Алдашев менен Жакиевдин алгач таанышуусу

  • 26.04.2021
  • 3687

Абдулхай Алдашевич менен таанышканым да бир кызык. Кыйла жыл илгери «Кыргызфильм» киностудиясында редактор кезим, Москвага командировкага бардым. Ичкерде окуп, ичкерде иштеп калган курдаштарым Искаков Сакен, Тургунбаев Сталь экөөнү түштө «Өзбекстан» ресторанына алпардым. Кезек күтүп туруп ичине кирсек, бир столдо тулку бою кучак жеткис жазы, ийни менен башын бириктирип койгондой мойну жок, семиз киши жалгыз отуруптур. Анын кыргыз экенин кайдан билиппиз!

– Здрасте, – дедик.

– Здравствуйте, – деди тиги киши.

Орусчаны бизден түзүк сүйлөгөн неме го дедим тиге угуза.

– Места свободны? – дедик.

– Да, свободны, – деди жоон киши.

Отуруп баратып курдаштарыма:

– Көлтөйөт да, я? – дедим тиге дагы угуза.

– Айтпа! Былкылдаган эле май экен.

– Көлтөйөт эле, көлтөйөт. Түндүк муз океаны жактагы элден болуш керек, тюлень жеп семирген да. – Өзүбүзчө башканы сүйлөшкөнсүп, шек алдырбай тиги бечараны шылып аттык.

– Түркмөнстандын ысыгына алпарып эритким келип кетти да, я!..

– Тюлень оңой менен эрибесе керек...

А киши кенедей шек санабагандай көлтөйүп отура берди. Сөзүбүзгө көңүл буруп койбоду. Балээнин көңүл бурганыбы «түшүнбөсө». Официантка кагаз-карандашын белен кармап, жаныбызга келип туруп калды. Мен меню карамыш болуп отуруп, жолдошторума угуза:

– Көлтөйөт эле, көлтөйөт, – десем официантка:

– Что вы сказали? – деди бүркөлүү кабагын ачпай.

– Ничего, не вам, – дедим да менюну көлтөгөйгө сундум. – Я уже заказал, – деди ал. – Көлтөйөт эле, көлтөйөт, ой, – деп жөн айтпай овонго салып койсом, Сакем менен Сталь:

– Көлтөйөт эле, көлтөйөт, ой, – деп овонго салып, «дуэт» кылып «ырдап» жиберишти.

Экөөнүн тең үнү жакшы, отуруштарда ырдап жүргөн жигиттер. Экөө «дуэтин» аяктаганда, көлтөгөйүбүз «хорошо поют» деп алакан чапкан болуп койду. Аңгыча тамагыбыз келди. Сухой вино алганбыз, куюп тиги кишиге сундум:

– Угощайтесь.

Жок дебеди, «спасибосун» айтып, винону колуна кармады. Ичтик. Көлтөгөйдүн тамагы биздикинен кийин келди, чамасы, кавказ шишкебеги кечигип бышкан болуш керек деп ойлодум. Графинге куйган эки жүз граммдай арагын үч рюмка сурап алып, төрткө бөлүп куйду:

– Молодые люди, я с радостью с вами поделюсь, поэтому я не отказался от вашего угощения, и вы тоже не откажите, пожалуйста...

– Ой, бу жөн билги көлтөгөй го... – дедим да рюмкаларды кагыштырып ичип, сыртка чогуу чыктык.

Көчөдө орусча кобурашып бастык. Көп өтпөй «Петровский пассаж» аталган кырка дүкөндөргө жанаша жолго жеткенибизде, тиги киши токтоду да:

– Эми, жигиттер, жакшы баргыла, мен быякка... – дебеспи кыргызча.

– Көтөк! Кыргызча билесизби?! – деп жиберипмин бакырып.

– Кыргыз болсом кыргызча билем да, – деди тиги киши токтоо.

– Э, кокуй, ит болгон турбайбызбы! Кимсиз деги?!

– Кесибим мал доктур. Өзүбүздөгү айыл чарба институтунда сабак берем. Быякта докторантурадамын. Буюрса, эки-үч айдын аржак-бержагында жактап каламбы деп турам. Аты-жөнүм Алдашев Абдулхай дегенде, мен бир аз бүшүркөй түштүм да:

– «Гулливер алптарда», «Гулливер лилипуттарда» деген китептерди которгон Алдашев сизби? Бала кезде баш көтөрбөй окудук эле – десем тиги киши:

– Ии, ошондой деген гана жупуну жооп айтты. – Дале которсом дейм, чолоо тийбейт...

Абдулхай Алдашевич менен ресторанда ушундай «жосунсуз жорукта» таанышканбыз. А кишинин ордунда акылы бөксө башка бирөө болгондо, бизди эзели элдешкис душман кылып алмак. Андай болгон жок, жүрө-жүрө Абдулхай Алдашевич менен ынак болуп кеткенбиз. Сөзмөрлүгү, билимдүүлүгү бизди магнит сымал өзүнө тартып турчу. Анын кыйындыгын көрө албаган окумуштуу сөрөйлөрдү Абдулхай Алдашевич капарына алчу эмес. Мүмкүн, анысын билгизбей ичинен сызган күндөрү болгондур? Териккенин, бирөөлөрдү жамандаганын көрбөпмүн.

Мындай мүнөз акылмандуулуктун белгиси. «Өзбекстан» ресторанында биз шылдыңдап ырдаган көлтөйгөн тулку-бой бүт эле кенендиктин, акыл-ойдун конушундай туюлат азыр мага. Абдулхай Алдашевич кийин көркөм котормого кайрыла алган жок окшойт. Үч том роман жазды. Ата Мекендик согушка катышып, атасынын куугунтукталышынан арылбай азап-тозокту башынан көп өткөргөн. Романы согуш темасына арналган. Чыгармадан көздү алачакмактаткан кызыл кыргынды күткөн окурманга бул роман жакпашы мүмкүн, анткени согуш жок анда. Согуш жөнүндөгү, согуш алааматына байланыштуу пейил-ниеттин, тагдырдын, аң-сезимдин өзгөрүшү, оош-кыйышы жөнүндөгү ой-толгоо бул роман.

Буга чейинки чыгармаларда көңүл бурулбаган ушул өзгөчөлүгүн, ошондой эле тил байлыгын баалап, үчилтиктин авторуна Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреат наамын ыйгарганбыз. Абдулхай Алдашевичтин уулу Алмаз Алдашев молекулярлык химия, генетика илимдери боюнча эл аралык атагы бар өтө таланттуу окумуштуу, академик. Америка Кошмо Штаттары, Улуу Британия, Германия, Япония, Голландия, Чехия, дагы далай өлкөлөрдүн көрүнүктүү окумуштуулары барктаган, алар менен өнөктөш, илимий ачылыштар жасап турган кезинде, өмүрү кыска экен, 2016-жылы дүйнөдөн өтүп кетти.

Бексултан Жакиевдин “Өмүр өтөт билинбей” китебинен үзүндү

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз