О`Шакир: Чуу жараткан «Адам+»  эмне үчүн жазылган?

  • 01.10.2021
  • 3211

Автордон сөзжүлгө

Балам дейм аны. Бирок ал менин устатым. Ал менден кыйла кичүү. Жан этимден бүткөн тун балам. Ошентсе да мен көрбөгөндү көргөнү үчүн устатым болуп калды. Тагдыр башыма салган мындай сыноо – көзүмдү да, көөдөнүмдү да ачты... Балам аркылуу дүйнөгө көзүм ачылды. Адам дүйнөсүн тааныдым.

Өз баласы, өз кызы менен дос болуу ар бир ата-эненин колунан келет. Тек, дос боло алышпайт көбү. Менин өз балдарым менен болгон достугум алардын тили чыккандан эле башталган. Бирок жеткиликтүү достук мамиле кура албаптырмын. Чындап сыр бөлүшүп, чындап түшүнүшпөй келиптирбиз... Муну кеч түшүндүм!

Көрсө менин баласаактыгым эле болбосо, балдарым менен достук мамиледеги кылдаттыгым жок экен. Баарына үстүртөн карап келген окшодум. Кийин баамдадым муну. Алардын тереңде катылып жаткан сырын айттырууга көпүрө болуп берер достук мамиле кура албаптырмын. Бирок буга кейибейм да, өкүнбөйм, тек башка ата-энелерге экмет болор дегеним го...

Башка эне-аталар эске алсын үчүн «Адам+» аталышындагы чыгармамды толгонуп жүрүп жаздым. Көзүмө жаш үйүлүп, далай мерте жүрөк сыгылды. Ич өрттөндү. Жандүйнөм тытылды. Бирок «кудайдын кылганына кубарыңдын акысы барбы» дегенден бөлөк не дей аласың? Өзгөчө кыргыз коомунда...

Адам дүйнөсүнөн кабары жок көпчүлүккө жат көрүнгөн трансгендер адамдардын тагдыры өз баламдын маңдайына жазылганын кайдан билиптирмин. Телегейим тегиз: чырактайынан кызым деп бапестеп өстүрдүм. Кийин эле бой сунган сайын чүнчүп кетти, жандүйнөсү табышмакка айланды. Болгондо да колуктум жарык дүйнө менен кош айтышып кеткенден кийинки баары кошул-ташыл кайгы-кесирет эле бул...

Анан эле тагдыр мени бир күнү союл менен башка уруп, балам аркылуу дүйнө тааныдым. Дүйнөнү башка терезеден кароого мүмкүн болду. Мурдагы өз дүйнөм тар экенин, караңгы экенин жан этимден бүткөн балам туюнтту мага. Көрсө, башыңа улуу трагедия келмейин, кайгы-муңду жон териң аркылуу сезмейин, өз чегиңден ары эмне дүйнө бар – түшүнүк чегибизден чыкпайт экенбиз.

Атам замандан бери улуу чындыкка кайгы-муң, көз жаш аркылуу жетет турбайбызбы э, түгөт. Жашооң шатыра-шатман көңүлдүү кезде, телегейиң тегиз экенинде текеберсинип, менменсинип жашайт экенбиз адам аткырың. Мурундан аркы чындыкты шаңыраңдап жүргөн кезиңде көрбөй, качан гана Улуу Кайгы (О атыңдан кагылайын УЛУУ КАЙГЫ) башыңа түшкөндө – жүрөгүң жумшарып, көз жаш аркылуу дилибиз тунат окшойт. Көрсө, көз жаш аркылуу гана дилибиз дирилдеп: көз жаштай таза, көз жаштай мөлтүлдөгөн тунук жандүйнөгө жетет турбайбызбы. Көз жаш – жандүйнөбүздүн гигиенасы, көз жаш – чындыктын ачкычы, көз жаш – мээримдин мөөрү экенин, көз жаш аркылуу гана боорукерлик касиетибиз ойгонорун мага балам үйрөттү!

Баламдын көз жашына түшүнгөндөн кийин, мен да көз жаш аркылуу улуу чындыкты тааныдым!

Ал чындыкты телегейим тегиз кезде, жашоом шаңдуу, көңүлдүү, кайгы-капам жок кезде тааныган эмесмин. Тааныгым да келбеген. ЛГБТ коомун мен да жек көрчүмүн. Гейлерди көрсөмбү – тишим кычырап, жаткыра чапкым келчү. Алардын жүрүм-турумунан сетиркеп, алардын жашоосу мага жийиркеничтей көрүнчү. Алар мен үчүн обу жок тайраңдап жүргөндөй, Батыш элдеринин таасиринен чыкпай, муну бир модалуу жашоо стили кылып алышкандай көрүнчү. Муну айтып отурсам көп сөз...

Анан эле баягы телегейим тегиз, жашоомо шүгүр кылып жүргөн “бактылуу” кезимде, чырактай кызым чүнчүп кетти. Өзү чыканактай. Бирок балалык бактылуу күнүнөн наристе болуп туруп ажырап калганы – кандай эне-ата үчүн жеңил болсун...

Кээде ата-эне үчүн өз баласынын чыргоологон чырын, кыял-мүнөзүн көтөрүштүн өзү эле канчалык оор?.. Бирок өз балаң ЛГБТ өкүлү экенин уккандын өзү андан эки эсе, үч эсе... он эсе оор болуп турганда, ЛГБТ феноменин түшүнбөгөндөрдүн жек көрүүсүнө кабылгандан өткөн кордук жоктур... Ансыз да ырбап жүргөн жаратымды тырмагандар досторумдан, жакын адамдарымдан, тааныш-билиштеримден чыкты. Алар текеберсинип, менменсинип ачык да, көмүскөдөн да табалап турушту.

Айрыкча “Азаттык” аркылуу трансгендер уулумдун тагдыры тууралуу коомчулукка ымандай сырымды ачык айтып чыккандан тарта, соцтармактарда башымдан ылдый жугунду төккөндөр арбыды. Бирок дал ошол адамдарга бүгүн миң мертебе ыраазымын! Бул менин ак дилден айткан мөл сөзүм, мөл сезимим...

Алар болбогондо – чыйралбайт элем, кайратым курчубайт эле. Уңулдап-уңшуп ыйлап жүрүп өтмөкмүн. Чүнчүмөкмүн. Текеберсинген, менменсинген досторумдун, душмандарымдын табалаган мамилеси мени Улуу Кайгыга алып келди! Көз жаш аркылуу анан гана жандүйнөм тунарып баштады. Сабыр күтүүнү үйрөндүм. Көз жаш аркылуу бу жашоодо кыртыштуу дөңдөй былк этпес мүнөз күттүм. Башында, булактын көзүндөй чаңдаган жандүйнөм – акырындап тунду. Кудум булактын мөлтүр суусундай тунду...

«Адам+» аталышындагы чыгармамды ошондо гана баштадым. Баламдын достору – ЛГБТ чөйрөсүнө жакындан аралашып баштадым. Өз жанынан кечмек болуп кан тамырынан тамтык калбай кыйылган балдар, кыздар боорума жабышып сүлкүлдөп ыйлап, кургурларды өздөрүнүн ата-энелери үйлөрүнөн кубалап жибергени аз келгенсип, жалпы коом да аларды жек көрүп, аларды адам сыягына кошпогон түркөйлүгү, караңгылыгы күч экени жаныма батты.

Мен чыныгы Адамгерчиликти ЛГБТ адамдарынын арасынан көп кезиктирдим. Алардын көз жаштан арылбаган жашоолорун биз түшүнбөйт экенбиз. Аларды Кудай-таала ушундай жаратып койгону үчүн эмнеге жек көрүшүбүз керек?! Алар эмне, жатында жатып Кудайдан ушундай болуп төрөлүп түшүүнү тиленди дейсизби?! Жок!

Биз аларды жек көргөн үчүн – кайсы бирин өз жанынан кечүүгө түртөт экенбиз; биз аларды жек көргөн үчүн – баңги затын сайынууга түртөт экенбиз...

А мен жеке өзүмө келсем, балама болгон сүйүүм мурдагыдан да артып, мен анын жандүйнөсүн түшүнгөндөн тартып – ал менин көзүмдү ачкан устатыма айланды. Көрсө ал наристе күнүнөн эле өзүнүн гендерлик иденттүүлүгүн издеп келгендиктен, анын рухий сепили меникинен кыйла бийикке өсүп кетиптир!

Өмүрүмдө адам дүйнөсүн тааныйм деп окуп келген канчалаган адабияттар мынчалык көзүмдү ачкан эмес эле мурда. Көрсө менин уулум чыканактайынан эле эч бир жогорку окуу жайдын босогосун аттабай туруп, академиктер, докторлор, профессорлор бере албаган билимди өз кайгысы, көз жашы аркылуу эбак тааныптыр! Көрсө аны бала күнүнөн берки далай мерте шорлоп төккөн көз жашы ушул бийиктикке көтөрүптүр. Көз жаштын шору аркылуу балам эрте жашынан философ болуп калганын – мен аны менен чыныгы сырдаш доско айланганда гана түшүндүм.

Агер мен анын жан сырын түшүнбөй, башка ата-энелерге окшоп “менин сендей кызым жок” деп үйдөн чыгарып салганымда, ал мүмкүн асынып өлүп жаны тынмактыр же ызасын жеңе албаган кургурум ичкиликтен башы чыкпаган же баңгизатка көзкаранды бир шордууга айланмактыр эбак. Себеби анын досторунун тагдырын билем...

Китепти сатып алууну каалоочулар береги +996 700 532 585 ватсап номурга байланышсаңыздар болот! Бишкек шаары боюнча «Адам+» китебин Сиз суранган дарекке жеткирип берүү мүмкүнчүлүгүбүз бар!

Сөз соңунда «Адам+» повестимдин жарыкка чыгуусуна финансылык колдоо көрсөткөн «Smart Жаран» ассоциациясына жана Эларалык адам укуктарын коргоп келаткан уюм – «Норвегиянын Хельсинки комитетине» терең ыраазычылыгымды билдирем! О.э. аталган чыгарманы окурмандардын кеңири катмарына жайылтууга көмөктөшкөн белгилүү укук коргоочу Эркин Убышева менен Сайкал Маликке, чыгарманы орус тилине оодарган белгилүү котормочу Толкунбек Турдубаевге эбегейсиз ыраазычылык!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз