Жакиевдин «Атанын тагдыры» кантип жаралган?

*     *     *

1960-жылы жазга жуук Маданият министрлигинин Искусство иштери боюнча башкармалыгынын начальниги Павел Прокофьевич Афанасьев дегенге чакырышты. Барсам, кабагына кар жааган, жылдызы жок, үтүрөйгөн бирөө отуруптур. Жазымыш болуп аткан кагазынан баш көтөрбөй:

– Садитесь, – деп бурк этти.

Стулдун четине коомайыраак көчүк бастым. Начальниктин мени жактырбагандагы кебетесиби, же өзү эле жаратылышынан түнөргөн түнт немеби – түшүнбөдүм. Не болгон күндө да тетири жагына жоругум келген жок. Павел Прокофьевич дулдуюп унчукпай отуруп, орусча «Договор» деген даана жазуусу кошоктолуу эки барактан бир нуска толтурду, экинчисин толтурду, үчүнчүсүн бүтөрдө кабарып сөзгө келди:

– Сиз менен келишим түзүүгө аргасызмын. Менин оюмда болгондо, мындай пьесаны театрга жакын жолотмок эмесмин. Конкурстан өтпөгөндө пьесаңыз түптүз менин колума тиймек. Коллегиянын чечимине таң калам, театрдын репертуарына бекитип салыптыр, ооруп жатып коллегияга катышпай калдым да! Баары бир пьесаңыз узак жашабайт, жалгыздыкты даңазалаган чыгарманы советтик көрүүчү кабыл албайт, топ тепкендей тээп салат. Бирок айла жок, коллегиянын чечимине баш ийишим керек! – деп келишимдин үч нускасын шалп эткизе алдыма таштады.

Кудая тобо, кийин СССР Кинокомитетинде («Госкино СССР» деп аталчу) дал ушу «советтик көрүүчү» дегенге жамынып, шорубузду катырышкан. Москвада киносценаристтердин жогорку курсунда окуп жүргөнүмдө Мелис Убукеев мага келип жолукту. Бүткүл союздук кинематографисттер институтунда окуйт экен. Мурда тааныштыгыбыз жок эле. «Атанын тагдырын» кино кылып тартсам деген тилегин айтты. Сырдаштык. Түшүнүштүк. Ансыз деле жогорку курстагы жетекчим атактуу кинодраматург Евгений Иосифович Габрилович, завучубуз Елена Абрамовна Магаттын сунушу боюнча «Атанын тагдыры» киносценарийин жазайын деп жүргөм. Сценарий тез эле жазылды. Жогорку курста биринчи жакталган дипломдук сценарий болду ал. «Смена» журналына макталган чакан макала да жарыяланган. Кыскасы, жогорку курс тарабынан сценарий «Кыргызфильм» киностудиясына сунушталып, андагы талкууда жактырылып, режиссёр-коюучусуна Убукеев Мелис бекиген.

«Атанын тагдыры» киного тартыларынан күмөн санабай быяктагы кино жетекчилерибиз: «Барып сценарийди өткөрүп келгиле» деп Мелис экөөбүздү жөнөтүштү. Төлөмүш Океев менен Мар Байжиев Москвада окучу, экөөнү кошуп алып, төртөөбүз Госкиного бардык. Орто Азия жана Казакстан Республикаларынын киностудияларынан түшкөн сценарийлердин тагдырын ары, же бери кылчу бөлүмдүн башчысы эки санын балдак менен сүйрөп баскан Сегеди деген неме экен, саламдашсак алик алган да жок. Ким экенибизди, эмне максат менен келгенибизди айттык эле, каакы ордуна көргөн жок. Кабинетинде дагы бирөө менин сценарийими ар кайсы жеринен барактап коюп, баш көтөрбөй отурат. Сыягы, сценарий жаңы эле колуна тийген окшойт. Аңгыча сценарийди колтугуна кысып, тыштан дагы бирөө кирди. Көрсө, бул өзүн грузинмин деп атап алган москвалык чала жазуучу Георгий Гулиа деген неме экен. «Талкууну баштай берели» деп калды Сегеди. «Үчөө эле талкуулап жибереби» дегенчелик кылып, төрт кыргыз бири-бирибизди тиктеп аң-таң болдук.

«Кыргызфильмдеги» талкуубузга толгон эл катышмак. Андан да өткөрө таңыркаганыбыз, Сегеди берки экөөнөн пикир сурабайле өзү айтып кирсе болобу, ойду-тоону чарпытып келип: «Бул сценарийде кароосуз калган жалгыздыкка суктануу, калпыс идея бар, советтик көрүүчүгө жат чыгарма бул» дебеспи! Муну укканда төрт кыргыз күйбөгөн жерибиз күл болсо да эптеп чыдадык, кармандык. Сегедиге улай Георгий Гулиа сөзгө кыпчылды: «Электричкада келатып сценарийди барактап көрдүм – оозу-мурду кыйшайбай туруп, сценарийди окубаганын ачык эле айтты да, же атайлап бизди ошентип шылдыңдадыбы, сценарийдин ар кайсы жеринен үч-төрт баракты бүктөп койгонун көрсөттү.

«Эч нерсе түшүнгөнүм жок», – деп тырышпаган жерди тырыштырды. Мен чыдабай кетип: «Окубай туруп түшүнгөн кандай машаяксың?!» дедим эле, Гулиа: «Жигит, кызаңдаба, менин каным кызуу, ысык жактын адамымын, түштүктөн болом!» деп мени сестенткиси келди окшойт. «Менин каным сеникинен да кызуу, мен сенин түштүгүңөн да түштүктөгү ысык жакта жашайм!» дедим эле, унчукпай калды. Анан: «Сиздин пикирге кошулам» деди Сегедиге көшөкөрлөнүп. Ошентип сценарийибиздин да, өзүбүздүн да тырыйтыбыз бүттү. Госкинодон ызалуу да, түңүлүп да чыктык. «Атанын тагдырын» киного тартуу максатыбызды ошентип өчүрүп салышкан. Сегединин «купулуна» толбогон дал ушундай текеберчилик кийин «Бакайдын жайыты» сценарийин «талкуулаганда» да болгон. Сценарий «жараксыз» деген Сегединин бүтүмүнө Төлөмүш ыза болуп, Госкинодон чыгып келатса, Чыңгыз Айтматов жолугуп калат. Чыкем Сегединин кылыгын укканда, Госкинонун төрагасы Ермашка айтып, сценарийди кабыл алдырган.

Ошондо Чыкем жолукпаганда, дүйнөдөгү мыкты фильмдердин катарына кошулган «Бакайдын жайыты» тартылбай калмак. Афанасьев менен Сегединин дооматтары эки башка учурда, эки башка шаарда айтылса да идеологиялык чабуулга бир уюктан даярдалган «эшик агалардын» зомбулугу болчу. Идеологиянын мындай «эшик агалары» аз эмес эле ал доордо. Ошондой болсо да алардын чабуулуна моюн бербей совет адамынын ыймандуу өмүрүн, оор тагдырын баяндаган чыгармалар жаралып турган.

– Оюңузду ачык айтканыңызга ыраазымын, – дедим да, окубай туруп келишимдин нускаларына кол коюп бердим.

Павел Прокофьевичке таарынган да, ачууланган да эмесмин. Милдетин ашкере тыкыр аткарган кокуйгүн чиновник тура деген гана ойдо болгом. «Атанын тагдыры» Маданият министрлигинин коллегиясынын чечимине ылайык, кыскача «Кырдрам» деп аталган Кыргыз мамлекеттик драма театрында коюларын ошондо билдим. Пьеса кабыл алынса, үч түрлүү баадагы гонорар төлөнөт экен: жогору жагы – 25 миң сом, андан кийинкиси – 18 миң, үчүнчү даражадагы баасы эсимде жок, анда буларды билген эмесмин. Конкурста утуп чыккан чыгармага жогорку баадагы гонорар төлөнүшү милдет болсо, Павел Прокофьевич мага орточосун коюптур. Ошого эле ыраазы болуп, келишимди чөнтөккө салып кете бергем. Кийин спектакль чыкканда, СССР өкмөтүнүн конкурс жөнүндөгү чечиминин талабына ылайык Афанасьев «ары карап ыйлап туруп», мурда түзгөн келишиминдеги кемитип койгон сумманы төлөп берүүгө аргасыз болгон.

П. П. Афанасьевдин мени көрөйүн деген көзү желкесинде экенин дайым байкачумун. «Атанын тагдырын» репертуардан алдырып салууну аябайле көздөдү, башкаларды да үгүттөп жүрдү. Афанасьев мага идеялык саясий айып таңууласа, анын үгүтүнө шыктанган ичи тар кесиптеш курбу-курдаштарым Алыкулдун «Жеңишбек» поэмасын көчүрүп алган деп асылышты. Асылгандарды чала сабат байкуштар деп эсептебейм. Алар чыгармачылыкта окшош темалар сансыз экенин билген немелер. «Көчүрүп алган» деп кайсы бир чыгармадагы окуя, окуянын өнүгүшү, чиелениши, чечилиши, каармандардын мамилеси, кагылышуусу, мүнөзү, тагдыры башка бир чыгармада кайталанса, ошону көчүрүү десе болот. Ал эми Алыкулдун «Жеңишбек» поэмасы поэтикалык күчтүү чыгарма болгону менен, анда окуя жок, сүрөттөлгөн тагдыр, мүнөздөр, кагылышуулар жок, Миңбай аттуу гана карыя согушка кеткен уулун күтүп, көлгө барып жүрөт.

«Атанын тагдыры» экөөндөгү окшоштук – күтүү темасы. Акылбектин небересинин атын Жеңишбек дебегенимде, алиги мага асылгандардын оюна Алыкулдун «Жеңишбеги» келмек да эмес. Ал эми балдарына «Жеңишбек», «Жеңишгүл» деген аттарды коюу согуш учурундагы элдин үмүт-тилеги болгон. Элдин тилегине жараша Акылбектин небересин Жеңишбек дегем. Алыкулдун «Жеңишбеги» капарыма кирген да эмес. Мага айтылгандардын бирине да теңелген эмесмин. Эми гана айтып отурам. Туура кылгам деп эсептейм. «Атанын тагдыры» элдин менчигине айланып кетти. Репертуардан түшпөй келатканына 60 жылдан ашты. Кыргызчадан түз которулуп, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан театрларында казакча, түркмөнчө, өзбекче, кара калпакча, уйгурча, корейче Кыргызстанды кошо эсептегенде, 80ден ашык театрда коюлуптур. Орус тилинде көркөм котормосу болгондо далай жактарга тарамак. Орусчага которулбаган себебин эмгиче сурагандар бар. Ага өзүм «күнөөлүүмүн».

1960-жылы киносценаристтердин Москвадагы жогорку курсунда окуп баштагам. «Дружба народов» журналынан телефон чалышты: «Сиздин пьесаңыз бизге түштү. Келип кетесизби?» деп. Барсам москвалык Зоя Куторга аттуу театр сынчы Фрунзеден «Атанын тагдырын» көрүп жактырып, пьесанын «подстрочный» (сапма-сап) котормосун ала келип, журналга тапшырганын көрсөтүштү. 1961-жылдагы «Театр» журналынын №4 санына З. Куторганын «Судьба отца» деген макаласы да жарыяланган. «Подстрочниктин» начарлыгын айттым. Котормону оңдоп берсеңиз, пьесаңызды журналга басабыз дешти. «Подстрочныйды» оңдоо, кайра которуу да азап экен. Колуман келбеди. Мойнум да жар берген жок. А көрөк жаңы пьеса жазса болгудай. Чыгарманын көркүн, кан-жанын, тил кудуретин «подстрочник» өлсө да жеткире албайт. Чала-жан көрсөтүп салат. Чыгарманы чала-жан болсо деле мейли, иши кылып башка тилде жарыяланса болду деп, пьесанын баркын кетирип, убалына калгандан көрө котортпой койгонум туура болгон.

Афанасьев менен келишим түзгөндөн кийин көп өтпөй Кырдрамга чакырышты. Театрдын башкы режиссёру Вячеслав Иванович Молчановго жолуктум. А киши алтымыштын тегерегиндеги кичи пейил, билими, түшүнүгү жетик, абдан жагымдуу да, жугумдуу да адам экен: «Пьесаңызды биз коё турган болдук» деди. Эки-үч күн удаа мени менен маңдай-тескей отуруп, пайдалуу кеп-кеңештерди айтты. Драматургия, анын табияты, диалог куруунун ыкмалары туурасындагы тайкы, чолок түшүнүгүбүзгө оң таасир тийгизгендей мурда мен угуп-билбеген профессионал жагдайларды «Атанын тагдырынын» «подстрочный» котормосунан көрсөтүп отуруп түшүндүрдү.

Вячеслав Иванович менен иштешкеним чоң сабак болуп, көзүмү ачты. Кийин бизден кеткенде да кат алышып-кат беришип дегендей, кол үзүшкөнүбүз жок. Бир учурда Москвада болуп калсак, издешип табышчубуз.

– Пьесаңызга ашык болуп калдым, коёюн дегенде эки көзүм төрт, бирок «Атанын тагдырын» кыргыз режиссёрго койдурбасак, жаңылып калабыз, – деди Вячеслав Иванович.

– Сизчи?! – Эки-үч күндөн бери мактап атса, өзү коёрунда эч шегим жок болчу.

– Мен кыргыздын турмушун билбейм, колоритин жоготуп алам. – Кыргыз турмушун билбегенине чын эле кейиди. – Менин баамымда кыргыз режиссёрлорунун ичинен таланттуусу да, ой-жоруусу жагынан олуттуусу да Абдыкадыров. Ошону чакырталы деп жатабыз. Пржевальск театрынын башкы режиссёру, таанысаңыз керек?..

– Тааныйм... – Ындыным өчө түшкөн. Абдыкадыровдун кайыш ноктолуу баягыда ак чокойчон адеп жолукканы эсиме келди. – Тааныйм, бирок ал мага жакпайт, – дедим булуюп.

– Сиз эмне, Абдыкадыровдун спектаклдерин көрдүңүз беле? – Молчанов таңыркагансып сурады.

– Жок, – дедим мен. – Эч нерсесин көргөн эмесмин! Керсейген бюрократ неме аныңар...

– Э, катыгүн!.. – Вячеслав Иванович абдан сыпайы киши эле, катуу кейиди. – Чыгармачылыгын билбей туруп да ушинтип айтасызбы?! Абдыкадыровдон башка режиссёр койсо, пьесаңыз өлөт, муну бөркүңүздөй көрүңүз! «Атанын тагдырына» бир жараса, Абдыкадыров гана жарайт!..

Уялып калдым. Абдыкадыровдун жакшы режиссёр экендигине ынангандыгыман эмес, чыны менен эле анын чыгармачылыгын көрбөй-билбей туруп, сыртынан жактырбаганыма уялдым. Антишке кандай акым бар? Өзүмдү өзүм олдоксон сездим. Билбей бирөөгө сынтагыш, сыртынан баа бычыш – наадандык экенине көзүм жетти да, өмүр бою эсиме тутуп калдым. Бул да Молчановдон мага жуккан сабак болду.

Кептин ырасы, пьесамы Абдыкадыров коёт дегенге кубанган эмесмин. Молчанов өзү койбогонго ичимен өкүнүп отургам. Көрсө, а кезде мен режиссёрдун ролун билчү деле эмес экенмин. Молчанов койсо болмок деп, кыңырылганымын себеби – Кырдрамда Вячеслав Иванович А.П. Чеховдун «Ваня таяке» деген пьесасын мыкты койгон болчу. Андай мааниси терең, маданияты тунук, аткаруучулары таамай тандалган чыныгы көркөм спектакль чанда жаралат. С. Жумадыловдун, Н. Белекованын, Б. Кыдыкееванын, Н. Кытаевдин ошол спектаклдеги жашаган жашоосу күнү бүгүнкүдөй көз алдымда. Кыскасы, Вячеслав Иванович режиссёр катары купулума толуп турган кез болчу анда. Ошентип Жалил Абдыкадыровго токтогонсудук. Мен аны койсун деп да, койбосун деп да айта алганым жок. Себеби, биринчиден, мен анын «кыйратарына» көзүм жеткен эмес, экинчиден, Молчановго ишенбей коюшка да акым жок эле. Жалилди чакыртышыптыр. Пржевальскиден бой келип, кайнатасынын үйүндө жатып, «Атанын тагдырына» киришерин айтышты. Бир-эки жолу жолугуштук. Пьеса жөнүндө сөз козгогон деле жок, окуйлекпи деп ойлоп койдум.

*     *     *

1960-жылы 1-августта Жалил Абдыкадыров экөөбүз театрдан чыгып баратсак, Муратбек Рыскулов театрга келатыптыр, Фрунзе музейинин аркасынан жолугуп калдык. Өмүрүмдө Мукем менен биринчи бет алышып учурашканым. Ошондо апкаарып, сүрдөп кол алышканымы унута элекмин.

– Жанагы «Атанын тагдыры» деген пьесанын автору, – деп Жалил мени теңсинбегендей ого бетер сүрдөтүп, көрсөтүмүш болуп койду. Мукем ишенбегендей мени одурая таамай бир карап алды да:

– Токтолуп калган неме жазганбы десе, бала го мунуңар?.. – деди барк албагансып.

Оюн-чынын түшүнбөй саал сына түштүм. Эмне дээрими билбей, тиги бири-бирине сыры маалим театр адамдарынын жанында өзүмдөн өзүм жатыркап, тез эле жолубузга түшсөк деп ичимден шаштым. Экөө аркы-беркини сүйлөшсө, мен сөзгө аралаша албадым. Атактуу артисттин алдында корунуп тургандан жүдөй баштадым. Мукем оңтойсуз абалымы сезди көрүнөт, мени чыйралтайын дедиби, же жөн эле сыпайыкерчилик кылдыбы, айтор, пьеса туурасында бир-эки ооз жылуу сөз айтты да:

– Пьесаңды конкурста окуп, мактаганбыз. Сага сыйлык бергендердин ана башы менмин! Жюри мүчөсү болчумун! – деп компойду.

Көрсө, мунусу көйрөңдүк эмес, тамашасы экен, аны кийин Мукемин сырын биле баштаганда түшүндүм. Анан «Шипка» сигаретин алып жатып, Жалилди карабай сурады.

– Качан даярдайт экенбиз?

Негедир, Мукемин «даярдайт экенбиз?» дегенинде кандайдыр бир тымызын кекээр, ыза бардай сезилди мага.

– Эки-үч күндө «за стольныйын» баштайбыз, – деди Жалил. Мукем билип туруп эле сураган окшойт, таңыркаган да жок.

– Акылбекти ким ойнойт? – деп гана дале Жалилди карабай, сигаретин мүштөгүнө аштап атып сурап койду. Ким ойнорун билип туруп эле атайы сурагансыды.

– Айбашевге берейин деп жатам, Муке, – деди Жалил айыбы бардай.

Мен уккан кулагыма ишене бербей таңыркап, ормоё түштүм. Анткени Акылбекти Рыскулов гана ойнойт деп жүргөм, эч күмөнүм жок болчу. Ал эми Айбашев аткара турганын уккан да эмесмин, мага айтышкан эмес. Мүмкүн, мени баласынтышкандыр, өзүм да а кезде автордук укук туурасында эч кабарым жок экен, эмнеси болсо да мага акыл салбай роль бөлүштүрүп койгондоруна бир чети ызам келсе, дагы бир эсептен айран-таң болуп, туталана түшсөм керек, эми сүрдөп аткандын бири жок, кайратыма келе калып:

– Сизчи?! – дедим Мукеме. – Сиз ойнобойсузбу?!

– Менби?! – Мукем, эмнегедир мени кекеткенсип, сөзүн үзүп-үзүп корс-корс унчукту. – Мен деген курортко кетем! Мен деген самолётко билет алып койгом, мен деген бүрсүгүнү учам! Кавказга!

Мукемин минтип таарынчысы бардай үрпөңдөгөнү эп экен, кийин түшүндүм. Ошондо «бүрсүгүнү учам» деген жообун угуп, көңүлүм чөккөн. Рыскуловго Акылбектин ролу жакпай калган экен деп шаабайым сууган. Бирок тартынган эмесмин, ниетимдегини айткам:

– Сиз ойнобосоңуз болбойт, агай! Сиз ойнобосоңуз койдуртпайм!..

– Айбашев жакшы артис... – Мукем көңүл улап баштады эле, мен:

– Жакшы артис. Бирок бул роль а кишиге ылайык эмес, сиз үчүн жазылган! – деп кесе айттым. – Сиз курорттон келгенден кийин, анан даярдашсын! Азыр пьесамды бербейм, көтөрүп кетем!..

– Аны акылдашабыз, – катуулап баратсам керек, Мукем мени тыя сүйлөдү да: – Жалил, бу бала менен кебиң бүткөндө деректирге кирчи, – деп далысын дугдуйта, шашпай басып театрга кирип кетти.

Эртеси театрга барып, «Рыскулов курортко барбай калыптыр, путевкасын, билетин өткөзүптүр» дегенди угуп, аябай сүйүндүм. Ооба, анда мен сүйүнгөн элем. Кийин Мукем дүйнөдөн кайтканда, аны операция кылган доктурлар: «Жүрөгү чүрүшүп катып калыптыр, кантип жашап жүргөнүнө акыл жетпейт» дегенди угуп, ошо 1960-жылы бир Акылбектин ролу үчүн курорттон аша кечип, шаардын мээ кайнаткан ысыгында калганы эсиме түштү. «Ролдорду таштап, курортторго маалында барып турса, жанын жакшылап бакса, мүмкүн, жүрөгү тигинтип чүрүшпөс беле? Мүмкүн, өлбөй жүрө берет беле?» деген ойго кеттим.

Көңүлүнө жаккан канча роль үчүн канча жолу өмүрүн, ден соолугун зарп кылды экен? А балким, жүрөгү чүрүшкөнчө жан кыйнабаса, кара жанын бапестеп жүрө берсе, Рыскулов – Рыскулов болот беле, жок беле? Ушунча атакка, чыгармачылык бийик даражага жетет беле, жок беле? Менимче, жетмек эмес. Көзү өткөндөн кийин да айтылып жүргөн «Муке» деген урмат-сыйды көзүнүн тирүүсүндө деле укмак эмес. Кеп мына ошол жүрөгү чүрүшкөнчө жан аябай эмгектенгенинде болбосун?! Антпесе, ал азыр кыргыз искусствосунун тарыхындагы өзүнчө бир зор глава болуп калбайт эле го! Жүрөгү чүрүшкөнчө жан кыйнабаса, Тейитбек менен Булычевду, Отелло менен Эшкожону, Шадрин менен Дикойду, Лир менен Акылбекти, Фамусов менен Макечалды, Вааль менен Бакайды жарата албас эле го!

Акылбектин ролу Мукем үчүн жазылганы чындык. «Атанын тагдырын» жазып атканда, көз алдыма Мукем, Мукемин роль аткарган учурда кайгыра-кубана билгени, образ түзгөндөгү актёрдук барааны, көркөм оюнун дандуулугу, сахнада жүргөн-турган элестери, үнүнүн күрүлдөгөн дабышы өзүнөн өзү оюман чыкпай койгон. Кыскасы, Мукеми элестетип отуруп, Акылбекти жазгам. Акылбек алдын-ала эле Муратбек Рыскуловго арналып жазылган роль болчу. Аны башка артист ойнойт дегенди угуп, күйүп-бышканымдын себеби да ошол. Иш оңунан чыкты. Мукем курортун таштап, Акылбекти колуна алды. 1960-жылы август айынын төртүндө репетиция («застольный») башталды. Спектаклге катышкан артисттер эртең менен кечинде, күнүнө эки маал шымаланып катуу иштеди. Саатын каранып, эртелеп үйүнө шашкандарды, жок шылтоону айтып репетициядан качкандарды байкаган эмесмин анда.

Репетицияны алгач баштаган Мукем менен Көбөгөновдун, С. Күмүшалиева менен Д. Күйүкованын, С. Балкыбекова менен Г. Дулатованын, И. Райымкулова менен Р. Абдубачаеванын, К. Рысмендеева менен Л. Календерованын ошондогу чыгармачылык дымагы менен далалаты, ынтымагы спектаклдин тез жана өтө ийгиликтүү чыгышына себеп болду. Спектаклдин сүрөтчүсү А. Торопов да өзүнчө эле бака-шака күүлөнүп жүрүп иштеди. Айтор, ишибиз бардык жагынан шыдыр келатып, бир күнү такалды да калды. Ал мындай. Акылбектин согушта курман болгон жалгыз уулу Болотбектин портрети менен сүйлөшкөн эпизоду такыр окшобой туруп алды. Андай ойносо да, мындай ойносо да ич жылытпады. Бир жумача чайналдык.

Репетицияга эрте менен да, кечинде да Мукем, Мукемин дублёру Абдыашым Көбөгөнов, режиссёрубуз Жалил Абдыкадыров, пьесанын автору мен, ушу төртөөбүз гана келчү болдук. Калган артисттер бош жүрүп калды. Зарыгып кеттик деп күңк-мыңк, бизге нааразы. Анткендери эп. Бирок айла канча, билмексенге салып кутулабыз. Бир күнү кечки репетициянын учурунда, Мукем мурдунун учуна түшүп кеткен көз айнегинин төбөсүнөн ролун кайра-кайра олурая тиктеп, берки үчөөбүз менен эч иши жок, өзүнчө бышылдап отурган эле, көз айнегин столдун үстүнө алып таштады да:

– Коё тургулачы... – деп ордунан туруп, залдын ортосуна чыкты да: – Мен бирдеме көрсөтөйүн, жакшылап сынагыла...– деди.

Үчөөбүз сүйлөбөй дымырап күтүп калдык. Мукем оюн топтоп бир пас турду да, анан канатын жая көкүрөктү керип жиберип, кадимки күркүрөгөн үнү менен буркан-шаркан буулуга ары да урунду, бери да урунду, эски театрдын репетиция залы тар боло түшкөнсүдү. Ушу тапта Мукем күйүтү күчтүү, бирок кайраты зор адамдын кайгыга алдырбас үчүн алпурушуп жаткан кезин бууракандата оңду-солду чачып, өзүн өзү таптакыр унутуп салгансыды. Көрүп отуруп, толкунданганымдан муунум бошоп жашып кеттим. Карасам Көбөгөнов аксакал менен Жалилдин да көздөрү кылгырып калыптыр. Кыскасы, Мукемин ойногону бизге укмуштуудай жагып жатты. Мукем монологун айтып ойноп бүттү да, чарчагандай шалкайып туруп калды. Жалил жетине албай ордунан ыргып турду:

– Айланайын, Муке! Ушунча күндөн бери кайда жүрдүңүз эле?! Катып жатпай, илгери эле ушинтпейсизби, жарыктык! – деп кубанганынан айтарга сөз таппай барбалаңдап коё берди.

Биз да кубанып, жыргап турдук. Бири-бирибизди кубаттап жыра талашып, чаржайыт сөз айткан болобуз. Мукем бизди угуп-угуп түңүлдү окшойт, шалкайып турган калыбында эки санын тарс чапты да, өзүнбү, биздиби эликтегендей эрин шалпайта:

– Бу деген жарабайт, – деди кейиңки үн менен. – Бу деген Егор Булычев, Отелло болуп калбадыбы! Мен ошолорду ойноп салдым. А биз кыргыздын абышкасын ойношубуз керек. Европанын чалын ойносок, роль өлдү дей бергиле!..

Мукемин бул айтканында калет жок эле, туура экенине дароо эле көзүбүз жетти. Эмоцияга алданганыбызды даана түшүндүк. Колдон жулдуруп ийгенсип тым-тым, шаабайыбыз сууду да калды. Мукем ордуна келди. Көз айнегин тагынчудай болуп баратып, тагынбай ары шилеп таштады:

– Жалил, мен таба албадым. Сен режиссёрсуң, тап! – деп булуюп отуруп койду.

Көпкө эч кимибизден сөз чыккан жок. Кыйлага үңкүйүп-үңкүйүп отурдук да, урушкан немелерден бетер үй-үйлөргө унчукпай тарадык. Жолдо баратып, Жалил мени: «Портрет менен сүйлөшпөй койсо Кудай алабы абышкаңды, алып эле таштачы, калгандары деле жетет» деп катуу үгүттөдү. Мен көшөрүп, үгүтүнө көнгөнүм жок: «Алың жетпеген эпизоддорду алып ыргытып жүрүп отурсаң, пьесадан эмне калат?» дедим. Ары кетиштик-бери кетиштик, түнкү саат экиден ооп, автобустар жүрбөй калганча бирибиздин мээбизди бирибиз чагып, остановкада жаман-жакшы айтышып отурдук. Акыры жакалаша кеттик. Мушташка жеткенибиз жок, көчөнүн эки өйүзү менен бөлүнүп жөнөй бердик. Бир-эки күнчө тултуюшуп жүрүп, табышканбыз. Кийин ошо түнкүнү эстеп, Жалил экөөбүз тамаша көрүп калчубуз. Учурунда тамаша деле эмес эле ал.

Ошол түнү таң атканча уктай албадым. Чыкпай жаткан, эпизоддун сахналык эквиваленти табылбай жатканын ар кимибиз өзүбүздөн көрдүк окшойт? Мен ошенткем. Пьесада, мүмкүн, жетпей жатабы деп түн бою отуруп, ошол эпизодду таптакыр башкача, болгондо да пьесанын жалпы стилине, жанрына окшобогон «агыр» менен жазып чыктым да, эртеси Мукеме апкелип:

– Ушу оң болуп жүрбөсүн, Муке? – Ылайыксыз экенин ичимен сезип, бетим чымырап турду. Мукем окуп көрдү да:

– Катып кой мунуңу. Кийин өмүр баяныңы изилдегендер болсо, таап алып сүйүнүп калсын, – деп өз тамашасына маашыр борсулдап, көзүнөн жаш чыкканча күлдү. Анан өзүнчө күңк этип койду. – Болгонду ойной албай жатса, алмаштырып жетип келген тура...

Мен Мукемин тамашасына да, какшыгына да териккеним жок. Ошол сөзү мага сабак болуп, оюмда калды. «Портрет менен сүйлөшкөн» эпизоддун түйүнүн таппай дагы канча күн бушайман болгонубуз эсимде жок. Акыры аны артист өзү, Мукем тапканы күнү бүгүнкүдөй эсимде. Мукем ролу чыкпай, же сөздөрүнүн кай бири ылайыксыз көрүнүп, боюна сиңбей жатса, эч кимди кыртышы сүйбөй, дуңкуюп калмай адаты болор эле. Ашык сүйлөп, артык баш күлгөндөргө ороң-бараң бурк бир тийип, ачуулуу болуп калчу. Анысы ар кимге эле жага берчү эмес. Таппай атканын изденип, жанын кыйнап катуу ойлонгон кезинде, ошентип «урушчаак» болуп каларын чанда бир сергек артист түшүнбөсө, көбү жаман да көрчү.

Бир күнү Мукем репетицияга күндөгүсүндөй түнөрүңкү тартып камыкпай көңүлү жайдары, короодон эле үн салып келатканы угулду.

– Галя! Э, Галя!.. – Мукем жыгач тепкичти түңкүлдөтө үстүңкү кабаттагы репетиция жасачу залга чыгып келатып, орус келинди кыргызча кайрып чакырган көңүлдүү дабышын туюп отурдук.

– Я вас слушаю, Муратбек Рыскулович. Вам что, кок чай подать? – деп реквизит тейлеген орус келин төмөндөн кичи пейил унчукту.

Ал аял театрда көп жыл иштеди, аты – Анна, фамилиясы – Бондаренко, эмнегедир аны артисттер жеринен эле Галя деп чакырып калышкан.

– Мине не көк чай, а комуз надо! – Мукем дале тепкичти түңкүлдөтө бирден санап басып, жогору чыгып келатты. Эски театрдын экинчи кабаттагы репетиция залына чыкчу тепкич тик, жылып кетчүдөй эпсиз, кыйчылдаган жыгач эле.

– Комуз? А что за комуз? – Галянын үнү тиги төмөндөн угулду.

– Настоящий комуз! Кыргызский! – Мукем көңүлдүү бак-бак этти.

– Хорошо, сейчас принесу.

Мукем үстүбүзгө кирди. Жалил, Көкөм үчөөбүз эртерээк келиппиз. Абдыашым Көбөгөновду артисттер «Көкө» дечү. Сыягы, Мукем биз менен учурашканга деле чамасы келген жок окшойт, жаш баладан бетер ээлигип алган экен, дароо эле табылгасынан баштады:

– Бу биз асмандын башына чыгып алып, бир нерсени түк байкабаппыз! Комузду унутуп койгон турбайбызбы! Пьесада Акылбектин сөзү бар эмеспи: «Болотбек, качан келип комузуңу колуңа аласың? Ушинтип эле илинип тура береби? Келсеңчи, келип ырдап берсеңчи... Ырыңды сагындым, күүңдү сагындым... Чыгарчы, үнүңдү угайын...» деген. Мына, кептин баары мына ушу комузда! Комуз илинип эле тура бербеши керек! Ал азыр Акылбектин уулу!.. Кыскасы, эми табылды, таптык эми!..

Мыкты артистке кичине бир илинчек табылса, ары жагын улантып кетет. Сахнада түзгөн образы, жүргөн-тургандагы ою менен залда отурган элди багынтып алып, искусствонун көркөм дүйнөсүн кыдыртат. Мукем да ушул эпизодун ойногондо, залда чымын учса угулуп, дым чыкпай калар эле. Көп күндүк кыйналуунун, изденүү түйшүгүнүн үзүрү таасири күчтүү табылга болуп, чыгармачылык машакаттын акыбети ушундайча кайткан.

Азыр аны эскерип отурганымын себеби, таланты бийик адамдар эптеп жүрнарылап кутула салыштан оолак болот, антиш алардын оюна да кирбейт, өз ишине өзү оңойлук менен алымсынбайт. Мукем ушундай адам эле. Ошондо Мукемден бөлөк бирөө болгондо, бир жума бою көшөрүп азап тартпай, баягы бир буркан-шаркан түшүп, берки үчөөбүздү жашыта ойноп салганда эле «силерге жакканы, мага жакканы» деп, өткөрүп ийиши да ыктымал беле?

Режиссёрго жаккан, авторго жаккан, дублёрго жаккан башкаларга деле жагат эле го! Мукем андайга барып, кутулган жок. Акылбектин жаратылышына, кыял-жоругуна ылайык көркөм каражат издеди. Пьесанын табиятына тууралап боёк тапты. Айтылган эпизоддун сахналык эквиваленти табылганча Мукем өзүн да, бизди да аяган жок, аны көрүп туруп, жалакайлык кылышка, же жалган токпейилденишке эч кимибиз акысыз элек. Мукем өзүнүн өжөрлүгү менен бизге жан кыйнап, жүрөк чүрүшкөнчө изденмейин чыгармачылык табылга болбосун далилдеди. Табылгасыз чыгармачылыктын ырахаты да жок.

Мукемдин Акылбеги өзү үчүн да, эл үчүн да чоң ыракат болду. Ошондуктан Мукем кийин 1965-жылы Кремль театрында ойноп, катуу макталды. Ошондуктан Мукем Акылбек менен Король Лирдин ролдору үчүн Токтогул сыйлыгынын алгачкы лауреаты болду. Кырдрамдын деректири Темиралиев (аты Асанбек боло турган эле, туура эмес атап алсам, бала-бакырасы кечирип койсун): «30унда (август айы) спектаклди маданият министерствосуна тапшырабыз» деди. Тапшырган эмнеси деп, маани деле бергеним жок. Айткан күнү кечинде театр толтура эл, пьесанын кабарын угуп, чакыртпай-этпейле өздөрү толуп алыптыр. Министрдин орун басары Тилен Тургунбаева баштаган комиссия келди. Конкурстун жыйынтыгындагы куттуктоо телеграммасын окугам, өзүн көрө элек болчумун. Маданият министрлигинин бир бучкагын чойгон жетекчиге окшобогон жөпжөнөкөй, жупуну эже экен. Оюн жүрүп жатканда кол чаап жибергендерди: «Кол чаппай, жөн отургула!» деп театр ээлери кыйкырса болбой чаба беришти.

Эмне үчүн кол чаптырбагандарын түшүнбөйм, көрсө, комиссияга тынч тапшырмай тартиби бар экен. Спектакль аяктап, талкуу башталды. Мактап атышат. Сындагандар да болду. Маселен, Кыргызстанда театр маданиятын, опера өнөрүн негиздегендердин бири, Кырдрамдын белдүү өз артисти Ашыралы Боталиев: «Пьесаны коллектив окуп мактаганбыз. Анда талаш жок. Ошондо айттым эле, карыяны жалгыз кайгы тарттырып койгон туура эмес деп. Коомчулук деген бар. Селсевет кайда, военкомат кайда? Ошолор барып, ал-жайын сурап, кам көрбөйбү» дегенин колдогондор болду. Ашыкени да, аны колдогондорду да ичимен туура көрбөдүм. Талкуу аяктабыраак баратканда, Тазабек Саманчин сөз алды, буту ооруйбу, таяк таянып турду. Мектепте кезимде бу кишинин «Молдо Кылыч – демократ акын» деген китебин, азын түшүнүп, көбүн түшүнбөсөм да окуп чыккам. Молдо Кылыч боюнча сабак өтүп, «Буудайыгын» жаттачубуз. Онунчу болуп калганбыз. Китеп көрсөк эле окуй берчүбүз. Лермонтовдун «Биздин замандын каарманы», Пушкиндин «Евгений Онегин», Гоголь жөнүндөгү Белинскийдин макалаларынын кыргызча жыйнагын тиземе коюп алып, уурданып окуп отургам. Агайыбыз кармап алып, макаланын бирөөнү Тазабек Саманчин которгонун көргөндө: «Өлө албай жүрөсүңбү?!» деп макаланы китептен жулуп-жулуп таштаган. Саясый күнөө тагылып, Саманчиндин камалып кеткенин укканда, ишенер-ишенбесибизди билбей, оозубуз ачылган. Кийин акталып келгенде, адилеттик бар тура, «ак ийилет – сынбайт» деп кубанып жүрчүбүз. Ага сөз тийгенде, маңыздуу жакшы талдоо угарыбыздан күмөн санабай өзүмөн өзүм шыктанып турсам, теңирден тескери кетпеспи кашайып: «Абышка согушта өлгөн баласын тосуп, пароходго барганы мүрзөсүнө барганга тете. Бул пессимизм! Пьесаны мындай бүтүрбөш керек, түп-тамырынан бери өзгөртпөсөңөр болбойт. Мен комиссияңарга мүчө эмесмин, бирок оюндун ушу боюнча коюлушуна каршымын» деди эле, колдогондор болду, Кудая тобо.

Идеологиялык катаал талап күчүндө турган доор анда: чыгармада кайгылуу турмуш, оор тагдыр көрсөтүлсө да, финалын «жыргализм» менен аяктоо совет жазуучусунун мойнундагы парз болгон. «Атанын тагдыры» ага окшобой калганга өз жанын да кашайта, менин жанымы да кашайта сүйлөгөнүн угуп отуруп, Тазабек Саманчинден көңүлүм үч көчкөн журттай калган. Сүргүндө жүрүп, жүрөгү өлгөндүр дедим. Бирок ошондо да, эл-журтуна эсен келип турган чакта, ушунча майдаланбаса болот эле го деп кейигем. Саманчинге удаа Бакен Кыдыкеева сөзгө чыкты. Ал да туура эмес сүйлөдү, бирок пьесаны жыга чаптырып салбай сактап калууну көздөгөн ниетин түшүнүп, ыраазы болгом. Эже минтип айткан: «Пьесаны элге көрсөтпөсөк, Кудай кечирбейт бизди! Финалды гана өзгөрт дегендерге макулмун. Драма бүтөрдө:

– Сүйүнчү-ү, чоң ата! Сүйүнчү! – деп кичинекей бала чуркап кирет ко. Артынан абышканын небереси Жеңишбек кирип келип атпайбы. Сүйүнчүдөн кийин Жеңишбекти кийирбей, согушта өлдү деген уулу тирүү кирип келсе, атаң гөрү, бир койду көтөрүп чаап, түлөө өткөрүп жатып калсак, жыргал эмеспи!» деп каткырып алып, мостоюп калды. Чын каткырыкпы, арамза каткырыкпы, тамаша, же өзүн өзү мазактаган каткырыкпы?– Билбей калдым. Муратбек Рыскуловдун ошол талкууда: «Жакшы чыгарманын тамырын балталап кыя чапмайыңарды качан токтотосуңар?!» деп отурган ордунан гүр эткени эсимде. Кимге карата айтканын элес албапмын.

Акырында мага сөз берилди. «Финалды өзгөртө албайм. Өзгөртсө пьеса өлөт. Анда элге көрсөтүп да кереги жок. Бул пьеса башкача бүтүшү мүмкүн эмес» дедим. Кийин Мар Байжиев орус гезитке макала жазды: «Финалды өзгөртүүгө макул болсо, авторду сындап сүйлөйүн деп отургам» деп. Мар менен сыртыбыздан гана көрүшүп жүрчүбүз анда. Тилен Тургунбаева тыянак чыгарчудай түр менен ордунан турганда, театрдын ичи тымтырс, андагылар бүт дем албай калгандай туюлду. Комиссия жетекчисинин сөзүн чубалжытып отурбай тыянагын гана айтайын:

– Айтылган сын-пикирлерди автор эске алсын. Биз дагы автордун оюн түшүнүүгө аракет кылалы. Спектаклди элге көрсөтөлү, эл эмне дээр экен. Оңдоп-түзөөгө эки-үч күн жетет ко?..

Спектаклди кабыл алуунун «икаясы» ушундайча болгон. 1960-жылдын 3-сентябринде «Атанын тагдырынын» премьерасы менен Кыргыз мамлекеттик драма театры жаңы сезонун ачты. Спектакль коюла баштады. Жумасына экиден, үчтөн коюлат. Көрсө, бул өтө көп экен. Көп экендигин анда элес деле алган эмесмин. Же ал кезде театрга эл дайыма эле ошондой көп келчүбү? Андай дейин десем, ошо жылдары деле бирин-экин гана коюлуп, эл келбей сахнадан түшүп калган спектаклдер болчу. Айтор, эмнеси болсо да, мен анда «Атанын тагдыры» коюлган сайын театрга бара берчүмүн. Дайым эл толтура. Кире албай билет сурап тургандарды көргөндө, чын сырым – ичимен кымыйып сүйүнүп калчумун. Оюн көрүп отурган элдин бир күлүп, бир муңайып, а түгүл, көз жашын кармай албай ыйлап да ийип, жактыргандарына өзүм кошо эреркеп, денем чымырап кетчү. Бирок ой-санаам көбүнесе сахнадагы артисттердин ойногонунда болор эле.

Жаңылып калышпагай эле, сөзүн чаташтырып алышпагай эле деп, артисттер менен кошо артист болуп, кыпылдап отурчумун. Менимче, мындай абал жеке эле мен эмес, ар бир автордун башында бар болуш керек. Менин багыма «Атанын тагдырындагы» артисттердин баары ролдоруна төп келгенсип, жан-дилинен ролдорун аткарышты. Буга, албетте, абдан кубанчумун. Айрыкча, Мукемин ойногонун көргөн сайын черим жазылчу. Элжиреп, бу кишини кээде менин дүйнөдөгү эң жакшы көргөн адамым – өз чоң атам Абийирдей көрүп кетчүмүн. Бирок бир да жолу: «Мыкты ойнодуңуз, Муке!» деп көңүлүн улаган күнүм болгон жок. «Мүмкүн, туура эмес кылгандырмын? Мактоого татыктуу ишти мактай жүргөнүм эле түзүк болмокпу?» деп көзү өткөндө күдүксүнүп жүрдүм.

Бирөөнү көзүнчө мактамай кийин өркүндөп кетти, а кезде антиштен тартынчубуз, ал адепсиздикке жатчу, жагалдангандыкты билгизчү. Эмнеси болсо да, ал учур өттү-кетти, ал эми менин ыраазы экеними Мукем айттырбай эле өзү билип тургандай сезилчү мага. Чынында да ошондой экенине бара-бара көзүм жетти: атасы баласын айттырбай түшүнгөндөй түшүнчү. Мукем да мени көзүмчө жакшысың дебеди. Бул анын акылмандуулугу, кыраакы мүнөзү эле.

Мукем ойногон сайын катуу ыраазы болгонумун себеби эмнеде дегенде: а киши ар бир спектаклине кур келбей жаңы көркөм каражат, жаңы касиет, жаңы сапат, жаңы табылга ала келип, илкамынан түк жазбай күйүп-жанып турчу. Акылбекти Мукем үч жүздөн ашуун ойноду. Ошондо да тажаган жок. Элди да тажатпады. Мунун сыры – Мукемин чеберчилигинде гана эмес, анын талыкпай изденип, жакшы көргөн ролун эскиртпей улам жаңылап турганында болду. Мукемин ченебегендей кымбат бул артыкчылыгын кийин Мукемин өзү жокто, 1975-жылдын декабринде «Атанын тагдыры» 500-ирет Кыргыз мамлекеттик драма театрында коюлуп жаткан учурда куса болуп эскердик. Чоң өкүнүч, ич жылыткан сыймык менен эскергенбиз. Беш жүздөн кийин дагы далай коюлду.

Мукем менен алгач чыгармачылык иш баштаганыман, театрга адеп аралашканыман анча-мынча айтып өттүм. Кийин Мукем менен ынак болуп кеттик, бирге көп жүрүп, көп баарлаштык. Сыр түшүнүштүк. А кишини эстеген сайын, театрга болгон кумарлануусу чексиз, артисттик өнөр үчүн кара жанын садага чапкан зор таланттын башкаларга окшобой дуңкуюп жай баскан карааны дайыма көз алдыма келип, күркүрөгөн үнүнүн берекелүү дабышы кулагыма угулат.

1936-жылы жыйырма жети курагында Мукем «мугалим болуп, бала окутам» деген тилек менен алыскы Чаектен Фрунзеге жөө келип, эңсеген педтехникумду таппай жаңылып театрга туш болгон экен. Көрсө, Мукем а кезде дүйнөдө бир гана окуу, мугалимдин окуусу болот деп ойлоптур. Жаңылса да жакшы жаңылган, кесибин туура тапкан. Арип таанытып бала окутпаса да, артисттик өнөрү менен адамдарды кооз жашоого, таза ниетке, эстетикалык сулуулукка үйрөтүп кетти.

*     *     *

«Атанын тагдыры» театрда коюлганы мактоо башталды. Пьесаны да, өзүмү да мактагандар токтободу. Тааныган, тааныбагандар көчөдөн жолуксам – көчөдөн, театрдан жолуксам – театрдан, кайдан жолукпайын жадырап-жайнап, куттук айтып мактап турса, адегенде оңтойсузданчу элем, бара-бара жактырчу болдум. Кыздар өтүп баратып «автор» дегенин кулагым чалса, укмаксан болгонум менен ичимен кымылдап кыйынсынып калам. «Шашпагыла, колума тиерсиңер» дегим келип, өзүмөн өзүм кубаттанам. Тааныш, чала тааныш, тааныш эмес достор көбөйдү. Чолок көчөбүз (переулок) Атбашы, 21ден киши өксүбөйт. Түгөнбөчүдөй сезилген акчабыз жада калса костюм сатып алганга жетпей, жок калганына өкүндүк. Душманым жок деп жүрсөм, кылдан кыйкым таппай жаманаттылагандар, жалаа издегендер, ичи тар көрө албастар четтен чыкты. Алар башка жактан келген жок, адабиятка менин «тиешем» жок кезде анча-мынча жазгандарын бирди-жарым гезиттерге жарыялата коюп жүргөн өзүмүн эле курбу-курдаштарымын, жазуучулардын арасынан чыкты.

Мактоону, авторлордун катарында болушумду алар мага ыраа көрбөдү. Андайларга куйкам курушту, ыза болдум, каным кайнады! Ошентип күйүп-бышып туталанып жүргөн күндөрүмдүн биринде Абийир атамын мен бала чакта бирөөнүкүндө, кимдики экенин унутуп калыпмын, кадыр-барктуу аксакалдар менен отуруп: «Ичкиликтин масы таркайт, мактоого мас болгон оңбойт, көзүн май басып калат» дегени эсиме түштү. Ызаны ызаланып басууга мүмкүн эместигин билсем да аны унутуп, ызага алдырып баратканымы түшүндүм. Ошондо мага асылгандар менен акыйнектешип кор болбоюн деп, аларга теңелбей өзүмү өзүм тыйдым. Санаам тынчып, жыргап калдым. Душмандарыма салам бергенден иренжисем да алар асылган сайын чыйралып турганга көндүм.

Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” китебинен үзүндү.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз