болсо, анан лекцияны силер ойлогондой дароо эле кыргызча окуп кеткидей ал эмне, сыйкырчы бекен? Орусча окугуңар келбесе, орус тилин билгиңер келбесе, анда окуйм деп эмнеге келдиңер? Тил билмейин адам болбойсуңар, ушуну кулагыңарга куюп, мээңерге түйүп койгула! - деп катуу тилдеди.

*      *      *

Рожа эжейбиз баарыбыздын оозубузду ачырып, кийинки лекциясын дароо эле кыргызча баштады. 20 жылга жакын орус тилинде окуп, ошончо жыл орус тилдүүлөрдүн арасында жүргөн кишинин бир жуманын ичинде өз тилинде сабак өткөнү бизди чындап эле таң калтырган окуя болду. Сүрмө топ болуп лекцияга кирип, угуп үлгүргөнүбүздү угуп үлгүрүп, жазып үлгүргөнүбүздү жазып үлгүрүп жанталаштык. Билим алабыз деп айылдан келген менен окуунун азабын тарта элек кез. Анын үстүнө бизде ошо кезде окуудан да «студент болдум» деген сезим күчтүү эле.

*      *      *

Мээ болсо айылдан келген боюнча былк этпей, «соко тургай, өмүрү суу көрө элек «талаа», айдала элек «дың» бойдон. Мындай мээни күнү-түнү айдап, жер семирткичтен аябай чачып, күнү-түнү сугарсаң да ным сиңбей, чаңы асманга сапырылып турган чагы.

*      *      *

Бизге филосфиядан лекция окуган жапжаш мугалим кыз Роза Исаковна Отунбаеванын оозунан ошондо карама-каршылыксыз, жаман-жакшылыксыз дүйнө өнүкпөй турганын, дүйнө деген кооз кагазга оролгон момпосуй өңдүү татынакай көрүнгөнү менен ал миң канаттуу турналардай көктөн көккө серпилип, миң толкундуу закымдардай күндөн күнгө кубулуп, миң сандаган жолдордой тарам-тарам болуп, ойдон тоого өрүлүп турарын, ал эч качан өлбөй, эч качан өчпөй тургандыгын, ошентип өчпөстөй маңдайыңда жадырап-жайнап туруп эле, өлбөстөй жаныңда күлүп туруп эле бир кезде Күн баткандай батып кетерин, ошондой дүйнө түшкүрүң, баары утурумдук нерсе болуп, баары убактылуу нерсе болуп сезилерин, бирок ал ошентип коюп эле түбөлүк жашай берерин укканбыз.

*      *      *

Улуу немис философтору И. Канттын, Ф. Гегелдин, Л. Фейербахтын диалектикалык материализм жөнүндө айткандарын, саясатка, мансапка караганда, көр дүйнөгө, байлыкка караганда АБИЙИР, УЯТ дегендер алда канча бийик, алда канча кымбат болорун билгенбиз.

*      *      *

Эгер ошондо 25 жаштагы жаш мугалим Роза Отунбаева болбогондо «Кант» дегенди биринчи уккан мен - кадимки эле чайга салган «кант» экен деп ойлогон. 25 жаштагы КМУнун ошол кездеги кебете-кешпири комсоо, айылдан келген «мырк» студенти мен, дүйнөдө Кант деген улуу философ бар экенин кайдан билет элем?

*      *      *

Тилекке каршы президенттер 30 жылдан бери өз жолу менен басалбай, бара турган жерлерине да «протокол» дегендерине жетеленип барып жүргөн «салттан» кутула элек. «Дача-СУда» учак кыйраганда Атамбаевдин аппарат башчысы Фарид Ниязовго чалып: «Атамбаев эмнеге каршы турган Дача-СУга барбай жатат? Алайда же Ат-Башыда болсо бир жөн. Барып, кан жутуп турган элге көңүл айтып койсо, өзүнө эле жакшы болбойбу? Президентиңе айтып койсоң боло?» деген элем. Айттыбы, айткан жокпу, билбейм. Бирок барбай койгонун элдин баары билет.

*      *      *

Президенттердин ичинен жалгыз Роза Исаковна өз жолу менен баскан президент болду. Тилекке каршы БИЗ, КЫРГЫЗДАР эл аралык деңгээлдеги мыкты деген, билимдүү деген ушул кишибиздин баркына жетпедик. Толук иштетип кала албай, таз кейпибизден чыкпай келатабыз.

*      *      *

2011-жылдын 21-февралында, менин 60 жылдыгым Ат-Башы районунун борбордук маданият үйүндө Кыргыз Республикасынын президенти Роза Отунбаеванын катышуусунда өттү. Азыр ойлосом, кандай президент ак кар, көк муз баскан кычырыган кыштын суугунда, кайдагы бир акындын поэзия кечесине барып катышып келейин деп, Ак үйдөгү жылуу креслосун таштап, түнкү саат үчтө туруп, ал кездеги тамтыгы кеткен (ал кезде жол оңдоло элек кези) Бишкек-Торугарт жолу менен түн катып жүрүп олтуруп, эртең мененки саат 10до Ат-Башыдагы менин кечеме келип катышмак эле? Катышмак тургай, Роза Исаковна, мен окуган мектепке барып, мугалимдер менен окуучуларга жолугуп, ала барган компьютерлерин белек кылып, жүрөктөн чыккан сөздөрүн айтып, «протоколун» сыртка «таштай туруп», толкундап, атбашылыктарга менин ырларымдан окуп берген болчу.

*      *      *

Ал эми 26-февралда кеченин уландысын Токтогул атындагы Кыргыз улуттук филармониянын чоң залында өткөрүп берген. Эң кызыгы, президент катышкан иш-чарага өмүрү театрга басып келбеген аткаминерлерден бери келип катышат экен. Роза Исаковна мен эле эмес, бардык адамдардын жакшылыктарына азыркыча колуна эки барак кагаз карматып ат кошчуларын жөнөтпөй, өзү келип куттуктап, өзү келип катышып жүрдү. Бул анын президенттигинен да адамгерчилигинин, билиминин деңгээли мыкты экендигин көрсөтүп турду.

Жакшы көргөн адамымдын жамандыгын Кудай өмүр бою көзүмө көргөзбөй өтсө экен деп тилей берем. Роза Исаковнанын ошол биз студент кездеги татынакай кыркылган капкара чачы, булактан суу ичкени түшкөн булуттун бир үзүмүнөн тигилгендей болгон аппак кофтасы, ага жакшынакай болуп жарашып, караган сайын карагыңды келтире берген капкара юбкасы, ак көпөлөктүн канатына окшогон ак туфлиси, баскан-турганы, сүйлөгөнү, жылмайганы, аялзатына таандык аруулугу, ошол эле учурда эркек тургай аялзатынын өзү да куштарланып суктангыдай бир башкача жагымдуу сулуулугу бар жаш селки, башкаларды билбейм, мени өмүр бою издеп таппай жүргөн жаркын сезимдерге бөлөп, таттуу ойлорго жетелеп, эңсетип, ээрчитип, эң сонун ырларды жазганга шык берген жылдыздуу жол болгон.

*      *      *

2005-жылкы парламенттик шайлоодо Роза Отунбаеванын эмгеги аябай чоң болгон. Роза Исаковна али кыштын илеби кайта элек жаздын суугуна карабай өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн түрө кыдырып, ошол кездеги оппозициячыл талапкерлердин штабдарынын ишин координациялап турган. Акаев бийлиги Отунбаеванын атын укканда жүрөгү түшүп турганын биз журналисттер жакшы билчүбүз, ал тургай биздин бийлик «Асабадагы» автору жок ар бир курч макаланы Отунбаевадан көрүүнү адат кылып алган кези эле.

*      *      *

Бизге кокус Чыгыш менен Батыштан меймандар келсе, алардын деңгээлинде сүйлөшө ала турган, алар менен эл аралык деңгээлде «тизгин талаша ала турган», мамлекеттин жүзүн уят кылбай татыктуулук менен көрсөтө ала турган кыргыз кыздарынын бири - жалгыз Сизсиз, Роза Исаковна! Башкабыз жарай албайбыз.

Баса, өткөндө биздин президенттин Беларустун диктатору Лукашенкону, өз элин каратып туруп өз шайлоосун бөтөнзордук менен бурмалаган узурпатор Лукашенкону «арам» жеңиши менен куттуктаганын сындап чыксаңыз ага чычалап, өлүп кала жаздагандар да болбодубу. Сизди түштөн кийин андай-мындай дегендерге капа болбоңуз, теңелбеңиз Роза Исаковна. Азыр заман ушундай, ээнбаш, ээн ооз заман болбодубу.

*      *      *

Атактуу Маргарет Тэтчер: «Короз катуу кыйкырган менен баары бир жумуртка кезинде аны тоок басып чыгарган эмеспи» деген экен. Кыйкыргандар кыйкыра берсин, ансыз деле короздорсуз таң атып келатканын элибиз жакшы билет.

*      *      *

Чыгыштын Улуу Акыны Жалаледдин РУМИ:

«Роза бар жерде тикен бар,
Алтын бар жерде кишен бар» дептир.

*      *      *

Роза гүлүн «гүлдөрдүн канышасы» деп коюшат экен. Жер үстүндөгү бардык жакшылыктарда: Энелер балалуу болгондо да, балдар биринчи жолу мектепке барганда да, эки жаш бири бирине биринчи жолу сүйүүлөрүн арнаганда, адамдардын ТУУЛГАН КҮНҮНдө да дал ушул Роза гүлүн тартуу кылышат, анткени Роза гүлүнүн тилегиндей тилек башка гүлдөрдүн баарында эле боло бербейт дешет.

*      *      *

Биз Сизге, гүл беле кылбасак дагы, жакшы сөзүбүздү, жакшы ниетибизди тилек кылгыбыз келди. Кабыл алып коюңуз, Роза Исаковна!

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз эл акыны

“Азаттык”

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз