O`Шакир: Кең ааламда кысылган жан

Табият менен адам көңүлү кадимден ээрчишкен эгиз тура. Тоо-таш, түзөңдү туман чалгандай, адам жандүйнөсүн да туман орой коймогу бар. Адам дүйнөсүн баскан туман, табияттын туманындай тез таркап кетер болсо кана. Анардын көңүл-дүйнөсүн ороп-чулгаган туман күндөн күнгө, айдан айга эле эмес, жылдарга создукту. Үч жылдан артык убакыт убайым-санаа басты аны...

Табиятты үч эле күн туман чалсынчы, жан-жаныбар, адам баласын курутуп иймеги бар: жер уюгун издетет. Издеген жолуңдун учу кайсы – аягы-башы жок. Карайлап, төбөңдөн Күн менен Ай көрүнбөсө, жерди айланчыктап жүргөнүң жүргөн. Адашкан жолуңдун багыты жок.

Анар өз көңүлүн өзү таппай жүрдү. А өзү таппаган көңүлдү атасы кайдан тапсын. Ал кудум эле чылгый тумандын ичинде оролуп калгандай сезди өз дүйнөсүн. Жылт эткен жарык көрүнбөгөн дүйнөсүндө чүнчүгөн Анар жол издеди.

Апасы тирүү кезинде ал тумандан чыгар жол табыларына ишенчү. Туюктагы ымандай сырын айтса эле, апасы аны жарык жолго салып койчудай ишеними бар болчу. Бирок ал күнгө жетпеди. Кокусунан бир күнү Жанар экөөнү атасы сыртка ээрчитип чыкты.

Сыртта караңгы түн болчу. Көпкө дейре толгонуп, сөздү эмнеден баштаарын билбеген атасынын үнү каргылданып чыкты:

– Эх, куруган жашоо... – оор үшкүрүнгөн атасы Жанар экөөнү кыса кучактап ыйлап жиберди. – Экөөңө айтпай келдим эле... Бирок бүгүн айтпаска аргам калбады. Апаңардын оорусу... – үнү буулуп калды атасынын. Анардын да, Жанардын да жүрөгү бир шумдуктан кооптонду. Узактан бери оорудан кутулбаган апасын аяп жүргөн алар. Экөө бала болсо да дүйнө аңтар-теңтер оодарылчудай жүрөктөрү копшолду. – Апаңардын рак оорусу өтүшүп барат...

... Ошол каргашалуу түнү апасынын дартын уккан Анар өз көңүлүн ороп-чулгап жүргөн тумандуу ойлорун апасына сыр кылып айтууга оозу барбады. Кыңкыстап оору менен алышкан апасы төшөктө чабалактап жатса, кантип айтмак... Өмүрү менен кош айтышарына саналуу күнү калган апасын тиги дүйнөдө тынч жатсын деди.

Эрдин кымтыланып, үн чыгарбай ыйлаган адат тапты ошондон кийин. Ошондон кийин анын дүйнөсүндө туман пайда болду. Тумандуу ойлор ороп алды. Ал туман кээде таркап, кайра тез эле чулгап алат.

Эмнеге айланасында өзүнө окшогон адамдар жок? Эмнеге?! Бул суроо аны тумандуу ойлорго камап таштады. Эмнеге ал өзүн өзү жек көрөт? Эмнеге?! Эмнеге жарык дүйнөнү кээде жек көрөт да, кээде сүйөт?

Ал өзүнүн түшүндөгү дүйнөсүн гана сүйөт. Түшүндө көргөн денеси, өз үнү ага ушунчалык жагымдуу. Жарык дүйнөнү ал кээде магдырап көргөн таттуу түштөрү үчүн гана сүйөт.

Кенедейинде ал, сыйкырдуу дүйнөгө ишенчү. Уйкудан ойгонсом эле; дене боюм түшүмдө көргөндөгүдөй өзгөрүп калса деп тиленчү. Болбосо эмнеге түшүндө дайыма эркек балдар менен ойнойт? Мүмкүн качандыр бир күнү кудум эле түшүмдөгүдөй болуп калгысы бардыр деп кыялданчу. Эрте таңдагы уйкулуу көздөрүн кайра жумуп жата берчү.

Кээде түндө көргөн түшү кайра уланып кетпесе да, бирок түшүндө өңчөй эркек балдар менен кыткылыктап күлүп, чурулдашып ойноп, өзү сүйгөн өз үнүн укчу. Өз денесин кармалап, өзү эңсеген денеге ээ кылганы үчүн Кудайга алкышын жаадырчу. Түшүндөгү өз денеси үчүн дүйнөсү түгөл боло калчу. А бир убакта эле ойгонуп кетсе, баары мурдагысындай... Мурдагысындай көңүлү чөгүп, мурдагысындай эле жан кишиге айта албаган туюк сезими тумандай ороп алчу.

Мектепке бара элек кези. Бир курдай ал апасын кыса кучактап өөп, сыйкырдуу дүйнө жөнүндө сурады:

– Апа, Кудай бу дүйнөдө тилегениңди орундатабы?

– Ооба, кызым... Сөзсүз орундатат. Кудай эмнени тилесең, ошону берет.

Анар он үч жашына чейин ушул ишеним менен жашап келди. А бирок чоңойгон сайын Кудайдан тилегени эч эле оорундалбады. Көңүлүндөгү алдамчы тумандын арасында калды. Апасы өлгөндөн кийинки үч жыл ичинде ал көңүлүн орогон чылк тумандын арасынан кантип чыгарын билбеди. Канча ирет өз жанын кыйгысы келбесин, бирок атасы менен Жанарды айайт. Ал экөөнүн чыркырап, боздоп каларын ойлогондо, кайра эле кычырата тиштенип отуруп калат.

Кенедей кезиндеги сыйкырдуу дүйнө жогуна көзү жетти, Кудай тилегениңди сөзсүз орундатарына да ишеними өчүп баштады...

Айыз келген учуру – анын өз денесине болгон жек көрүү сезимин күчөттү. Өз денесине жийиркенчү болду. Айыз – этек кир экенин уккан ал. Ошол шумдук келген сайын маанайы чөгүп, жан мүчөлөрүнүн бирин калтырбай бырчалап салгысы келет, колу барбайт. Өз денесин өзү бычактап кесип сала алса кана. Ал тургай коомдук жайларда корунганычы. Автобус-троллейбуска отурса дагы өз үнүн уккусу жок. Үндөбөй кете берет. Бирөө-жарым суроо узатса, жооп айткысы келбейт.

Кокус шаар ичинен керектүү даректи издеп калар болсо, анык азап ошол. Өткөн-кеткен бейтааныш адамдардан да даректи суроого батынбайт. Оозун ачса эле кыздыкындай чыйылдаган өз үнүн укканда – маанайы бузулуп, өзүнө өзү кыжырланат. А кээде чоочун адамдарга дудуктан бетер жандап сүйлөйт.

Өзүн өзү өзгөртүүгө кудурети жетпеди. Баары кудайдын кудуретинен экен. А өзүнүн кудуретичи – чачын тысырайта кырктырып алганга гана жетти. Башка мүчөлөрүн да чачын кырктырып алгандай болсо кана...

Анарды күндөн күнгө убайымга салган жаңы мүшкүлү – эки эмчеги. Анысы өз мүчөсү эмей эле көкүрөгүнөн ажыдаардын эки баштуу баласы баш багып келаткандай тынчын алат. Экөөнүн башын мыжыга-мыжыга кармап, жулуп алгысы келет. Ооруйт. Мыжыгып эзип, жок кылып салсам дейт.  

Көкүрөгүндөгү тирсийген эки баштуу ажыдаарды өстүрбөй кармоонун аргасын издеп, амалы куруду. Көкүрөгүн жоолук менен тысырайта байлап таштоодон бөлөк арга таппады. Ага болбой эки эмчеги тирсийип өсө берди.

Анар, өз денесинин душманына айланды. Жок. Өз денеси анын келишкис душманына айланды. Өз денеси өзүнө баш ийбеген душмандай баш көтөрдү. Жоолукка таңылган эки эмчеги тирсийип өскөндөн баштап, анын дүйнөсү капкараңгы туманга чулганды. Тумандан чыгар жол барбы эми?..

Денесин жууганы душка кирет да, сууну шарылдатып агызып, жан кишиге угузбай буркурап ыйлайт. Өз денесине өчөшкөн ал турсийин чечпей, эмчек кабын чечпей жуунат. Өз денесин көргүсү келбеген кургур көзүн чылк жумуп алат.

Өз денеси ага Кудайдын аёосуз жазасы сыяктуу...

(O`Шакирдин "Адам+" аттуу повестинен үзүндү)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз