Сэм Макбратни: «Мен сени кандай жакшы көрөм билесиңби?»

  • 09.10.2021
  • 0

Жатып уктоочу мезгил да келген, коёнек энесинин уп-узун кулактарынан кармап өзүн көздөй чойду. Анткени апасы аны сөзсүз угуп жатканын билиши керек эле.

— Мен сени кандай жакшы көрөм, билесиңби?

— Албетте билбейм, кичинекейим. Аны мен кайдан билмек элем?..

— Мен сени момун-дай жакшы көрөм! — коёнек кулачын кенен-кенен жайды.

Бирок энесинин кулачы аныкынан чоң да.

— А мен сени момун-дай, — деди ал да кулачын кенен жайып.

«Ух, кандай чоң», — деп ойлоду коёнек.

— Анда мен сени момун-дай жакшы көрөм! — ал бутунун учуна тура калып колун боюнун жетишинче бийик көтөрдү.

— А мен сени момун-дай жакшы көрөм, — деп боюн түзөдү энеси да тура калып.

«Ого, кандай бийик, — деп ойлоду коёнек. — Менин боюм мындан да чоң болсо ээ!»

Ушул жерден коёнектин башына бир жакшы ой келди: ал оңколоп барып, арткы шыйрактарын бакка жөлөп, башын ылдый каратып, алдыңкы шыйрактары менен туруп калды!

— Мен сени арткы шыйрагымдүн согончогу жеткидей жерге чейин жакшы көрөм!

— Мен да сенин арты согончогуңа чейин жакшы көрөм, — энеси аны белден кармап бийик көтөрдү.

— Анда... андабы... Билесиңби, мен сени кандай жакшы көрөм?.. Момун-дай! — коёнек жүгүрүп күүлөнгөн боюнча бийик секирди.

— А мен сени момундай жакшы көрөм, — энеси коёнекти жылмая карады да, ушундай бир секирди дейсиң, кулактары карагайдын бутактарына чейин тийди!

«Кандай бийик секирет! — деп ойлоду коёнек. — Мен да ушундай секире алсам!».

— А мен сени мобул жол чоң сууга чейин жеткенче жакшы көрөм!

— А мен сени — ал суудан ары жактагы тээтиги дөңсөлөргө чейин жакшы көрөм...

«Ой, кандай алыс», — деп оозун чоң ачып эстеп койду коёнек. Эми ал эмне деп айтаарын билбей калды. Аңгыча бадалдардын арасынан жылдыздуу асманды көрө койду. Асмандан бийик эч нерсе болбойт да!

— Мен сени айга чейин жакшы көрөм, — деп шыбырган коёнек көздөрү жумулуп, уйкуга жетеленип баратты.

— Ой-ий, ошончолук алыспы... — Энеси коёнекти жалбырактан салган төшөгүнө көтөрүп жаткызды.

Ал коёнекти кучактап жанына жатты да, анын кулагына шыбырады:

— Мен дагы сени айга чейин жакшы көрөм. Айга чейин анан кайра кайтып келгендей...

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз