Азамат Алтай менен Бексултан Жакиевдин алакасы

  • 19.09.2021
  • 4339

*      *      *

Эркиндиктин илеби боюбузду балкыта элиртип турган 1991-жылдын апрелинде Нью-Йоркто жашаган, немистердеги согуш туткунунун шорун башынан өткөргөн жердешибиз Азамат Алтайга жазган катыман кыскача саптар: «Тууган жерди бир көрсөм деп ак эткенден так этип эңсеген күндөрүңүз көп болгондур. Эл-жерге келип, анча-мынча чер жазып дегендей, жүз көрүшүп кайткыңыз келсе, биз Сизге жардам кылышка даярбыз. Биз дегеним – «Кыргыз эл» коому».

Азамат Алтайдан: «Чакыртып убара болбо» деген жооп алдым. «Сиз туурасындагы чындыкты жазбасак, биз да, Сиз да эл алдында, келечек урпактар алдында өкүнүчтүү ката кетирип коёрубуз бышык» деген оюма Азамат Алтай: «Эгерде сен өзүң келип, менден алган материалдарды китеп кылып чыгарам десең, мен сырымды жашырбайм. Чыны менин баскан татаал жолум өзүм менен көргө кетсе, келечек муун аны кечирбес. Эми аракет өзүңдө» дептир. «Эми аракет өзүңдө» дегенине эле Америкага жөнөп кетчүдөй дегдедим. Бирок кантип?

Кудай деген кур калбайт, президент Аскар Акаев октябрде расмий визит менен Америкага бармай болуптур. Делегацияга мен да кошулупмун. Бардык. Делегациянын мөөнөтү аяктап элге кайтканда, мен Азамат Алтайдыкында калып калдым. Аба экөөбүз өмүр бою бирге жүргөн ажырашкыс сырдаштардай дароо эле ынак болуп кеттик. Чер жаза баарлаштык. Кыргызстанды эстесе эле ал Ысык-Көлдү, Ала-Тоону көрбөй өлөмбү деп ыйлап жиберчү. Мен быяктан жаздыра барган ыр-күүлөрдү угуп отурса «Карагул ботом» башталды. Азамат Алтай:

«Карагул Ботом!.. – деп буулуга бир унчугуп алды да эчкирип коё берди. – Бексултан!.. Сен мени атайы боздоткону ушуну алып келдиңби?!

– Дайым ушу, – деди Сание жеңе. – Ыйлай берет, ыйлай берет. Элге барып бугун чыгарып алса болот эле. Айтсам, көнбөйт. Сиз айтыңыз, тилиңизди алат.

– Айткам. Кат жазып чакыргам. Болбой койгон, – дедим мен.

– Бексултаным, мен сенин элге бар деп үгүттөгөнүңү каалабайм, – деди аба муңайып. Көңүлүндөгү «барбайм» деген «музду» үгүттөбөй эрите албасам, жибитүүгө чамам жетер бекен? Бул өзүнөн өзү сөздөн сөз чыккан кезде жаралышы мүмкүн.

*      *      *

Америка Кошмо Штаттарына Бириккен Улуттар Уюмунун чакыруусу менен барыппыз. Делегация мүчөлөрү Чүй облкеңешинин төрагасы Апас Жумагулов, Ош облкеңешинин төрагасы Батыралы Сыдыков, президенттик администрация жетекчиси Эднан Карабаев, Тышкы иштер министрибиз Муратбек Иманалиев, президенттин мамлекеттик кеңешчилери Леонид Ливитин, мен Бириккен Улуттар Уюмунун жооптуу кызматкерлери, АКШнын конгрессмендери, сенаторлору менен жолугушууларга чогуу катышып жүрдүк. Ар кимибиздин өз милдетибиз да болду.

*      *      *

Иште отурсам, бир жигит келип: «Банкта иштейм. Жетекчибизге «Азамат Алтай» деген чыгармаңыз жагып калыптыр, сизге жолуксам дейт» деди. Сөз 2000-жылы жарык көргөн «Ала-Тоо» журналынын №2 санындагы «Азамат Алтай» повесть-эссе жөнүндө болуп жатат. «Жетекчиңер ким?» десем, орустун атын айтты. «Орус го, кыргызча билеби?» десем: «Билбейт» деди. «Билбесе кантип жактырды?» десем: «Биз айтып бердик» деди. Банкирдин ишине бардык. Жеке менчик банк экен. Кептин кыскасы, миң нускада чыгарарын айтты. «Миң да кеппи! Эч кимге жетпейт да» десем, банкир: «Миңди чыгара туралы, элге жакса көп нускада чыгарабыз. Рыноктун талабы ушундай» деди. Ушундай экенин Американын китеп дүкөндөрүнө кирип көрдүм эле. Банкирдин сунушуна көнүп, коштошуп кеттим. Көп өтпөй дагы бир кыргыз банкир жигит 1000 нуска чыгарарын айтып, уруксат сурады. «Банкирлердин оозунан миңден ашык сөз чыкпайбы?» деп тамашаласам, а дагы рыноктун тартибине көнөлү деди. Ага да макул болдум. Эки банкирге «Азамат Алтайдын» экземплярларын тердирип, белендеп койсом, Кадыралы Конкобаев таң атпай телефон чалды:

– Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде институттун деректиримин. Түндө уктабай «Азамат Алтай», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпайыңызды» окуп чыктым. Экөө тең сонун! Жашып кетип аттым. Айтайын дегеним, түрктөрдөн акча келет. Ошонун эсебинен «Азамат Алтайыңызды» чыгарып берейин, – деп Тоңго күйөө бала экенин да айта салды. Эки банкирге убада берип койгонуму, экөө миңден китеп чыгарарын айттым.

– О, кокуй, коюңуз аны! Мен массовый тираж менен чыгарып берем. Жолугушалы, – деди.

Жолугуштук. Кабинети «Манас» университетинин Манас проспектисиндеги имаратынын экинчи кабатында экен. Банкирлерге белендеген экземплярды ала бардым. Жакшы сүйлөшүп отурдук. Мурда атын укчумун, өзүн биринчи көрүшүм. Кичи пейил, түшүнүктүүлүгү жакты. Көңүлүм көтөрүлүп, кубанганыман эки банкирдин бири менен да кабарлашпай, байланышыбыз үзүлдү. Арадан бир жыл өттү. Эки жыл өттү. Конкобаевге телефон чалып: «Баягы эмне болду?» деп сурап коём кээде. «Мына, мына. Турциядан акча келатат. Акча колго тиери менен китебиңизди чыгарам» дейт. Дегенине ишенем. Ишенип жүрүп жети жыл өтүп кетти. Филармонияда тоңдуктардын концерти болуп, Конкобаев жолугуп калды.

– Кадыралы, «жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн» дегенди билесиңби? десем: «Билем» деди. Тилчи, окумуштуулугунда шегим жок. – Билсең, мындан ары китеп жөнүндө ооз ачпайм, сурабайм. Китеп чыкса, айтарсың? – дедим. Ошондон бери эч сөз жок. Ал да айтпайт, мен да сурабайм.

*      *      *

«Азамат Алтай» повесть-эссемин өзүнчө китеп болуп чыгышынан үмүтүмү үзбөй жүргөн кезимде, 1992-жылдын башталышында президент Аскар Акаев чакыртканынан барсам:

– Жок дебей маданият боюнча мамлекеттик кеңешчи болуп бериңиз, – деди.

– Жок деп, өлө албай жүрүпмүнбү – десем, Аскар Акаевич мени таңыркагандай тиктеп алды да:

– Бул эмне дегениңиз? – деди.

– Аскар Акаевич, илгерки падышалар, хандар үч жолу «жок» дегендин башын алдырып салдырчу тура, макулмун. Бир өтүнүчүм, справка-сысправка жаздырып кыйнабасаңыз экен, – десем Акаев күлдү да:

– Кыйнала турган ишиңиз деле болбойт, – деди.

Кеңешчи болуп иштеп калдым. Иш көп эле болду. Көп түгүнөн чыгармаларымы жазууга колум бошободу.

* * *

Көзгө көрүнчүлүк, мындайча айтканда, «мистика» деп бир кезде биз жерип да, жек көрүп да жүргөн, айталык, аркы дүйнөнүн элеси, арбактар – бул эмне? Аны түшүнүшкө чамабыз жетеби? Далалатыбыз жетеби?  

Же чанда бирөөлөрдүн гана зээнине ачылбаса, көбүбүз аны көрбөй, баягы эле үйрөнгөн адатыбыз боюнча «дөөрүү» деген түшүнүктөн кутулбай өтүп кетебизби?.. Эмнеси болсо да аян берүү, көзгө көрүнүү, түшкө кирүү сыяктуу «дөөрүүлөр» адам баласы жаралганы бирге келатат. Ага ишенүү тирүүчүлүктө бирде пастап, бирде эбегейсиз күч алып турганы гана болбосо, ал адам менен кошо жүргөнү жүргөн. Тыюу салса да, ишенсең-ишенбесең да жаныңдан кетпейт. Демек, мунун сыры, табышмагы оңой менен чечилбестир? Буга терең билимдүүлүк, билгичтик, баамчылдык жана Кудай Тааланын берген сыйкыры болбосо, көрүнгөндүн тиши өтпөс?

Минтип тийди-качты ой жорутумуш болуп турганымын жөнү, Азамат Алтайдын атасынан аян болгонун айтканы эсиме түштү:

– Четте калганы атаңыздан кабар алган учуруңуз болгонбу? Качан, кайсы жылы өлгөнүн сизге ким угузган?

– Атамдын өлгөнүн Ишен Тойчубеков кат жазган деп, гезитке туура эмес маалымат бердиңер. Ал кабарды маган Жусаев Жолдош жазган. Кайсы бир жылы, чамасы, 1962-, же 63-жыл болсо керек, автомобилимди айдап баратып атамын элесин бет маңдайымдагы айнектен көрдүм. Бул эмнеси деп жорудум. Мен элге бара албайм, атамы чакыртууну ойлодум. 65-жылы Жусаев Жолдош Америкага англис тили боюнча стажировкага келип жолугуштук. Ал элге кетип баратканда, «Атамды издеп таап быякка келе ала турган кудурети болсо, маган кабарла чакыртайын, уруксат берилип калгысы бардыр» дедим. Жолдош биздин айылды кыдырып атамдын Муканбет деген инисинин Бекбоо деген уулуна жолугат да: «Кудайберген тууганыңар тирүү, силерге салам айтты» дейт. Десе, «Бизде Кудайберген деген тууган жок, андайды биз билбейбиз» деп, үйүнө Жолдошту киргизбей коёт. Жолдош башка чапкандай шылкыйып ар кимден атамын жөн-жайын сураштырат.

Атасы мындан эки-үч жыл мурун кайтыш болгон дешет. Демек, 1962- же 63-жылы баягыда мен автомобилди жалгыз айдап баратып, машиненин айнегинен элесин көргөндө көзү өтүп аткан тура! Өлүп баратканда аян берип, мени ойлоп өлгөн да!.. Ал эми Бекбоо сыяктууну туугандын катарынан чыгарып койгом. Ага караганда мага ар бир башка кыргыз тууган, албетте, ар-намысы, адамкерчилиги болсо… – Азамат Алтай унчукпай тунжурап калды.

Анын ушул учурдагы санаасын билгим келди. Элүү жыл бою көздөн учкан тууганын «тууган катарынан чыгарып койгом» деш, мүмкүн айтканга оңой, чынында андай эместир? Минтип айттырган мүмкүн анын ызасыдыр? Ичин ачыштырган коңултуктоосу, баары бир түпкүлүгүндө тууганынан аша кече алгыс кыжаалаттыгы тургандай туюлду мага. Ызасына чыдабагандан ушундай кепти айтты го деген ойдо турдум. Адамдын акылы, сабырдуулугу ызасына жеңдирген учуру көп болот. А балким, жаңылышкандырмын? А балким, көңүл чиркини тууганына агарбас жагына оосо, ооп да алгандыр? Албетте, ал кезде саясат өтө катаал болчу. Азамат Алтай согушта туткунга түшүп, анан чет өлкөдө калып калып, советтик түзүлүшкө каршы тынымсыз иш жүргүзгөн киши. Андай адамдын тууган-туушканы куугунтукка алынганы айдан ачык. Бирок ошондо да Бекбоонун «бекбоочулук» кылып, атын угар замат көксөгөн тууганын «андайыбыз жок» дей салышы эстүүлүккө деле, сактыкка деле, амалдуулукка деле жатпас.

Адам болуу «узун укуруктуу» бийликтин саясаты өтө каардуу учурда да парз. Сактык менен коркоктуктун айырмасын ажыратып жашоо да адамдын мойнундагы парз. Ушул парзды билген, сезген, карманган адамды өзүнө иштетишке «үч тамга» даай алган эмес. Узун кулак, баканооздорду тандаарда, «үч тамга» адамкерчилик парздан кыйшайып кетчү кайрандарды кылтагына илген болуу керек. Чалгынчы жалдоо да «үч тамганын» жумушу. Бирок ал бир башка, баканооз жалдоо такыр башка.

Чалгынчыга эр жүрөк, баатыр адам жараса, баканооз ыйманын сатууга даяр байкуш да. Менин түшүнүгүмдө, Бекбоо баканооз да эмес, саясый көз караштан кыйшайбас идеологиянын фанатиги да эмес, жанын коргогон гана коркок тууган. Сасык деп уйдун мурдун кеспеген сыяктуу, коркоктугу эле үчүн, башка жүзү каралыгы болбосо, туугандан кечип жибериш артык баштыр? Албетте, андайдын жосуну көңүл оорутарын орутат, бирок бөөдө жерден жалаа жаап сатпаса, эч кимге залалын тийгизбесе, коён жүрөк туугандан аша кечүүнүн кажети деле жоктур? Аша кечүү деген топурак салышпай калуу. Андайга бара деле койбоссуз дедим ичимден.

*     *     *

– Аба, архивиңизге көз жүгүртүп отуруп, буларды баамдадым: кайра куруу учурундагы өзүбүздү өзүбүз сындаган кемчиликтерди силер, Сиз дагы о-о жылдары эле айтып жүрүпсүңөр: тил маселеси, адам укугу, улуттар экиндиги, тарыхты бурмалаганыбыз, Советтер Союзундагы чындыкты жашырып-жапканыбыз... Перестройка быкыйыбызды ачты. Бу эмне? Советтер оңолот деген ишеним силерде болгон үчүн сындачу белеңер? Же советтик түзүлүштү жек көргөндөн ошенткенсиңерби? – дедим.

Азамат Алтай бир аз унчукпай турду да оюн топтоп алып:

– Дүйнө тарыхын карап көрсөң, ар кандай диктатура, ар кандай империя акыры күнү бүтөт. Анын ордуна кайсындай диктатура келет, аны айтыш үчүн пайгамбар болуп жаралыш керек. Мен ага пайгамбардык кылбадым. Бирок силерде өзгөрүү болоруна көзүм жетерди жаман тарабына өзгөрүп кетиши мүмкүн деп да чочуладым. Кудай Таала адамга үмүт берет да. Жакшылыктын шооласы элге тиер деген үмүтүм да жок эмес эле. Франция революциясынын тарыхын окуп чыктым. Кандай бийликтер Францияда алмашып турган. А калк кала берди. «Бетеге кетет, бел калат. Бектер кетет, эл калат» деңизчи. Туура, бийликтер алмашат, өзгөрөт, эл кала берет. Көбүнчө шору менен кала берет, – дедим.

– Иэ, шору менен калат дегениңе кошулам. Бактыга жеткен учуру да болот. Бирок аз, өтө сейрек...

– Бизде азыр кайра куруу жүрүп жатат. Бирок созулуп кетти, – десем, Азамат Алтай:

– Дагы созулат, – деди. – Кыялымда кайра курууну көрөм деген үмүтүм жок эле. 70 жылдык оорудан 7 жылда айыгып кетиш кыйын...

– Ырбатып албасак болду...

– Туура, ырбатып алышың да мүмкүн. Горбачев өзүнүн партиясынын тамырына, системага балта чапты. Балтаны биринчи Хрущев чапты. О доңуз... – Азамат Алтай акырын күлүп алды. – Өзүнүн доңуздугу менен, нааданчылыгы менен билбестен чаап салды. Россия сыяктуу зор өлкөнү жетелеш жеңил иш эмес. Горбачев партократиядан чыккан, ошого сугарылган адам. Өзү баштаган кайра куруунун аягына чыкпай калабы деп тынчсызданам. Путчту өзү уюштурду деген шектенүүм да жок эмес.

– Шектенүү бизде да бар. Сыры ачылбастан таптакыр билинбей калат ко? Бийликтин табышмагы ушундай да, – десем, аба:

– Туура, бийликтин табышмагы... – деди.

– Тэ-э атам заманынан бери мындай оюндар далай ойнолгон, көбүнүн сыры чечилбей көмүскө бойдон кала берген. Муну кийин бийликке келгендер билмексенге салып, жашырып коёт ко. Себеби алар да ушул оюнду ойноп калышы ыктымал, – дедим.

– Иэ, карга карганын көзүн чукубайт... Өзүн өзү жашырбаса, ким жашырат? «Бийлик элге таандык» деген алдоонун төркүнү ушунда. Алсыз боло баштаганда, пайдасы азайганда бийликтин жашырмайы көбөйөт. – Азамат Алтайдын бул айтканы калети жок сөз эле.

*     *     *

Элге кайтар күнүм жакындаган сайын бала-бакырамы көбүрөк сагына баштадым. Анын үстүнө, түнкүсүн мурдагыдай архив карабай бошмун. Азамат Алтай менен сүйлөшүп отуруп, жат-жатка келгенден кийин дароо жатпай, бир нерсе жазам. Үй-бүлөмүн сүрөтү маңдайымда. Неберелеримдин улуусу Салима сүрөткө жакшы түшчү эле, бу саам, эмнегедир өтө эле «серьезный» отурат. Жаннатым мени тиктейт. Сабирам да... Баары эле мени карап жакшынакай. Өзүм да өзүмдү саал мазактагандай карайм: «Ики, кантип барып келер экенсиң?» дегенсип.

Америкага жөнөр алдында түшкөн сүрөтүбүз эле. Кетер учурум жакындаган сайын Азамат Алтайдан «элге барам» деген так жообун укпасам да, жибигенин дагы бир саам көрүп кетсем деп самадым.

Эртең жолго чыгам, буюрса. Түнкү саат бирден өткөнчө Азамат Алтай экөөбүз ажырашкыбыз келбей сүйлөшүп отурдук. Ушунча күндөн бери бири-бирибизге көнүшүп калдык эле. Ооруканадан чыкканы кайда барсак да ээрчишип бирге жүрдүк. Мүмкүн, Азамат Алтай, Сание жеңе менден тажай баштагандыр? Мен аны эч сезбедим. Бирок жумалап конуп-түнөп жатсаң, ойлойсуң да кээде. Мен үйдү сагынсам да Азамат Алтайдан тажабадым. Дагы далай сөз айтылбай калгансыйт. Эми мен кеткенден кийин далайга а киши мага жетишпөөчүдөй сезилет, а кишиде болсо жалгызсыроо көбүрөк орун алчудай туюлат. Мүмкүн, андай болбостур. Мүмкүн, бул мендеги бир жөө кыялдыр? Канча кылган менен а киши мага караганда бардыгына бышкан, ар кандай жагдайга өзүн өзү көндүрө билет.

Ошондо да эл кумурскадай жайнаган чоң шаарда адам жалгыз экен. Көчөлөрүндө бирине бири жылмайып, жакшынакай мамиле кылганы менен деле, чоң шаарда адамдар жалгыз. Албетте, Азамат Алтай өзүнө эрмек табат, баарлашчу адамдары бар. Бирок ошондо да коштошуу, ажырашуу кимге болбосун оор. Баарынан оору – бул эл-жер кусалыгы, ондогон жылдар бою көкүрөктө үзүлбөгөн сагыныч. Ал сагынычты, оор кусалыкты бөксөртүүнүн бир гана дабаасы – эл-жерге барып, киндик кан тамган жердин топурагын жыттап, боорго кысуу.

– Аба, – дедим. – Сиз госпиталда жаткандын эртеси жеңе экөөбүзгө «буюрса, ата-бабанын жерине барып каларбыз» дедиңиз эле. Ошол сөздү сиз өмүрүңүздө биринчи айттыңызбы, же?..

– Мени элге чакырган жалгыз сен эмессиң... Чыңгыз да чакырган менин үйүмдө отуруп. «Барбайм» десем, «Азамат ага, «Манастын» миң жылдыгына келүүгө тийишсиз» деген... – Азамат Алтай унчукпай токтоп калды.

– Анан сиз эмне дедиңиз? Барам дедиңизби? – дедим. Азамат Алтай билинер-билинбес ийнинен тынгансыды да:

– Жооп айтпадым. Барам деп да, барбайм деп да айтпадым... – деди.

– Унчукпай кутулган кыйындык деле эместир... – дедим мен.

– Иэ, жаным. Кыйындык эмес. Кыйналгандык... Демек, менде жалгыз гана «барбайм» деген ой болгон эмес, «барам» деген да тилек жашаган.

Кудаа кааласа, Азамат Алтай акырындан жибий баштаган экен деп кым дей түштүм. Абанын жообу мени шыктандырды.

*     *     *

1994-жылдын башы ченде аба мага телефон чалды:

– Бексултан, силерде Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлү болуп иштеген Эржан Мурат деген түрк жигити бар...

– Билем, аба.

– Билесиңби? Сен аны кайдан билесиң? – Азамат Алтай телефондон таңыркай түшкөнсүдү.

– Президенттин кеңешчиси болуп иштеген учурумда байланышып турчубуз, – дедим. «Сиз жөнүндө да сүйлөшкөн күндөрүбүз болгон. Телефонуңузду менден билип кеткен» дейин деп, айткан эмесмин.

– Ал мени Кыргызстанга чакырат. Аны менен жолугуша аласыңбы?

– Жолукпагандачы, аба! Азыр эле жетпейминби!

ПРООНго барып:

– Эржан Мурат мырза, Азамат Алтайды көл бышкан кезде, июль айына чакырсаңыз – десем, ал:

– Азамат Алтай мырзаны көлгө түшүрүш үчүн чакырбайбыз, иштеш үчүн чакырабыз, жолугушуулар, лекциялар окушу керек. Андыктан программасын алууга тийишпиз.

– Азамат Алтайды ПРООН чакыртыш үчүн Өкмөтүңөр бизге кат жазсын... – деди. Айткандарын камдап, Эржан Муратка алпарып бердим. Азамат Алтайды Мекенине келтирип, эл-журту менен жүз көрсөтөм деген далалатымда Азамат абанын сыртынан далилсиз кесилгени, КРнын Жогорку Сотунун чала чечимин оңдоттуруу сыяктуу далай түйшүк тарттым.

Алар 2000-жылдагы «Ала-Тоо» журналынын №2 санында жеткиликтүү баяндалган. Жибибес көңүл болбосо керек. Аракетим текке кеткен жок. 1995-жылдын 18-августунда Азамат Алтай ПРООНдун каражаты менен «Манас» аэропортуна келди. Перрондон чыгып баратканыбызда жаш кабарчы мага микрофонун сунуп:

– Агай, кыргыз телевидениеси үчүн Азамат Алтайдан суроо сурап коюңузчу, – деди.

– Өзүң сура, – десем, жаш кабарчы:

– Сүрдөп атам, – деди. Микрофонду Азамат Алтайга тостум:

– Аба, эңсеген элиңизге келдиңиз... – деп баштаганымда эле:

– Элүү беш жыл көздөн учкан эл-жериме жеттимби?! – деп андан ары сөз айтууга дарманы жетпей шолоктоп ыйлап жиберди. Түгөлбай Сыдыкбеков менен көрүшкөндө, анда да кармана албай көзүнөн жаш мончоктогон. Тоңго алып баратканымда, Ысык-Көлгө жүзүн чайып алып: «Эми өлсөм, дүйнөдөгү эң бактылуу адам мен болор элем!» деп эреркеп ыйлап ийгенде, мен тамашалап: «Кокуй, аба, биздин колдон чыкканча өлбөй коё туруңуз» десем, боору калбай каткырган.

*     *     *

ПРООНго берген программага Түгөлбай Сыдыкбеков менен Азамат Алтайдын жолугушуусун да кошком. Анын жөнү бар. Түкөм «Азаттык» радиосун, беш ирекет намазын жазбай окуган адамдай, такай укчу. Командировкалап кетпесек, биз деле укчубуз жашырынып. Башка жакта жүрүп кайтканыбызда: «Азаттыкта» эмне кеп-келеч бар, Түкө?» десек, «Мен силерге сөз ташыгычмынбы?» деп борсулдап күлүп, тамашалап коюп айтып берчү. Ага өз оюн кошуп, толуктап да сүйлөчү. Кээде сураттырбай өзү эле айтчу. «Азаттык» радиосу жөнүндө качан, кандайча кабардар болгонум эсимде жок. 60-жылдардын башында шаар четиндеги «частный» квартирада радиобузду кырылдатып-шырылдатып, сөздөрүнүн кээсин уксак, кээсин укпай кулак төшөп баштаганбыз. Балким, Түкөмүн: «Азаттыкта» Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу деген жалтанбаган эр-азаматтар иштейт. Бактыгүл деген тили таттуу да, так да кыргыз кызы диктор, ушуларды угуп жүрөсүңөрбү?» дегенинен кийин радиодон «Азаттыктын» толкунун издеп калгандырмын? Түкөмүн дагы бир сөзү эсимде: «Бизде айтылбаган чындыкты «Азаттык» айтат, кулак сала жүргүлө, мадыра баштар» дегени.

Деги эле Түкөм бизге тийишип тамашалашканды жакшы көрчү. Жолугушуп калсак: «Силерди куудул дейт, кана, мени күлдүргүлөчү» деп турчу. Биз дегеним – Төлөмүш, Салижан, Мар, Ашым. Түкөмдүн «паркинсон дарты» күчөп, сыртка чыга албай калганда, кез-кез үйүнө барып турдум. Кээде телефонду бирөөгө тердирип алып, үйгө шыңгыратчу: «Келип мени күлдүрүп кетпейсиңби» деп. Кантсин анан кайран Түкөм, же калем кармап жазганга дарманы жетпесе, үйрөнүп алган машинкесин чыкылдатканга жарабаса, акылы туптунук адам зеригет да!

Америкадан келгенимде атайы Түкөмө барып учурашсам, Азамат Алтайды талбай сурады. Мен да талбай айтып бергем.

– Анда ал агаң мен ойлогондой эле бар экен, деген Түкөм сый мыктана.

Түкөмдү Азамат Алтай да абдан кадырлаганын Америкадан угуп-көрүп келгем. Экөөнүн жолугушуусун программага кошконумдун жөнү мына ушунда. Түкөмдү дарты калтыратып-титиретип, тургузбай салган оор учур эле анда. «Азамат Алтайдын Сиз менен жолугушуусун Программага кошсом, каршы эмессизби, Түкө, кежир элеңиз, советтик кыргыздарды уят кылбай капиталисттик кыргызга кежирлигиңизди билгизбеңиз» деп тамашаласам, Түкөм бөйрөктөрүн бүлкүлдөтө акырын күлүп алып:

– Азамат Алтайды мен сыртынан жакшы билем, көрсөм деген тилегим бар эле, бирок ушул абалымда мени көргөзбөй койгонуң эле жөндүү болор, – дегенде:

– Түкө, а киши Сизди, Кусейин Карасаевичти, Чыңгызды өтө барктайт, жолукпай койсоңуз күнөө менин мойнумда калат, – десем:

– Чай бере турган Асылгүл апаңардын көзү тирүү эмес, кимге жалдырайм? – деди.

– Америкалыктар чай берген-бербегениң менен иши жок, сонун эл көрүнөт, ал жагын билмексенге салып коёлу, – деп тамашаласам, Түкөм:

– Чынын айтсам, Азамат Алтайдан сүрдөп да турам, – деп оюн-чындан борсулдап күлгөн.

20-августта: «Түкөмкүнө барып тургула» деп, Сооронбай Жусуев, Жалил Садыков, Кеңеш Жусуповго телефон чалдым да, Азамат Алтайды Түкөмө алпардым. Соке, эмнегедир, Түкөнүкүнө келе албай калган. Буларга чалган себебим, Азамат Алтай мага жазган мурдагы бир катында «Жалилдин ыр, поэмаларын жактырып окучу элем. Анын катарына Байдылда менен Сооронбайды кошом. Мактангандык эмес, алар чыныгы акындар» деген болчу.

Азамат Алтай кыргыз жазуучулары менен. Бишкек, 1995-жыл.

Кеңешти болсо... «Ала-Тоо» журналы каражаты жок чыкпай калганда, Азамат Алтай акча жиберип, бир жыл бою чыгып турган. Мына эми өмүрү жолугушпаса да бирин бири көз караштарынын, ой-санаа, пикирлеринин жакындыгынан улам сыртынан сыйлашып, эл деп, Мекен деп, тил деп, тарыхыбыз бурмаланбасын деп, маданиятыбыздын баркы түшпөсүн деп, бири тыякта, бири быякта кыргыз намысын коргоп, жакшы да, жаман да көрүнгөн, бирок чындыкты тайманбай айткандары үчүн жалпы кыргыз журтчулугунун сый-урматына ээ болгон эки кыйын кыргыз кучакташып көрүшүп турду. Түкөм кучагын жая албагандыктан бул кучакташуу бөксө көрүнгөнү менен тилеги бирге эки жүрөктүн табышкан учуру эле.

*     *     *

Түкөмкүнөн чыккан соң мааракени Уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары О.Ибраимовго кирип:

– Азамат Алтайды Тоңго, айылына жеткирип келейин, – десем, Осмонакун:

– «Манас–1000дин» температурасы 42 градус болуп атса, кетип каласызбы, ордуңузга башка киши табыңыз! – деди.

Коридорго чыксам, Казат Акматов жолукту. Ал дагы Азамат Алтайдын үйүндө үч-төрт күн конок болуп келиптир болчу.

– Азамат Алтайды айылга апарып келесиңби? – десем:

– Келейин, машине берсеңер, – деди ал.

– Кудайды карасаңчы! Менчик машинең бар, служебныйың турат. Мен өз машинем менен эле өөдө-төмөн чапкылап жүрөм «миң жылдыктын» иштерин бүтүрүп, – десем, Казат:

– Болуптур, сурабайын, – деп күлдү.

Азамат Алтайды Казат Акматов жеткирерин кабарлап, Тоңго телефон чалдым. Тоңдук туугандарым чалкасынан кетти:

– Сенсиз Азамат Алтай менен сүйлөшө да албайбыз. Казат Акматовуңдун бизге кереги эмне? – деп.

Кайра чоңдорго кирдим. Осмонакун Апас Жумагуловдо экен. Тоңдуктарымын нааразы болуп туталанганын айтсам, тигилер:

– Азамат Алтайды эртең жеткирип, бүрсүгүнү эрте менен саат ондон калбай кел, – деп уруксат беришти.

Түнүчүндө Кескен-Белге келсек, тоңдуктар толтура. Машинелер батпайт. Кучакташуу, өбүшүү дегендей, кучак-кучак гүлдөр. Караңгыда кимдин ким экени бири таанылса, бири таанылбайт. Бөкөнбаев кыштагында көчө тептегиз, суу себилген, чаң жок. Эл жыкжыйма. Прожектор жаркырайт. Атаганат, дайым ушундай болсо кана! Азамат Алтайдын атасы Кожомбердинин короосуна ичи-тышы келишкен, жасалгасы мыкты ак өргөө тигилиптир. Боз үй кимдики болсо да сонун экен. Сырттагы эл менен учурашып бүткөн соң Азамат Алтайды өргөөгө алып киришти.

Бөкөнбаев кыштагынын аттуу-баштуу дегендей кадыр-барктуулары кошо кирди. Ар ким улуу-кичүү курагыбызга жараша орду-ордубузга тез эле жайгаштык. Көңүлдөр куунак. Жадырап-жайнап отуруп, жарп жазылганча маектешерибизге шегим жок эле. Жадырап-жайнап отурарын отурдук, бирок сөз жалгашпаганы оңтойсуз болду. Таңдайынан чаң чыккан чечен атыккандар да кыжаалат болуп, эмнеден баштаарды билбей кыйналгансыйт. Согуштан кеп козгоо орунсуз сыяктанды, туткун темасы андан да оңтойсуздай сезилди.

«Чет өлкөдө канча түтүн кыргыз бар? Балдары кыргызча билеби?» дегендей ал-жай сурашкан, а-бу дешүүлөрдөн ары тереңдей алышпады. Мен муну үйралышканга чейинки маектешүүнүн чоркоктугу деп жоромолдодум. Түн ортосу ченде тамак тартылды. Эртең эрте Бишкекке жөнөрүмү Азамат Алтай менен Казат билет. Үйгө түнкү бирден өткөндө келдим. Апам жатпай иш кылымыш болуп мени күтүп отуруптур.

– Апа, Азамат Алтайды бөкөнбайлыктардын бири калбай тосту, сен эле барбай үйдө отуруп калыпсың го? – деп учурашып атып тамашаласам:

– Караңгыда темселеп кайдан эми… Ооруксунуп да тургансыйм… – деп койду да, анан шаардагы небере-чөбүрөлөрүн, келини Сабираны, жакшы санаалаш курбу-курдаштарымы сурап келип, аркы дүйнө жөнүндө сөзгө өтүп кетти, Кудай ошояктан бир жакшы жай берсе дегенчелик тилегин айтып калды. Мен тамашалап:

– Апа, сен эмне, тыякка камына баштагансыңбы? Кой, өлбөй коё тур, «Манастын» миң жылдыгы өтсүн. Ага чейин өлсөң, элдин баары тойго кетип калып, сени жалгыз кантип көмөм? – дедим эле, апам:

– Өлбөйм, балакетиңи алайын, кантип өлөйүн. Манастын тоюн көрүп өлөм, – деди.

Эч нерсе капарымда жок, эртеси таңкы алтыда Бөкөнбаевден чыгып, Бишкекке онго жете бербей келдим. Кудая тобо, келсем Ак үй да, Көк үй да, «Манас–1000» деректирлигине чейин жымжырт. Майда-чүйдө кызматкерлер эле жүрөт. Көрсө, атка минерлердин баары Аскар Акаевдин агасына топурак салганы Чоң-Кеминге кетиптир. Мындайын билгенде, тоңдук туугандарыман качкандай болбой, алар менен, Азамат Алтай аба менен бирге жүрө түшүп, ит куугандай шашпастан, түш оой чыксам деле болмок экен да. Анда да, мында да жок, бир күнүмдү бөөдө өлтүрдүм.

«Саат 10дон калбай кел» деген чоңдор деле ойлонуп айтса болмоктур, бирок мен аларга күнөө коё албайм. Маркумду жайына берер күндү биле кетпеген күнөө өзүмдө болду. Кечээ Чоң-Кеминге бурулуп, көз көрсөтө кеткенбиз. Айылда эки күн түнөп, Азамат Алтай жээндери Гүлнар менен Тойчу, Казат Акматов, радиотеленин жигит-кыздары 24-августта Бишкекке кайтып келишти. 25-август «Манас–1000» мааракесинин ачылыш күнү эле.

Миң жылдыктын майрамы мыкты өттү. Азамат Алтай анын бардык программасына катышты. Мааракеден кийин Караколдогу Касым Тыныстанов атындагы университеттеги, Жалал-Абад университетиндеги, Улуттук университеттеги, мекемелердеги жолугушуулары, журналисттер, окумуштуулар, аксакалдар менен маеги, кыскасы, Кыргызстанда жүргөн күндөрү Азамат Алтайды, өзү айткандай, «дүйнөдөгү бактылуулардын катарына кошту».

Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” китебинен үзүндү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз